You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Жалган желек” деген эмне жана ал качан колдонулган?
Украинанын чыгышында кырдаал чыңалып, Орусия бастырып кирүү үчүн шылтоо издеп “жалган желек” астында кол салууну пландап жатат деп Британия менен АКШ шек саноодо.
Орусия колдогон сепаратисттер Украинанын күчтөрүн бир нече күмөндүү чабуулдар үчүн күнөөлөп келишет. Алар басып алган аймактардагы жарандарды чыгып кетүүгө чакырууда.
Жалган желек деген эмне?
Жалган желек — каршы тарапты күнөөлөө ниети менен жасалган саясий же аскердик иш-аракет.
Өлкөлөр согушуу үчүн шылтоо катары өзүнө каршы чыныгы же жасалма чабуул уюштуруп, анан аны душмандарына оодара салып көбүнесе ошондой кадамга барышкан.
Бул термин биринчи жолу 16-кылымда колдонулган. Анда деңиз каракчылары дос мамлекеттин желегин желбиретип, соода кемелери жакын сүзүп келсин деп алдашкан.
Жалган желек астында кол салуунун узак жана уяттуу тарыхы бар.
Германиянын Польшаны басып алуусу, 1939
Германия Польшаны басып алардан бир күн мурда германиялык жети СС жоокери польшалык болуп көрүнүп, Глейвицтеги радиомунарага кол салган. Ал Польша менен чек арада Германия тарапта жайгашкан эле. Алар станция эми Польшанын колуна өткөнү жөнүндө чакан кабар уктурган.
Жоокерлер чабуул учурунда өлүп калгандай кылып көрсөтүү үчүн поляк аскеринин кийимин жай тургунга кийгизип, анын сөөгүн таштап кетишкен.
Эртеси Адолф Гитлер Глейвицтеги жана башка ошондой ойлоп табылган окуяларды шылтоолоп Польшага бастырып кирген.
Орус-фин согушунун чыгышы, 1939
Ошол эле жылы орустардын Майнила айылына ок жааган. Ал Финляндиянын чек арасынан өтө алыс эмес жерде эле. Советтер Союзу ошол чабуулду Финляндия менен согушпоо пактын бузуу үчүн колдонуп, Кышкы согушту баштаган.
Тарыхчылар азыр бүтүм чыгаргандай, айылга ок жаадыргандар фин күчтөрү болгон эмес, ал Советтик НКВД, мамлекеттик коопсуздук кызматы, тарабынан атайын жасалган.
Орусия Федерациясынын алгачкы президенти Борис Ельцин Кышкы согуш Советтик агрессиядан улам чыкканын 1994-жылы кабыл алган.
Тонкин булуңундагы окуя, 1964
1964-жылдын 2-августунда Вьетнамдын жээгиндеги Тонкин булуңунда АКШнын согуштук кемеси менен Түндүк Вьетнамдын торпедо кемелеринин ортосунда деңиз салгылашуусу болгон.
Эки тараптын тең кемелери зыянга учураган. Түндүк Вьетнам төрт кишисин жоготуп, андан соң дагы алты кишисинен ажыраган.
АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги эки күндөн кийин ошондой эле салгылаш болгонун билдирген.
Бирок экинчи чабуул Түндүк Вьетнамдан болбогон болушу толук ыктымал.
АКШнын согуштук кемесинин капитаны башында курчоого алынганын жана душмандын торпедо кемелеринен атышканын айткан. Бирок кийин ал аба ырайы начар болгондуктан жана айланасы жакшы көрүнбөгөндүктөн чын эле ошондой болуп-болбогонун ишенимдүү айта алган эмес.
2005-жылы ачыкка чыккан документтер Түндүк Вьетнамдын деңиз аскерлери АКШнын кемесине чабуул койбой эле, 2-августта зыянга учураган эки кемени куткарууга аракет кылып жатканын айтат.
Бирок президент Линдон Б. Жонсон менен кызматкерлер окуянын биринчи версиясына ишенүүнү чечишип, Түндүк Вьетнам тарабынан Американын күчтөрүнө эки кол салуу болду деп Конгресске билдирген.
Ошентип ал Тонкин булуңу резолюциясына алып барган. Ал Жонсондун Түндүк Вьетнамда бомбалоону баштоосуна жана АКШнын Вьетнам согушунда кийлигишүүсүнө шарт түзгөн.
Крымдагы “кичинекей жашыл адамдар”, 2014
Орусия Крымды аннексиялаган күндөрү көчөдө дал эле Орусиянын аскерлериндей болуп кийинип куралданган адамдар пайда боло баштаган. Бирок алардын формаларында Орусиянын белгиси болгон эмес.
Кремль алар аймактын көзөмөлүн Украинадан алып Орусияга кайтарып бергиси келген жергиликтүү “өзүн-өзү коргоо топторунун” мүчөлөрү болгонун айтып көшөргөн.
Кремль алар кийимдер менен шаймандарды дүкөндөрдөн сатып алганын айткан.
Орусиянын журналисттери ал адамдарды “сылык кишилер” деп атай башташкан. Ал ортодо Крымдын тургундары формаларынын түсүнөн жана тастыкталбаган тегинен улам аларды “кичинекей жашыл адамдар” деп калышкан.
Кашмир чек арасы, 2020
Индия менен Пакистан талаштуу Кашмир чек арасында жалган желек астында кол салуу уюштуруп жатат деп бирин-бири көп күнөөлөп келет.
2020-жылы Пакистандын тышкы иштер министрлиги чек аранын Пакистан тарабында БУУнун байкоочулары бараткан транспортко ок атты деп Индиянын күчтөрүн айыптаган.
Анда Индия Пакистан менен эл аралык коомчулукту араздаштырууга аракет кылып жатат деп айтылган. Пакистандын премьер-министри Имран Хан ал кадамды “акылга сыйбаган” деп атаган.
Индия айыптоону четке кагып, өз кезегинде өзүнүн чек ара аймагындагы коопсуздукту сактай албай жатат деп Пакистанды күнөөлөгөн. (EA)