Жол фонду: “айдоочунун эле чөнтөгү кагылат”

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда Транспорт министрлиги алдында түзүлгөн Жол фонду өз ишин баштады.

Жаныбек Койчуманов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Жаныбек Койчумановдун өкмөттүн жаңы демилгесине ичи чыкпай турат

Кыргыз өкмөтү бул фонд аркылуу жол инфраструктурасын тейлөөгө акча өндүрүүнү көздөйт. Бул үчүн кийинки жылдан тарта өлкөдө күйүүчү майга болгон акциз салыгы көбөйүп, айрым жолдор аркылуу өтүү үчүн төлөмдөр киргени жатат.

Жаңы демилге айдоочу жана жүк ташуучуларда нааразылык жаратты.

Жаныбек Койчуманов, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу:

“Шоферлор буга каршы. Акцизди көтөрүшсө ансыз да кымбат күйүүчү май кымбаттайт да. Ал барып шофердун чөнтөгүнө урат. Бир-эки сом болсо үй-бүлө бюджетинен акча кетет”.

Жаңы түптөлгөн Жол фондуна каражаттар эки булак аркылуу келип түшөт. Кыргыз өкмөтү күйүүчү майларга болгон акциз салыгын тоннасына 2 сомго көтөрмөй болду. Бир жылда эле андан түшкөн каражат 2,4 миллиард сомго жетери күтүлүп жатат.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы айрым жол каттамдарына акы киргени жатат. Адегенде эле альтернативдик маршруту бар трассаларга төлөм кирет.

жол

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз өкмөтү биринчи эле Түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы тоннель аркылуу өтүү үчүн акы караганы жатат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Нурланбек Кайынбаев, Транспорт министринин орун басары:

“Азыр курулуп жаткан түндүк-түштүк жолуна абдан көп каражат кетти. Ага сөзсүз түрдө акы төлөнөт. Азыр курулуп жаткан тоннелден акы төлөп анан өткөндөй кылабыз. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жеңил машиналар үчүн 150 сомдун, ал эми оор жүк транспорт каражаттары үчүн категориясына жараша 400 сомдон 600 сомго чейин болот.”

Кыргызстанда жол трассаларын пайдалануу үчүн акы алуу тажрыйбасы жаңы эмес. Буга чейин 2018-жылы Бишкек-Ош автожолундагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” өткөрмө пункттарында жергиликтүү жана чет элдик унаалардан акча алына баштаган.

Бирок 2020-жылы Каржы полициясы аталган посттун башчыларын коррупцияга шектеп кармаган. Тергөөнүн жүрүшүндө жең ичинен акча жеген деп Транспорт министрлигинин 12 кызматкерине айып коюлуп, мамлекетке 20 миллион сомдой чыгым келтирилгени аныкталган.

Андыктан жаңы түптөлгөн Жол фондусунун коррупциялык тобокелчиги тууралуу тынчсыздануулар бар.

Кубатбек Муктаров, эксперт:

 “Менин кооптонгонум коррупцияга дарбаза ачып салгандай эле болот. Буга чейинки тажрыйбадан көрдүк го. Мынабу Сосновка-Ошту карай кетип аткан жолдо ар бир бир жеңил машинадан 50 сомдон алып атышат го. Эми ошол ошондон Ошко бара жаткан жол оңолуп кеттиби? Транспорт министрлиги жол күзгүдөй болуп калды деп мактана алабы?”

Бишкек-Ош жолу

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек-Ош жолундагы Сосновка өткөрмө бекетиндеги автоматташтырылган система

Кыргызстан автоунаа жолу 34 миң чакырымды түзөт, анын 19 миң километри негизги трассаларга туура келет. Бирок өлкө алардын 40% гана бюджеттен бөлүнгөн акчага оңдоп-түзөй алат. Калганы сырттан келген гранттар эсебинен каржыланып келди. Бирок коронавирус пандемиясы башталганы жол инфраструктарысына карата сырттан жардам азайды.

1996-жылдан бери Кыргызстан жолдордун ремонту үчүн сырттан 2,5 миллиард доллар карыз алган.

Бул сумма - эгемендик алган жылдары Кыргызстан алган тышкы карыздын 60%.

Кыргызстанда 1,4 миллион транспорт бирдиги бар, анын 213 миңи - оор жүк ташуучу унаалар.