Садыр Жапаров Абдукадыр Хабибулла куруп жаткан 55 миллион долларлык мечит тууралуу түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган ишкер Абдукадыр Хабибулла тарабынан курулуп жаткан, коомчулукта талкуу жараткан 55 миллион долларлык мечит тууралуу түшүндүрмө берди. Президенттин айтымында, бул объект жөн гана мечит эмес, өлкөдөгү диний карама-каршылыктарды жоюуга багытталган бирдиктүү диний билим берүү системасынын бөлүгү болот.

«Бул жөн эле мечит эмес. Анын медресеси да болот. Балдар ошол жерде жатып, тарбия алып, диний билимди системалуу негизде үйрөнүшөт. Артыкчылыгы эмнеде десеңиздер, айта кетейин, бүгүн ислам дининин ар кандай агымдары көбөйгөн учур. 10-15 агым болуп кеткен. Арасында деструктивдүүсү дагы бар. Бир эле кыргыз "сеники туура эмес, жок сеники эмес, меники туура" деп талашып-тартышып келишет. Ушунун баарын тартипке келтирип, иретке салабыз. Мындай шартта диний сабаттуулук — мамлекет үчүн абдан маанилүү маселе. Мурда диний билим алуу үчүн жаштар ар кайсы өлкөлөргө чыгып кетчү. Көзөмөл болбогондуктан, кээ бирлери туура эмес багыттарга кетип калчу. Эми биз 18 жашка чейинки балдарды өзүбүздө окутуп, туура багытта тарбиялайбыз. Медресени бүткөндөр билимин Токмок шаарында ачылган Ислам академиясында улантат. Мунун баары — келечекте өлкөдө бирдиктүү диний билим берүү системасын түзүү үчүн жасалып жаткан иш», - деген президент.

Президенттин айтымында, мечитти салып жаткан ишкер Абдукадыр Хабибулла "Нарын" ресторанынын ордуна куруп жаткан беш жылдыздуу мейманкананы "бизнес катары иштетет, ал эми мечит элге белеги" болот.

«Мечит курулуп бүткөндөн кийин кыргыз тарапка толук өткөрүлүп берилет», - деген ал.

Садыр Жапаров буга чейинки маегинде ишкер Абдукадыр Хабибулланын ишмердүүлүгүн жана анын Кыргызстанга жасап жаткан инвестициясын мисал катары келтирген.

Президенттин маалыматы боюнча, мечитти курууга 55 миллион доллар кетет, ал эми инвестиция катары жасалып жаткан мейманкананын баасы 350 миллион доллар.

Теги уйгур кытайлык ишкер Абдукадыр Хабибулланын ысымы эл аралык журналисттик иликтөөлөрдө аталган. Бул материалдарда Хабибулла Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупциялык иштерге айыпталган Райымбек Матраимов менен байланышы бар экени айтылып, анын бизнес өнөктөшү катары да белгиленген. Кыргызстандын учурдагы бийлиги аны инвестор катары сыпаттайт. Абдукадыр Хабибулланын Борбор Азияда бир катар бизнес долбоорлору бар.