Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң ири китеп уурулугунун бети кантип ачылды?

Китеп
    • Author, Нина Назарова
    • Role, Би-Би-Си орус кызматы

Алар китепканаларга жасалма паспорттор менен кирип сейрек кездешкен жана баалуу китептерди окуйбуз деп алып, көчүрмөлөрү менен алмаштырып кетишкен. Өзгөчө баалуу китептер чет-четинен дайынсыз жоголуп, бир нече убакыттан кийин Москвадагы аукциондо сатыкка чыгарылган. Би-Би-Си орус кызматы Европадагы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири китеп алдамчылыгы жана уурулугу тууралуу баяндайт.

Жаз айынын ортосу, 2022 жыл. Үрөй учурган Бучадагы кыргын коомчулукка ачыкталып, БУУнун Жалпы Ассамблеясы Орусияны Адам укуктары боюнча кеңешиндеги мүчөлүгүнөн ажыратты. Орус армиясы Краматорскдогу вокзалга "Точка-У" ракетасы менен сокку урду. Украиналыктардын таамай соккусунан Орусиянын Кара деңиздеги флотунун көзгө басар кемеси "Москва" крейсери чөгүп кетти.

Бул учурда Эстониядагы Тарту университетине эки киши китеп окуганы кирип, өзгөчө баалуу китептер фондунан сегиз эски кол жазмалар менен таанышып чыгууну суранышат. Өздөрүн украиналык качкындар деп тааныштырып, Пушкиндин көзү тирүүсүндө жазылган алты алгачкы басылмаларды жана Гоголдун эки чыгармасына буюртма беришкен.

Уникалдуу коллекцияларга бай китепкана 1802-жылы Орус империясы тарабынан түзүлгөн (ал кезде Дерпт китепканасы деп аталчу). Сакталган басылмалар "алтын доорго" таандык. Ал жакта "Евгений Онегиндин" эң биринчи толук басылмасы, "Борис Годунов", Гоголдун "Диканька кыштагында кечтер" жана "Миргород" чыгармаларынын оригиналдары сакталган.

Китептар менен таанышканы келген эки эркек киши өз ара орус тилинде сүйлөшүп, ал жактын кызматкерине АКШга окууга тапшырганы атайын изилдөөнүн үстүндө иштеп жатышканын түшүндүрүшкөн.

Ошол жылдын август айында кызматкерлер өзгөчө баалуу китептер фондунан коллекцияларын карап жатып, эки алгачкы басылмаларды көчүрмөлөрү менен алмаштырып кеткени байкашкан. Китептин тышы дал нускадагыдай көчүрүлүп, ичиндеги баракчалар башка болуп чыккан. Соңку колдонгондор дал ошол экөө болуп чыккан.

Шектенген китепканачылар орус классиктеринин чыгармаларынын алты түпнускасын текшерсе, алар да чеберчилик менен жасалган көчүрмөлөр болуп чыкты. Алмаштырган көчүрмөлөрдө китепкананын мөөрлөрү басылган жана инвентарлык номерлери жазылган. Алар түпнуска эмес экенин кылдат текшерүүдөн кийин гана айырмалоого мүмкүн эле.

Тарту китепканасы жалгыз эле жапа чеккен эмес. 2022-жылдын жаз айларынан баштап 2023-жылдын күз айларына чейин белгилүү орус жазуучулардын көзү тирүүсүндөгү басылмалары жана баалуу китептери ондогон китепканалардан уурдалган. Андай кылмыштар Хельсинкиден баштап Швейцария жана Францияга чейин катталган. Айрымдар оригиналдарды адистер айырмалай албагыдай кылып копиясына алмаштырса, кээ бирлери түн оокумда окуу залын талкалап кирип, уурдап кетишкен.

Бул кылмыштуулуктун башын ачыш үчүн Европолдун аралашуусу керек болгон. Иликтөө "Пушкиндин операциясы" деп аталган. Акыры тогуз шектүү кармалган. Баардыгы Грузиянын жарандары болуп чыккан.

