Кыргызстанда тогуз айда 16 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталды

Кыргызстанда 2025-жылдын тогуз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 16 284 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 31,2% же 3 874 учурга көп.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, зомбулуктан жабыркаган адамдарга 12 756 коргоо ордери берилген. Алардын ичинен 11 762си аялдар, 634ү эркектер, 360ы жашы жете электер.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен 3 836 протокол түзүлүп, сот органдарына жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 1 342 жаран коомдук ишке тартылып, 1 862 адам камакка алынган.

Жалпысынан 435 фактыбоюнча кылмыш иши козголуп, анын 280и сотко жөнөтүлгөн.

Зомбулук фактылары негизинен Бишкек жана Чүй облусунда көп катталган.

Бул арада бүгүн, 11-ноябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу коргоо ордерлерин жана тобокелдиктерди баалоо протоколдорун электрондук эсепке алууга мүмкүнчүлүк берген жаңы "Коргоо ордери" автоматташтырылган тутумун пилоттук негизде ишке киргизилгенин кабарлады.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга берилген коргоо ордерлеринин аткарылышын электрондук жол менен көзөмөлдөө аркылуу тобокелчиликтерди азайтуу мүмкүн.

Бардык иш санариптик тутумда катталат жана тез текшерилип, чечимдерди ылдам кабыл алууга шарт түзүлөт.

Быйыл 16-октябрда президент Садыр Жапаров "Укук бузуулар жөнүндө" кодекске жана "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон.

Мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын камактын мөөнөтү 7 суткадан 14 суткага чейин көбөйтүлгөн.

Мындан тышкары үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарга сот үч айга чейин электрондук көзөмөл дайындоо каралган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, быйылкы жылдын сегиз айында 21 аял киши колдуу болду. Былтыр болсо жалпысынан 35 аял өлтүрүлгөн.

WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган. Кийинки индекс быйыл, 2025-жылы жарыяланат