You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Блинкендин Борбор Азияга сапары Москвада шек жаратпай койбойт
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен биринчи расмий сапар менен Астанага барып, президент Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду. "С5+1" деген форматта Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Вашингтондун бул регион менен кызматташтык маселелери талкууланды. Блинкен Астанада ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен да жолугушту. Мамкатчы Астандан кийин Ташкентке барды.
Вашингтондун өкүлү "бул сапардын максаты АКШ ишенимдүү шерик экенин көрсөтүү, Борбор Азия экономикасындагы кыйынчылыкты көрүп турабыз”,-деп айтты.
АКШнын жогорку кызмат өкүлүнүн Борбордук Азия өлкөлөрүнө сапары Россиянын Батыш менен мамилеси ырбап, курчуган мезгилде болуп жатат. Би-Би-Си бул темада эл аралык саясат боюнча эксперт Чынара Эсенгул менен маек курду.
Би-Би-Си: Россиянын Украинага кол салганына бир жыл болуп, Батыш менен Москванын мамилеси ырбаган убакта АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азияга расмий сапар менен келгени бул региондун Москва менен мамилесине кандай таасир этет?
Ч. Эсенгул: Эми, албетте, бул жолугушуулар Борбор Азиянын Москва менен мамилесине терс таасир этет. Жалпысынан чектелүү болуп калат деген ойдомун. Анткени расмий жолугушуулардан сырткары, өзүнчө ички топтор менен да жолугуп, ачык сүйлөшүүлөрдө кандай натыйжаларга келгени Москвада шек туудурбай койбойт. Жаңыча сүйлөшүүлөр болуп, пландар түзүлгөнбү дегендей.
Ал жөнүндө мүмкүн кийин Россия менен Борбор Азиянын мамлекеттери эки тараптуу жолушууда ушул маселе да көтөрүлүшү мүмкүн: ЖККУга киргендиктен АКШ менен стратегиялык жактан кандай долбоорлор ишке ашып жатат деген. Орус тарабынан ушундай суроолор болушу мүмкүн.
Би-Би-Си: Москва касташып турган Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнүн, кызматташтыкты улантуунун Казакстан жана региондогу башка өлкөлөр үчүн кандай тобокелдиги бар?
Ч. Эсенгул: Эми ачык айтканда өтө эле чоң, күчтүү тобокелдик бар деп ойлобоймун. Анткени эки негизги себеп бар: өзүңүздөр билесиздер, Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Казакстан да Россияга абдан жакын болуп келген мамлекет. Керек болсо көз каранды болуп турабыз, экономикалык жактан болобу, маданият жактан болобу. Орус тилдүү жарандар Казакстанда деле, Кыргызстанда деле көп. Деги жалпысы "постсоветтик мурас" дейт го - ошол дагы эле бар. Ошондуктан, орустар менен биз тыгыз байланышта болгондуктан, биз көз каранды болуп турганыбызды ачык эле айтышыбыз керек. Бирок ошол эле замат АКШ деле кийинки 20 жылдын ичинде, 1990-жылдары башында жакшы баштады эле. Керек болсо Борбор Азиянын "Центральный батальон" деп армиясы күчтүү болуп, Борбор Азия мамлекеттери бир-бири менен жакын болгонуну ушул аймактык шериктештикти аябай колдошкон да. Андан кийин алыстап кетишти.
АКШнын бизге таасир эте турган көп деле инструменттери жок. Жакшы жагы, кандайдыр бир инвестицияларды, жаман жагы санкцияларды киргизебиз деген кептер болсо, анда бул жолугушуулар анын башталышы болуп жатышы мүмкүн. Россияга санкциялар киргизилгенден кийин Европа мамлекеттеринен келген импортко Кыргызстан жана Армения аркылуу, "көмүскө жол" деп коет эмеспи, башкача жол түзүп берип коюп аткандыктан, Батыш мамлекеттери аны жакшы көрбөйт.
Батыш жактан санкция киргизебиз деген коркутуу да болушу мүмкүн. Москва жактан, албетте, санкцияларды айланып өтүп кете турган жолдор Борбор Азия аркылуу болуп жаткандыктан, Россиянын кызыкчылыгы болуп кала берет. Өзгөчө Россиядагы олигархтардын жана коррупционерлердин.
Би-Би-Си: АКШнын БА өлкөлөрү менен "С5+1" деген форматтагы алакасы бар, анда экономикалык, экологиялык маселелер каралат эмеспи, бул механизм эми АКШ менен касташып калган Москва карап турганда кандай иштеши мүмкүн?
Ч. Эсенгул: Платформанын болуп турганы абдан жакшы. Биз эксперттер бул жөн эле диалог жана дипломатия үчүн деп келдик эле. Бирок дүйнөдө касташуу күчөп, кыйын абал болгондо, керек болсо үчүнчү дүйнөлүк согушка жакындап баратабыз деген кыйын кырдаал болуп атканда, мындай платформалар диалог эмес, конкреттүү бир чоң өнүгүү долбоорлорун жасаганга мүмкүнчүлүк түзөт.
Борбор Азия өлкөлөрү өнүгүп жаткан мамлекеттерге киребиз. Ал эми АКШ дүйнөдөгү биринчи экономика. Эгер ушул платформада АКШ инвестициялык долбоорду сунуштаса, азыр тарыхый жакшы учур болуп жатат. Бирок АКШ азыркы убакта Украинаны колдогон үчүн анын экономикасы, каржылык күчү ошол жакка кетип атат. Ошондуктан АКШ конкреттүү түрдө эмнени сунуштай алат, көп нерсе ошого жараша болот. Бирок аянтчалардын болгону жакшы, анткени ошону сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат.