"Китеп көтөргөн сыйкырчы"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кылмышка шектелип, эң биринчилерден болуп темир тор артына түшкөн грузиялык Бека Цирекидзе болду. Анын кыңыр иши дароо эки өлкөдө – Латвия жана Эстонияда ачыкталган. Кызы менен баласы дагы Варшава университенин китепканасынан сейрек басылмаларды уурдаганга шектелип, Грузияда камакта.

Цирекидзе Эстониянын түрмөлөрүндө жаза өтүүдө. Ал жакта телефон чалууга уруксат берилип, журналисттер менен баарлашуу чектелбейт. Биз менен сүйлөшкөндө Цирекидзе сылык, көп тамашалап, бирок ага адилетсиз көрүнгөн нерселерге келгенде кызуу кандуулукка алдырып жатты.

Цирекидзе өзү жөнүндө көп деле айткан жок. 48 жашта, балалыгы Абхазияда өтүп, Кутаисидеги мектепте окуп, жаш кезинде эле китептерге кызыгып калган.

"Сапаттуу коньяк, сулуу айым жана кызыктуу китеп", – ушул үч нерсе аны бактылуу кылаарын айтты.

Өспүрүм кезинде ачка калгандыктан нанга берилчү талондун көчүрмөсүн күйүп жаткан чырактын үстүнө коюп жасап чыккан.

Анын айтымында, Тбилисидеги мектептердин биринде завуч болуп иштеп, Грузиянын Улуттук жазуучулар союзунда мүчө болгон.

Антиквардык китептерди реставрация кылып, алып-сатуу иши менен 2008-жылдан баштап алектенип баштаган. Реставратордун ишин практика жүзүндө үйрөнгөнүн белгиледи.

"Мен китеп көтөргөн сыйкырчыдаймын. Китепти колума алып туруп эле, ал канча тураарын жана канчага сатылаарын айталам. Миңдеген баалуу басылмаларды тазалап, жаңылап чыккам. Мен китептерге жаңы дем бергениме сыймыктанам", – дейт ал.

Анын көбүнчө кардарлары Орусиядан болгонун, орус тилиндеги сейрек кездешкен түпнускалар менен иш алып барганын кошумчалады.

"Кызыккан кишилер атайын келип, сатып алышат. Аны өлкөдөн кандай чыгарып кетет, Маданият министрлигинен уруксат алабы же албайбы, ага менин "башым оорубайт", – деди Цирекидзе.

2016-жылы ал Грузияда Гришашвили атындагы Тбилисинин тарых музейинен сейрек кездешкен китептерди уурдаганы үчүн соттолгон. Футуристтердин (XX кылымдын башындагы адабий агым) биринчи басылмасын уурдап, тез арада сатууга жетишкен. Көп өтпөй полицияга багынып берип, күнөөсүн мойнуна алып, соттун чечими менен шарттуу түрдө кесилген. Жазасын өтөп бүткөндөн көп өтпөй Цирекидзенин айыбы алынып салынган.

Текшерип, сүрөткө тартып, кылдат изилдеген

2022-жылдын апрель айында Цирекидзе жана анын шериги Тарту китепканасына он күн катары менен барган. Алардын жасалма документтер менен келип-кетип турганы кийинчирээк ачыкталат. Соңку ирет, 22-апрелде келгенде аларды китепкананын директору Криста Ару тосуп алган. Улуусу көбүрөөк маектешип, кичүүсү унчукпай турганын кийинчерээк эстеди.

Эртеси күнү, 23-апрелде Латвиянын Улуттук китепканасы үч антиквардык басылмадан кур калат (Тарту шаарынан Латвиянын борбору Ригага автобус менен үч жарым сааттык жол). 1829-жылга таандык Пушкиндин "Полтава" китеби, футуролог Алексей Крученыхтын 1913-жылдагы, "Возропщем" жана Победа над Солнцем" аттуу эки жыйнагына бейтаныш адам кызыкдар болот. Китепканага кирээрде алар жалган ат менен катталганы иликтөө учурунда аныкталат.

