Сүрөт баян: "Барселона" легендалары" менен "Азия легендаларынын" беттеши

Бишкекте ат оюн десе Пишпекте тыгын, футбол десе борбордо тыгын. Эми кабелтең убадалар ишке ашып, капсулалар салынган бойдон калып эле калбаса анын баары жакынкы жылдары зыңкыйган жаңы жайларда өтүп, укмуш эле болуп калат. Ошентип оюн болот деген күнү садионуна дагы, академиясына дагы капсула салынды. Ак жолтой болсун! Тезирээк ишке ашсын деп туралы. Эми кеп кенен баянда...

“Барселонанын” ардагерлери Кыргызстанга келе жатканын угуп, мен дагы борбордук стадионго бардым. Бишкек милициясы түшкү саат үчтөн баштап эле айрым көчөлөргө чектөө киргизе баштаган экен, дароо унаа тыгыны күчөдү. Барселона деген деле киши жок, бир ооздон Барса, Барса деп эркелетип жүрдүк...

Стадиондун алдында соодагерлер соодасын кызытып киришти.

Стадиондун ичинде эл чогула баштаган экен. Оюн башталганга чейин келгендерге чакан концерт эрмек болду.

“Барселонын” күйөрмандары Кыргызстанда көп эмеспи, айрымдары жакшы көргөн клубунун футболкаларын кийип келишкен экен. Бир топтору бул оюнга кийит камдагандай эле атайын даярдандык деп жылмайышты.

“Барселона” ардагерлери денесин жибитүүгө киришти.

Азия легендалары да катардан калган жок.

Оюн башталганы калды, оюнчулар аянтка чыгып, алардын арасында көпчүлүк күткөн Карлес Пуйоль да чыга келди.

“Барселонын” ардагер чабуулчусу Савиола

Бразилиялык Ривалдону көпчүлүгү дароо тааныды.

Азия легендалары.

Эдгар Давидс менен Карлес Пуйольду көргөнүнө Кыргызстандыктар өзгөчө сүйүнүп турушту.

Азия легендалары командасынын өзгөчөлүгү - анын курамында президент Садыр Жапаровдун аралаша жүргөнү болду окшойт.

Стадион толук, эмес футбол оюнун баштай берсе болот.

“Барселона” оюндун башында эле демилгени алып, чабуул артынан басымды күчөтө берди. Президент Садыр Жапаровду “Барселона” ардагери Карлес Пуйоль бутадан чыгарбай бекем кармап жүрдү.

25-мүнөттө Садыр Жапаров алмашууга кеткенден кийин, “Барселона” чабуулун күчөтүп жүрүп алгачкы голун киргизди. Голдун автору Ривалдо болду.

Көрүүчүлөргө оюн кызыды окшойт. Аңгыча “Барселона” экинчи голун киргизди.

Азия легендалары экинчи таймда чабуулду күчөткөнгө киришти.

Аңгыча “Барселона” Савиоланын жардамы менен үчүнчү голду киргизип оюнга чекит койду.

Оюн аяктады эсеп 3:0 менен “Барселонанын” пайдасында жыйынтыкталды.

Оюн жагымдуу маанай менен аяктап, оюнчуларды күйөрмандар көпкө коё бергиси келбей турушту. Катарыбызда президент ойноп жатат, утулуп койгула дебей, утулса да так оюн кылып жакшы кылды деп кужү-кужү түшкөндөрүн дагы кулак чалды.