You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан - АКШ алакасына келишим кедерги болдубу?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Элизабет Трюдо келди. Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги Трюдонун сапары басма сөз эркиндигин, гендерлик теңчиликти жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталган билдирди.
Америкалык аткаминерди президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кабыл алды. Жолугушуу Кыргызстанда сөз эркиндиги боюнча абал начарлап жатканы тууралуу укук коргоочулардын тынчсыздануусу айтылып жаткан учурга туш келди.
Трюдо айым Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан кийинки Кыргызстандын ачыктык саясатын кубаттап, өлкөдөгү сөз эркиндигинин баасы жана баркы тууралуу да учкай токтоло кетти:
“Сиз басма сөз каражаттарына, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, эл аралык уюмдарга ачык мүмкүнчүлүк бердиңиз. Биз Кыргызстандын регионалдык стабилдүүлүктү сактоо үчүн жасаган салмактуу, токтоо мамилесин жогору баалайбыз. Кыргызстан маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча региондогу жарык аймак болуп саналат”.
Трюдо айымдын сапары ошондой эле Кыргызстан-АКШ жаңы келишими тууралуу маселени кайрадан көтөрдү.
Быйыл май айында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулап, ал даяр болуп калганын билдирген.
“Биз эки тараптуу кызматташтык боюнча жаңы келишим тууралуу жакшы маектештик. Мен бул жерде элчи болуп иштеген убакыттан бери акыркы төрт жыл ичинде бул кызматташтык келишиминин үстүндө активдүү иштеп жаттык. Биз келишимди даярдадык жана ага кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Мен бул келишимдин үстүндө төрт жыл иштедим. Президент Жээнбековдун тушунда абдан кыйын болуп, президент Жапаровдун тушунда кыйла жеңил болду”.
2018-жылы 19-декабрда маалымат жыйыны учурунда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков дал ушул маселе боюнча Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген эле.
"Европага барып, баардык башкаруу институттарынын жетекчилери менен жолугуштум. Юнкер менен, Туск, Магерини, Таяни менен жолугуштум. Сүйлөшүүлөр болду. Жакшы жери бизди демократиялык өлкө, демократиялык принциптери бар деп бизге өзгөчө көз менен карайт. Жардам беребиз деп аябай колдоду. Азыр биз жаңы келишим даярдап жатабыз. Кечээ Буряни келип, аны менен эки жолу жолуктум. Ошол жардамды азыр ЕБР аркылуу да көбөйтө баштады. Таза сууга да жардам берет. Магерини айым кийинки жылы келет деген маалымат бар, ал келет бизге. Ошого чейин ушуну бүтүрөлү деп турабыз. Бул биздин кызыкчылыкта. Ал эми Америка боюнча мурунку келишмидер бардыгы жокко чыккан. Өткөндө мен ишеним граммотасын тапшырган учурда элчиси менен жолугуштум. Ошондо сүйлөштүк. Ошону алдыга койду. Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Буга убакыт керек. Ачыгын айтканда биздин өз кызыкчылыгшыбызды карайбыз. Бирок мурункудай болбойт. Буюрса чечилет",- деген эле Сооронбай Жээнбеков.
Бирок айрым эксперттер мындан олуттуу жыйынтык чыкпаганын айтып келишет. 2020-жылы Садыр Жапаров Европа өлкөлөрү жана АКШ менен мамиле мурункудан жакшы болот деп жооп берген эле.
Лу мырза анда президент Жапаров менен келишимди алдыга жылдыруу кыйла жеңил болгонун себебин деп түшүндүргөн.
“Жапаров көп векторлуу тышкы саясат эмне экенин түшүнүп, Кытайдан, Түркиядан, Европадан, Россиядан жана АКШдан өнөктөштүктү алууну каалайт. Ал кыргыз элинин жакшы жашоосу үчүн бул кызматташтыктын баарынан пайда алгысы келет”.
Быйыл Кыргызстанга АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея жана АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын генералы Майкл Курилл да келип, бирок убадаланган эки тараптуу келишим дагы деле кабыл алына элек.
“АКШ менен эки тараптуу келишим Борбордук Азия өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгында бар. Анын негизинде Кошмо штаттары менен маданий, экономикалык же кандайдыр бир аскердик кызматташуулар ишке ашат. Бирок Кыргызстанда мурдагы президенттер Россияга жагынуу аракетинде ошол келишимди бузуп, алып ташташкан. Мына он жылга жакындап калды, биз эки тараптуу келишими жок иштеп атабыз. Анын бирден бир себеби, Россиянын жана Кремлдин басымы”, -деди Бириккен оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири Равшан Жээнбеков.
Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев муну АКШнын өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үстүнөн чыккан сот чечимине карата АКШнын жообун айыптап, ушундай чечим кабыл алган эле.
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Элизабет Трюдонун Бишкекке сапары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусия президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине барбай калган учурга туш келди.
Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарындагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине катыша албай турганын билдирген. Путиндин 70 жылдык мааракесине байланыштуу Жапаровдун куттуктоосун мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жеткирди.
Мунун алдында Кыргызстандын ТИМинин бөлүм башчысы Путиндин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу Фейсбукта пикирин билдирип, "сыйлык "күнөөлүүнү" тапты" деп жазган.
Көп өтпөй ТИМ өкүлүнүн жазган постунунан улам, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев тажик тараптан нааразылык нотасын алганы тууралуу маалымат каражаттары жазууда.
Путин Рахмонду 4-октябрда "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлаган.
Кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атап, Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарган эле.
Деген менен серепчилер Кыргызстан Россияга толугу менен далысын салып кете албасын, Украинадагы согуш маселесинде Россия менен АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн мамилеси чыңалып турган маалда Кошмо штаттары менен жаңы келишимге бара албасын белгилеп жатышат.