Ал адам мейманкада Цирекидзе менен чогуу жашаган. Улуттук китепканага үч жолу келген. Акыркы сапарында ал үч антиквардык китептин коргоо элементтерин чыгарып, кийиминин астына катып, китепканадан алып чыгып кеткен. Уурдалганын кечинде гана байкашкан: эрежеге ылайык келгендер китепти чыгып кеткенде кайтарбай эле окуу залындагы столдорго таштап кетүүгө мүмкүн эле. Уурдалганга алты ай калганда Цирекидзе дал ошол китепканага тогуз жолу келип, үч китепти алып, "текшерип, кылдат изилдеп, сүрөткө тартып кеткени" Латвия сотунун корутундусунда көрсөтүлгөн.

Эки күндөн кийин, 25-апрелде Бека Цирекидзе Таллин университетинин китепканасына жалгыз келип, он китеп менен таанышып чыгууну суранган. (Ригадан Таллинге автобус менен төрт жарым саатта жетсе болот). Алардын арасында Пушкиндин көзү тирүүсүндө басылган "Ырлар жыйнагынын" эки бөлүгү, өтө сейрек кездешкен " Братья-разбойники" жана Пастернактын 1948-жылга таандык өтө баалуу "Тандалган чыгармалары" бар болчу. Ал күнү басылмалар китепкананын полкаларында акыркы жолу турган экен.

Китеп

Бир мейманканада жашап, баалуу китептерди талкуулашчу

Цирекидзени 2022-жылдын ноябрда Латвиянын борбору Ригадагы мейманканада кармашкан. Латвияда Цирекидзеге уурулукка көмөктөшкөн деген айып тагылган.

"Башка адам тарабынан уурдаларын билип, китептерди кылдат карап, сүрөткө тартып, ийне-жибине чейин изилдеген. Андан соң аталган китептер боюнча чогулткан маалыматты ошол адамга өткөрүп, кылмыш жасоого көмөктөшкөн", — деп айтылат соттун өкүмүндө.

Цирекидзе Би-Би-Си менен маектешкенде уурдоого шектелген кишини тааныбай турганын, капыстан эле аны менен бир мейманканага жайгашып калганын айткан.

"Риганын борбордук базарында телефон менен грузин тилинде сүйлөшүп турсам, жаныма бейтааныш адам келип, өз эне тилибизде сөз баштап, таанышып калганбыз. Анын акчасы тартыш болгондуктан, менин бөлмөмдө убактылуу жашап турууну суранганынан, баш тарткан эмесмин. Биз жашап жүргөндө, көп нерсени сүйлөшчүбүз, анын ичинде сейрек кездешүүчү китептер жөнүндө дагы", – деп Би-Би-Сиге такыр башка окуяны айтып берген.

Латвияда Цирекидзе кылмышка көмөктөшкөн деп алты айга соттолуп, тергөө абагында отурган. Кийин аны соттун чечими менен Эстонияга которуп, Тарту китепканасында катталган окуя боюнча дагы соттошту. Ал жактагы соттун чечими чыгаары менен Таллин китепканасындагы уурулук боюнча сот процесси башталган.

Үч учурда тең Цирекидзе күнөөнү моюнга алгандыктан сот процесси жөнөкөйлөтүлгөн тартипте каралды. Тартудагы уурулук боюнча анын мөөнөтү кыскартылып, эки жылга эркинен ажыратылып, айып пул салынды. Таллиндеги кыңыр иш боюнча – жалпы жаза мөөнөтүнө бир жыл үч ай кошулган.

Тартуда уурдалган китептерден келтирилген зыян 158 миң еврого бааланса, Латвияда – 16 миңге, ал эми Таллинде – 53 миң евро деп айтылган.

Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң каракчылык

Китеп

2023-жылдын октябрында эки жаш түгөй Варшава университетинин китепканасынын окуу залында эски китептерди барактап, өбүшүп-жытташып отурганы камерага түшүп калган.

