УОК президенти Садыр Мамытов Кышкы олимпиаданын жүрүшү тууралуу

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов бир катар иштиктүү жолугушууларды өткөрүп жатканын, кыргызстандык олимпиадачы Максим Гордеевдин даярдыгы жана олимпиада оюндарынын таасири тууралуу Би-Би-Си кыргыз кызматына атайын интервью берди.

Садыр Мамытов ОС кураторлору менен

Сүрөттүн булагы, Kabyl Makesh

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Мамытов ОС кураторлору менен

Би-Би-Си: Кышкы олимпиада учурунда Эл аралык олимпиада комитетинин, Эл аралык спорт федерацияларынын жана башка өлкөлөрдүн спорт жетекчилери менен кызматташуу, биргелешип машыгууларды өткөрүү, долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин дагы сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүктөр болуп жатабы?

С.Мамытов: Мындай мүмкүнчүлүктөр бар жана биз аны активдүү түрдө колдонуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жакынкы күндөрү эле Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) “Олимпиадалык тилектештик” программасынын кураторлору Оливер Нимки жана Эдвард Кенсингтон коштогон жооптуу кызматкерлери менен жолуктук. Алар бизге ЭОКтун электрондук платформасынын иши, мөөнөттөрү жана табыштама берүүнүн эрежелери тууралуу айтып, кеңири түшүнүк берип, олимпиадалык тилектештик багыты боюнча долбоорлорубузду ишке ашырууда бизге кандай жардам керектигин сурашты. Айрым бир долбоорлор тууралуу биз алардан кеңеш алууга да жетишип, кызматташуу арттыруу боюнча сунуш-пикирлерибизди бөлүштүк.

 Биз андан сырткары, ЭОК менен Улуттук олимпиада комитетинин укуктук мамилелерине жооп берүүчү жана аларга юридикалык жактан колдоо көрсөтүүчү спорт ишмери Жером Пове мырза менен дагы жолуктук. Ал биздин Улуттук олимпиада комитетинин акыркы Ассамблеясы, биздин комитеттин президентинин жана башкы катчысынын шайланышы тууралуу ЭОК бардык документтерди алганын билдирди. Ассамблеяда кабыл алынган чечимдер жана шайлоонун эки жыйынтыгы тең ЭОК тарабынан мыйзамдуу деп табылганын ырастады. Иштин алкагында УОКтун азыркы уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана ЭОК менен макулдашуу процедуралары тууралуу биз андан кеп-кеңеш алдык. Аталган маселелер боюнча Жером Пове бизге так жана анык усулдук куралдарды сунуштады.

Андан ары биз Беларусиялык кесиптештер менен – УОКтун вице-президенти Дмитрий Довгаленко жана башкы катчысы Ксения Санкович менен маектешип, биргелешип кызматташуунун актуалдуу көйгөйлөрүн талкууладык. Кесиптештерибиз бизди эки айдан кийин апрелде Минск шаарында өтө турган Атлеттердин форумуна расмий чакырышты. Ошол жактан Беларуссия УОКу менен биргеликте кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу чечимин кабыл алдык.

ЭОКтун президенти Томас Бахтын иш сааттары Олимпиаданын башталышына чейин эле толукталып калгандыктан, бул жолу аны менен жолугушууга мүмкүн болгон жок. Бирок, ошентсе болжолдуу сүйлөшүүлөр боюнча президент Томас Бах менен жолугушуубуз ушул жылдын апрель айында боло турганы макулдашылды.

Кыргызстандык олимпиадачы Максим Гордеев

Сүрөттүн булагы, Kabyl Makesh

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандык олимпиадачы Максим Гордеев

Би-Би-Си: Быйыл Кыргызстанда март айында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өткөнү камылгалар көрүлүүдө. Бээжиндеги олимпиада учурунда Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардифи менен жолуккандай дүйнө чемпионатын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча кандай маселелер боюнча сүйлөшүүлөр болду?

С.Мамытов: Мен бизде Бишкек шаарында дүйнө чемпионатына даярдануу толук кандуу жүрүп жаткандыгын Люк Тардифиге айтып бердим. Кыргызстандын Хоккей федерациясынын жогорку деңгээлдеги турнирлерди өткөрүү боюнча тажрыйбасы жетиштүү. Федерация буга чейин бир канча жолу Бишкекте Азиянын Чакыруу кубогун өткөрүүгө жетишкен. Алдыдагы чемпионаттын дагы жогорку деңгээлде өтөрүнөн шегибиз жок. Керек учурда УОК Хоккей федерациясын уюштуруу иштери тарабынан колдоп алууга даяр экенин билдирдим.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

 Жолугушууга андан сырткары Азия жана Океания боюнча Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти, биздин жердешибиз Айваз Оморканов да катышты. Жолугушуу учурунда Люк Тардиф анын аталган кызматтагы ишине, аракетине жана демилгелерине абдан ыраазы экенин билдирип, кыргыз хоккейинин келечеги кең экендигин белгилеп өттү. Бээжиндеги олимпиадалык оюндардагы хоккей мелдештерин өткөрүүдө, Азия жана Океания боюнча хоккейдин өнүгүшүндө Айваздын салымын дагы жогору баалады. Ошондой эле ал дүйнө чемпионатында биздин өлкөгө келип, колдой тургандыгы тууралуу сөз берди.

