You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинадагы согуш: Тернополдогу соккудан көп кабаттуу имараттар талкаланды, курман болгондор бар
Шаршемби күнү Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине кайрадан ири сокку урду. Тернополдо кол салуунун кесепетинен тогуз кабаттуу турак жай жарым-жартылай талкаланып, дагы бир тогуз кабаттуу имарат зыянга учурады.
Түнү Орусия Украинага 48 ракета жана 476 дрон менен кол салганын Украинанын аба күчтөрү маалымдаган эле. Анда чабуулга 40 Х-101, жети "Калибр" канаттуу ракетасы жана бир "Искандер-М" баллистикалык ракетасы катышканы айтылат.
Мындан тышкары, орус аскерлери 476 дрон учурган, алардын болжол менен 300ү "шахед" үлгүсүндөгү сокку уруучу учкучсуз аппараттар болгон.
Көпчүлүк ракеталар жана дрондор абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн. Ошентсе да, жети ракета жана 34 сокку уруучу дрон 14 жерге тийген, алты жерден аладрын калдыктары табылган.
Украинанын аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, негизги бута Львов, Тернополь жана Харьков облустары болгон.
Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, массалык соккунын кесепетинен 20 адам каза болду, алардын экөө балдар. Дагы 66 адам жаракат алган, анын ичинде 16 бала бар. Өрт өчүрүү кызматкерлери 45 адамды куткарып үлгүрүшкөн.
ИИМ жетекчиси Игорь Клименконун айтымында, чабуулдан улам эки тогуз кабаттуу турак үй жабыркады. Бир үйдө өрт чыккан, экинчиси - үчүнчү кабаттан тогузунчу кабатка чейин катуу кыйраган.
Куткаруучулар батирлерде камалып калган адамдарды эвакуациялоону, аларды урандылардын астында алып чыгуу иштерин улантуула,- деп билдирди Клименко.
Тернополь шаарынын мэри Сергей Надал "Солнечный" кичи районунун тургундарын өрт өчүрүү иштери уланып жатканда терезелерин жабык кармоого чакырды.
"Алдын ала алынган маалымат боюнча, Тернополь шаарындагы абадагы хлордун көлөмү нормадан алты эсе жогору. Мүмкүн болушунча үйдөн чыкпагыла, терезелерди бекитиңиздер",- деп эскертти облустук аскердик администрация.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Тернополдогу турак үйгө Х-101 үлгүсүндөгү ракета тийгенин Украина Аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат кабарлады.
Орусия аскерлери Тернополго жасалган сокку боюнча эч кандай комментарий беле элек. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги массалык сокку Украинанын аскердик өнөр-жай комплекстерин камсыздаган энергетикалык инфраструктурага багытталганын билдирген.
Украина президенти Володимир Зеленский Тернополдогу соккунун кесепетине байланыштуу коомдук сайттардагы баракчасына билдирүү калтырды. Ал Украинанын башка аймактарындагы соккулар тууралуу дагы айтты.
"Кечтен бери Харьковго массалык сокку урулуп жатат. Шаарда ондогон адамдар жараат алды, алардын арасында балдар бар. Энергетика, транспорт жана жарандык инфраструктура жабыркады. Ивано-Франковск облусунда энергетика тармагына сокку урулду. Үч адам жараат алды, алардын экөө балдар. Львов облусунда маанилүү инфраструктура жана энергетика жабыркады",- деди Зеленский.
Облустук аскер администрациясынын маалыматы боюнча, Харьковдо түнкү чабуул маалында болжол менен 20 дрондун соккусунан 40тан ашуун адам жаракат алды, алардын арасында 9 жана 13 жаштагы эки кыз бар.
Шаарда 16 көп кабаттуу үй, 31 унаа, гараж кооперативи, тез жардам имаратынын подстанциясы, супермаркет, эки троллейбус, администрациялык имарат жана мектеп жабыркаганын администрация башчысы Олег Синегубов билдирди.
Ивано-Франковск облусунда орус аскерлери ар кандай типтеги куралдарды колдонуп, энергетикалык объектилерди аткылашканын облустук аскердик администрациянын жетекчиси Светлана Онищук кабарлады. Анын айтымында, үч адам жаракат алды, алардын экөөсү балдар.