Жаш жигит – Бека Цирекидзенин уулу Мате, кыз – анын жубайы Ана Гоголадзе. Камера аларга көз салып турган кезде мыйзамсыз эч нерсе жасашкан эмес, бирок кийинчерээк экөө тең китепканадан 80 миң евролук китептерди уурдаганы үчүн камакка алынган.

Варшава университетинин китепканасы уурулуктун бул толкунунан эң көп жабыркады. Ал жакта орус китептеринин эң бай коллекциясы сакталып келген. СССР кулаганга чейин дүйнөдө советтик китептердин бай коллекциясы жана советтик китепканалар менен атаандаша алган эки гана китепкана болгон. Алар Варшавада жана Хельсинкиде жайгашкан эле.

Революцияга чейинки басылмалар Варшава геттосунун көтөрүлүшүндө имарат күйүп кеткенде, кокусунан сакталып калган.

"Бул китептер жакын адамдардай эле сезилет. Аларды биз үчүн убагында ата-бабаларыз сактап калууну чечкен, алардын аракетин туура баалаган муунбуз", – деди Варшава университетинин профессору Иероним Грала Би-Би-Сиге.

Акыр аягы ал жактан 73 экземпляр уурдалып, келтирилген зыян 500 миң еврого бааланган. Кыңыр иш 11 айга чейин созулуп, 2023-жылдын октябрында гана байкалган.

"Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң каракчылык", – деп китепкананын жаңы директору ЖМКларга кылмыштуулуктун масштабын сыпаттаган (мурункусу иштен алынган).

"Кымбат баалуу таажыдан анын таштарын жана берметтерин чыгарып алгандай эле болду", – деди профессор Грала.

Анын айтымында, буга жакында эле китепкананын жаңы реформасы түрткү болушу мүмкүн. Мурда XIX кылымдагы басылмалар өзгөчө катуу көзөмөл менен өзүнчө бөлмөдө сакталса, жакында эле окурмандар арасында кеңири жеткиликтүү болсун деп андай китептерди колдонуу эрежелери жумшартылганын белгиледи.

Профессордун айтымында, уурулар чеберчилик менен китептердин көчүрмөлөрүн жасап чыгышкан. Жаңы эрежелердин кабыл алынышы дагы алардын ишин жеңилдеткенин белгиледи.

"Жаңы көчүрмө уурдалган китеп менен бирдей өлчөмдө, коду дагы бир болгон", – дейт профессор.

Мате Цирекидзе менен Ана Гоголадзе Варшава университетинин китепканасында жасалма документтер менен катталышкан.

Грузиянын прокуратурасынын айтымында, жубайлар кайсы китептерге "аңчылыкка чыкканын" так билишкен. Мате Цирекидзенин адвокаты Звиад Салиянын Би-Би-Сиге билдиргенине ылайык, жаштар жалпысынан беш сейрек кездешүүчү түпнусканы уурдаган деп айыпталган. Бул ишке Цирекидзенин кызы Кристинанын байланыш бар экени тергөө учурунда аныкталып, ал дагы соттолгон.

Бека Цирекидзенин келини, Матенин жубайы Ана Гоголадзе күнөөсүн мойнуна алып, соттун өкүмү менен шарттуу кесилген. Ал эми Мате менен Кристина 2025-жылдын январында беш жылга эркинен ажыратылып, азыркы тапта апелляция боюнча чечим күтүп жатышат.

Бир кичинекей штамп

Китеп

"Уурдашат. Көп уурдалып келген. Андай кыңыр иштерди алтынга тете айрым китептер чыгарылып кеткенде гана билебиз", – деп жазат коллекционер Петр Дружинин өзүнүн "Антикварная книга от А до Я" китебинде.

Өзүнүн китебинде Орусиянын китепканаларында катталган бир нече ири кылмыштуулук тууралуу баяндап берген. Мисалы, 2009-жылы ФСБнын үч кызматкери Москва мамлекеттик университетинин илимий китепканасындагы сейфтен Гутенбергдин Библиясын уурдап кетишкен. Ал өтө сейрек кездешкен басылма жана бүткүл Орусияда эки гана түпнускасы бар.

