Орусиялык Камила Валиева Олимпиадага катышуусун уланатат

Сүрөттүн булагы, VALERY SHARIFULIN/TASS
Спорттук арбитраж соту (CAS) орусиялык фигуристка Камила Валиевага Пекиндеги Олимпиаданын андан аркы оюндарына катышууга уруксат берди. Ага уруксат берүү боюнча Эл аралык олимпиада комитети, Допингге каршы дүйнөлүк агенттик жана Конькиде чуркоо боюнча эл аралык союз даттанышкан болчу. Бирок Валиева пьедесталга чыга турган болсо, аялдардын арасындагы бирден муз тебүү боюнча сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлбөйт.
“Оюндардан убактылуу четтетүүнү жокко чыгаруу чечими жөндүү деген тыянакка келди”, — делет спорттук арбитраждын чечиминде.
Андан соң Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) аткаруучу комитети Пекиндеги Олимпиадада аялдардын арасында командалык жана жекече турнирлеринин жыйынтыгы боюнча фигуристтерди сыйлоо аземин өткөрбөө чечимин чыгарды. Сыйлоо аземи Валиеванын ишин иликтөө аяктагандан кийин гана өткөрүлмөкчү.
ЭОК А-проба тести оң чыккан спортчу да катышкандыктан командалык жарыштарда сыйлык тапшырууну өткөрүү “жөнсүз” деп эсептейт. Бирок ошол эле маалда антидопинг эрежелерин бузуу аныктала да элек.
“Эгерде Валиева аялдардын бирден муз тебүү таймашында алдыңкы үчтүккө кире турган болсо, Пекиндеги 2022-жылы өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында эч кандай гүл да берилбейт, сыйлык тапшыруу аземи да болбойт”, — делет ЭОКтун билдирүүсүндө.
Валиеванын иши
15 жаштагы спортчунун пробасынан тыюу салынган триметазидин заты табылганы маалым болгондон кийин аны Пекинде өтүп жаткан Олимпиада-2022ден 8-февралда убактылуу четтетишкен.
Валиева мындай чечимди 9-февралда даттанып, ошол эле күнү аны убактылуу четтетүү жокко чыгарылган. Ал чечимди ЭОК, Допингге каршы дүйнөлүк агенттик жана Конькиде чуркоо боюнча эл аралык союз даттанышкан. Алар арызын Спорттук арбитраж сотуна (CAS) жөнөтүшкөн.
Жакында эле видеоконференция форматында болуп өткөн соттук отурумда ЭОКтун, Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин жана Конькиде чуркоо боюнча эл аралык союздун, Орусиянын антидопинг агенттигинин, Орусиянын Олимпиада комитетинин өкүлдөрү жана Валиева өзү да катышкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
CAS уюмунун токтомунда белгиленгендей, Валиеваны Олимпиаданын турнирине катыштыруу боюнча уруксат анын “корголгон персона” (ал 16га чыга элек) статусун жана спортчунун антидопинг эрежелерин бузуу факты боюнча убагынан өткөрүп билдиргенин эске алуу менен берилген.
Отурумда Валиеванын допинг колдонууда күнөөлүү же күнөөсүз экени боюнча маселе каралган эмес. Аталган чечим фигуристканын Олимпиадада андан ары катышуусу боюнча чыгарылган жана Орусиянын командасындагы алтынга тиешеси болбойт.
“Эгерде эртең Валиева мелдештерге катыша баштайт деп чечишсе, ал допинг колдонгон эмес дегенди билдирбейт. Эгерде CAS башкача чечим кабыл алса, ал допинг пайдаланган дегенди түшүндүрбөйт. Биз бул процесстин толугу менен аякташын күтүшүбүз керек. Камила — жашы жете элек. Биз мыйзамга сый менен мамиле кылабыз, бирок мындай кылдат иште жоромолдордон алыс болуубуз маанилүү”, — деп түшүндүрдү ЭОКтун басма сөз кызматынын башчысы Марк Адамс.
Жекшемби күнү Валиевага 26-номур ыйгарылды. Ал номур менен спортчу кышкы Олимпиаданын жекече турниринин кыскача программасында 15-февралда мелдешке чыгат.
Валиева декабрдын аягында Орусияда өткөн чемпионатта тапшырган допинг пробасы оң жыйынтык берген. Ал туурасында орусиялык фигуристтер Пекиндеги Олимпиадада командалык турнирде алтын утуп алгандан кийин белгилүү болду.
Дүйшөмбү күнү ЭОКтун аткаруучу комитети кабарлагандай, фигуристтердин командалык турнириндеги жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өткөрүшпөйт. Андан тышкары комитеттен кошумчалагандай, эгерде Валиева аялдардын бирден муз тебүүсү боюнча таймашта алдыңкы үч орунга чыга турган болсо, анда сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлбөйт.
11-февралда Орусиянын антидопинг агенттигинен билдиришкендей, жашы жете элек спортчунун айланасындагылар боюнча териштирүү иштерин башташкан. Кийинчерээк өздөрүнүн иликтөөсүн баштаганын Дүйнөлүк антидопинг агенттигинен кабарлашты. (EA)