Би-Би-Си: Эл аралык олимпиада комитетинин жана Бээжин олимпиадасын уюштуруу комитетинин кандай иш-чараларына катышып жатасыздар?

 С.Мамытов: Учурдагы пандемия жана ковид илдеттеринин таасиринен улам расмий түрдөгү иш-чаралар бул жолу аз санда болууда. Жадакалса, Бэжиндеги олимпиада айылында салттуу түрдө оюндарга катышкан мамлекеттердин желек көтөрүү салтанатын да алып салышкан экен. Бул болсо азыркы тапта үстөмдүк кылып жаткан пандемияга байланыштуу, башкача айтканда катышуучулардын коопсуздугуна карай алдын-ала чара көрүү экен. Ошондой болсо дагы белгиленген иш-чаралардын баарына катышууга аракет кылып жатабыз.

Мисалы, Грузия, Россия жана Шериктеш мамлекеттердин Улуттук олимпиада комитеттеринин жетекчилери менен да жолугуп, биргелешип кызматташуу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү, даңазалуу спортчу, олимпиаданын эки жолку чемпиону, дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, дүйнөлүк рекордго 28 жолу жаңы чек койгон орусиялык Елена Исинбаева менен дагы жолугуп, спортчулардын укугун коргоо маселелери, ЭОКтогу спортчулар комиссиясынын иш-аракеттери тууралуу кеп-кеңештерин уктук.

2026-жылы Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтө турган кезектеги кышкы олимпиада оюндарын уюштуруу комитетинин жетекчилери менен дагы жолугуп, даярдыктары тууралуу сүйлөштүк. Олимпиада оюндары бүткөнчө дагы бир катар өлкөлөрдүн олимпиада комитеттери жана Эл аралык федерация жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүгө ниет кылып, алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашып жатабыз. Алар менен алдын ала макулдашып алмайын, протокол боюнча убактылары чектелүү болууда.

параддык форма

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз спортчусунун параддык формасы

Би-Би-Си: Садыр мырза совет доорунда бир дагы кыргызстандык спортчу кышкы олимпиадалык оюндарга катышкан эмес. Эгемендүү өлкө болгону ушуну менен кыргызстандык спортчулар сегизинчи ирет кышкы оюндарга катышып жатат. Мурдагы жети кышкы олимпиадага деле Кыргызстандан чакан делегация барганы менен ийгилик жарата алышкан эмес эле. Олимпиадага жолдомо жеңип алган Максим Гордеев тууралуу айта кетсеңиз? Бул жолу Максим Гордеевдин даярдыгы кандай?

 С. Мамытов: Эске салсак, кыргызстандык спортчу Максим Гордеевдин бул жактагы олимпиадалык базада машыгууларына бардык шарт түзүлүп, көзөмөлгө алып жатабыз. Максим XXIV кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алганы 2-декабрда маалым болгон.

Ал 1995-жылы Каракол шаарында туулган. Тоо лыжа спорту менен 2010-жылдан бери машыгып келет. Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери болуп саналат. Ошондой эле дүйнөлүк үч чемпионаттын, Кышкы эки универсиаданын, Эл аралык лыжа федерациясы (FIS) өткөргөн көптөгөн жарыштардын катышуучусу. Мыкты көрсөткүчтү Эл аралык лыжа федерациясы уюштурган 2018-жылдагы таймашта жаратып, 4-орунду алган. Жеке машыктыруучусу, тажрыйбалуу устат Игорь Борисов.

Максим Гордеев акыркы төрт жылда Иран, Армения, Швеция, Россия, Италия, Швейцария, Австрия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) уюштурган спорттук мелдештерге катышкан. Маанилүү учурлардын бири 2021-жылы Бириккен Араб Эмирлигиндеги олимпиадалык оюндарга жолдомо берүүчү квалификациялык турнир болду. Гордеев төрт старттын жыйынтыгы менен Олимпиадада тоо лыжасынын слалом боюнча таймашуу укугун алган.

Кыргызстандык тоо лыжа чебери Максим Гордеев Бээжиндеги олимпиада оюндарында 16-февралда слалом жарышына катышып, өлкө намысын коргойт. Учурда тоодогу олимпиадалык базада машыгып жатат.