Би-Би-Си: Вашингтондун өкүлү "бул сапардын максаты АКШ ишенимдүү шерик экенин көрсөтүү, Борбор Азия экономикасындагы кыйынчылыкты көрүп турабыз”, - деп айтты. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн санкцияга алынган Москвага кылчактабай, АКШ менен экономикалык алака-катышты улантуу канчалык маанилүү?
Ч. Эсенгул: Мааниси абдан жогору десек болот. Анткени биздин, ар бир борборазиялык мамлекеттин экономикасы жакшы өнүккөн эмес, кыйналып жатабыз. Блинкен-мырза жаңылык деле айткан жок, экономиканын кыйналып жатканын түшүнүп жатабыз, анткени биз Россия менен байланышып калгандыктан. Россияга каршы санкциялар киргенде биз аны инфляция болобу, мигранттардын акчасы азайганы болобу - аны канча сүйлөштүк, билесиздер, бир топ эле кыйынчылык алып келди. Бирок ошол эле замат эл кыйналганда жолдорун табат экенда, анан тапканда контрабанда болобу, туура эмес, мыйзам чегинен чыккан жолдор менен процесстер көбөйүп кеткенин Европа деле, АКШ деле көрүп турат да. Ошол үчүн ушундай нерсеге көз жабышат, анан чындыгында канчалык колдоо кылышат экономикалык өнүгүүнү же экологиялык маселелерди чечкенде.
Стратегиялык жактан суу, жер маселеси болобу же климат өзгөрүү болобу - айтор, АКШнын ар бирине технологиясы бар, тажрыйбасы, мүмкүнчүлүгү көп. Анан ошол жагынан чыныгы жардам берем десе, мурда айтып кеткендей, мүмкүнчүлүк болуп жатат. Бирок ошол эле замат экинчи тарабы, Европа мамлекеттери, мисалы, Казакстанды Шенген зонага кирерде "кара тизмеге" киргизди (1-марттан тарта күчүнө кирди). Ошондуктан Батыш мамлекеттеринен кызыктай сигнал келип жатат да. Бир жагынан коркутуп "орустарды өтө колдоп атасыңар, санкцияларды буйтап өткөнгө жардам берип жатасыңар" деген позиция болуп жатат, бирок ошол эле замат жакындоого чакыруу болуп жатат да. Бирок, Борбор Азия дагы прагматикалык [болуп калды], жактан көрдүк да кандай болуп калганын. Ошол үчүн конкреттүү түрдө АКШ чоң долбоор, чоң инвестицияларды сунуштаса - өзгөчө транспорт жагынан, жаңы транспортировка коридорлору ачылса. Анткени бүт товардын баары түндүк коридору аркылуу жүрчү. Анан ал жерге азыр санкция кирип, такыр токтоп калды да. Ошондуктан биздин товарлар дагы кымбаттап жатат да. Чыныгы, конкреттүү түрдө бир долбоорлор сунушталса, кийин көрөбүз, анда биз чын эле Батыш менен жакындашыбыз мүмкүн. Өзгөчө экономика жактан.
Би-Би-Си: Россияга салынган санкциялардан улам Борбор Азиянын экономикасы бара-бара Россиядан бөлүнө баштаганы жөнүндө билдирүүлөр болууда. Мындай тенденция канчалык күчөйт деп ойлойсуз?
Ч. Эсенгул: Эми бул тенденция бир топ эле күчөйт жана кайтпайт. Башка тенденция деле болбойт го, ушул нукта өнүгөт. Анткени биз түшүнүп жатабыз: Россия чоң изоляцияга туш болду, кийин дагы бул күчөйт, тилекке каршы бизге дагы терс таасирин тийгизет. Ошол үчүн биз эртерээк альтернатива издешибиз керек болуп жатат да. Аны биз мурундан бери эле эксперт катары айтып келе жатабыз, бирок мындай нерселер (мисалы, транспорттук коридорлорду айтып кетпедикпи) - биз Борбор Азиябыз да, Евразиянын ортосундабыз. Бир жагынан Кытай, бир жагынан Россия. Түштүк коридорлор дейт го - Ооганстан, Пакистан, Иран аркылуу кеткен жолдорду мурун көп карачу эмес экенбиз да. Азыр эң көп маани Россия экономикасынан көз каранды болбой, өзүнчө күчкө ээ болуш үчүн биздин товарларды чыгаргандан тышкары, ошол товарларды жеткирүү жолдору эң кыйын болуп калууда да.
Бул жерде бизде бир эле альтернатива болуп жатат, англисче "middle corridor" деп коёт же Каспий деңизи аркылуу орто коридор. Ошол вариантты абдан көп караштырып жатышат. Анткени Өзбекстан же Казакстан сыяктуу ири мамлекеттерде мунайзаттан тышкары дүйнөгө сунуштай турган товарлары көп эле. Бирок аны жеткиргенде баасы аябай көтөрүлүп кетти, анткени жолдор жок болуп жатат, кымбат болуп жатат. Бирок ошол нукта жылып атат, мисалы Транспорт министрликтеринин эксперттери менен сүйлөшсөк деле, геополитика боюнча эксперттери менен деле сүйлөшсөк: баары эле кантип тарыхый мүмкүнчүлүктү колдонуп, Россиядан көз карандуулукту азайтып, өзгөчө экономиканын, жаңы альтернативаларды издеш керек болуп жатат. Бирок ал бир күндө болобойт: ага чоң акча керек, чоң пландаштырылган инженердик чечимдер керек. Бирок ошол нукта бүт сүйлөшүүлөр жүрүп жатат да, менин билишимче.