Би-Би-Си: Учурдагы ковид пандемиясына жана жаңы вирустарга байланыштуу олимпиада учурунда текшерүү, катуу көзөмөл болоору айтылууда. Сиздерге дагы чектөөлөр болуп жатабы?

 С. Мамытов: Ковид пандемиясына байланыштуу бардык жерде текшерүү, көзөмөл катуу болууда. Күн сайын тест тапшырып жатабыз. Бардык жерде беткапчан жүрөбүз. Тамак ичээрде гана бепкапты чекпесек, бардык жерде көзөмөл күчтүү. Биз өзүбүз менен кошо сапаттуу, эл аралык талаптарга ылайык беткаптарды ала келгенбиз. Ал түгүл спортчубуз Максим Гордеев кайсы жерден медициналык кароодон өтөт, кайсы жерге тест тапшырат, кайсы жерден машыгууга чыгып, кандай форма менен мелдешке чыгат, баарын алдын ала тактап, ден соолугуна, коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп жатабыз.

Би-Би-Си: Бул олимпиадалык оюндардан кийин эмки оюндарга чейин кышкы спорттун кайсы түрлөрүн өнүктүрүү максат-тилектер бар?

С. Мамытов: Биздеги шартка байланыштуу өлкөбүздө шайба хоккейин, тоо лыжа спортун, лыжа менен чуркоо жарыштарын, биатлон, муз үстундө көркөм бийлөө спортун жана шорт-трек спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө аракет кылуубуз зарыл. Ошондуктан Бээжин олимпиадасы учурунда ушул спорт түрлөрү боюнча мелдештерге барып, бул спорт түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары, алдыңкы тажрыйбалары менен жакындан таанышып, талдоого алып жатабыз. Бул спорт түрлөрү боюнча мелдештерди уюштуруу, өткөрүү тартиптерине байкоо жүргүзүп, айрым спорт федерацияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулдашып жатабыз. Кышкы спорт түрлөрү боюнча лидер болгон өлкөлөрдүн Улуттук олимпиада комитеттеринин жеткчилери менен жолугушууларды өткөрүп, кызматташууга ниет кылып жатабыз.

 Би-Би-Си: Олимпиада оюндары учурунда спорттун кайсы түрлөрү боюнча мелдештерге күбө боло алдыңыздар?

С.Мамытов: Биз көпчүлүк убактыбызды жолугушууларга арнагандыктан, спорттун айрым түрлөрү боюнча финалдык мелдештерге барууга аракет кылып жатабыз. Лыжа жарыштарына, фристайл мелдештерине, хоккей таймаштарына, муз үстүндө көркөм бийлөө жана шорт-трек мелдештерине күбө болдук. Жеңишке жетишкен, норвегиялык, швециялык, россиялык жана башка спортчуларды сүрөөнгө алып турдук. Олимпиадалык таймаштардын аурасын сезүү да айтып бүткүс таасир болуп саналат эмеспи.

Би-Би-Си: Олимпиадалык оюндар саясаттан тышкары болсо дагы соңку мезгилде дипломатиялык бойкоттун айынан айрым өлкөлөрдүн спортчулары мелдештерге катыша албай арманда калып жатышат. Бойкоттун айынан төрт-беш жыл даярдык көргөн спортчулар жабыр тартпашы керекпи го?

С.Мамытов: АКШ, Австралия баштаган бир катар өлкөлөр Бээжиндеги кышкы олимпиадалык оюндарга дипломатиялык бойкот жарыялашкан эле. Бул деген аталган өлкөлөрдөн расмий адамдар олимпиаданын ачылыш салтанаты баштаган бир катар иш-чараларга барбайт дегенди билдирип, алар келишкен жок. Эсиңиздердеби 1980-жылы дагы Москва олимпиадасына айрым өлкөлөр бойкот жарыялап, мыкты спортчулар катышпай калган, кийин дагы 1984-жылкы Лос-Анжелес олимпиадасына дагы бойкот болуп, ошол учурдагы социалисттик өлкөлөрдүн спортчулары катышкан эмес. Спортчу үчүн олимпиадалык оюндар эң маанилүү, жеңиштердин туу чокусу. Төрт-беш жыл машыгып, даярдык көрүп, анан саясый көз-караштардын курмандыгы болуп, өздөрү каалаган ийгиликтерге жетпей, олимпиадага катышпай калуу абдан өкүнүчтүү. Ошондуктан спортчулар саясаттын алыс болуусу керек. Бойкот жарыялаганына карабай айрым өлкөлөрдүн спортчулары өздөрүнүн демилгелери менен мелдештерге катышып ийгиликтерди жаратууда. Бул колдоого ала турган көрүнүш.

 Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

 (Атайын Би-Би-Си кыргыз кызматы үчүн)