Кылмышты ММУга "көзөмөл кылган" полковник уюштурган. Китепканада инвентаризация сейрек жүргүзүлөт жана китептер көпкө чейин байкалбай калат деп божомолдогон. Ошондой эле болуп чыкты. Анын кол алдындагы кызматкери китепти университеттен алып чыгып кеткен (сотто ал эмне алып баратканын билбегенин айткан). Кардарды үчүнчү шериктеш тапкан, ошол сатып алуучу акыры полицияга билдирүүнү чечкен. 2014-жылы сот уурдоону уюштурган "полковникти" 3,5 жылга, ал эми эки шеригин бир жыл эки айга жана бир жылга эркинен ажыраткан.

Дагы бир учурда уурулар сегиз жыл бою Москва, Санкт-Петербург жана Киров шаарларынын китепканаларына жасалма документтер менен аспирант же стажер болуп кирип уурдашкан. Алар да өздөрүнө керектүү жыйнактардын барактарын башка китептердин барактары менен алмаштырып же бүтүндөй басылмаларды алып чыгып кеткен.

Дүйнө жүзүндөгү бардык китепканаларда китептерге адатта штамп басылат. Алардын көлөмү өлкөгө жана китепканага жараша болот. Мисалы, Орусия үчүн "бажырайтып штамп менен белгилөө" мүнөздүү.

"Батыш китепканалары китептерди анчалык көп белгилебейт, бир кичинекей штамп жетиштүү", – деп түшүндүрөт Дружинин. Кайсы мекемеден уурдалганын дал ошол менен билсе болоорун белгиледи.

Анын айтымында, Орусияда андай уурулукту ишке ашырууда айрым нускалардын белгилүүлүгү жана китептердин катуу штампталышы олуттуу тоскоолдук жаратат.

"Албетте, орус сот адилеттиги ушунчалык коркунучтуу болгондуктан, бул адамдарды кандайдыр бир деңгээлде токтотот. Батыш дүйнөсүндө сот адилеттиги эч кимди коркутпайт, ал эми акча аябай кызыктырат", – деген ой-пикири менен Петр Дружинин бөлүштү.

Китеп

"Шовинизм" үчүн миңдеген доллар

"Баасы 50 миң еврону чапчыган жарым килограмм алтынды жыйырма эки куралчан адам кайтарат. Ошондой эле баага тете эки китеп Европанын дагы бир китепканасында жатат, аны бир карыган кемпир кайтарат. Көп жерде видеокөзөмөл жокка эсе. Ошондой болуп турса, анан кантип китептер уурдалбайт", – деп Бека Цирекидзе эстон түрмөсүнөн эмне үчүн адамдарга китеп уурдоо ою келерин айтып берди.

Анын айтымында, сейрек кездешкен жана баалуу китептер кайсы жакта кымбатка тураарын билиш керек.

"Ал китептер акыры Москвадагы аукциондордо пайда болот. Эмнеге десеңиз? Орус тилдүү китептерди, өзгөчө Пушкиндин жазгандары, орустарга эле керек. Башкаларды кызыктырып дагы койбойт. Бул нукура орусиялык империализм, шовинизм. Аларда "өзүбүздөн чыккан, залкар" деген түшүнүк бар. Ошендой ой менен анан он миң, жүз миң долларларды сунушташат. Төлөшсүн, мунун эмнеси жаман?", – деди Цирекидзе интервью учурунда.

Китептерди кантип уурдап чыгып жүрүшкөнүн төкпөй-чачпай Грузиянын дагы бир жараны Михаил Замтарадзе айтып берди. Ал 2025-жылдын июнь айында Вильнюста соттолгон.

Ал Вильнюс университетинин китепканасына жасалма документ менен 2023-жылдын май айында катталып, 17 сейрек кездешкен басылмага буюртса берген. Алардын арасында Тарас Шевченконун 1840-жылкы эң сейрек кездешүүчү цензурасыз "Кобзарь" да бар болчу. Көпчүлүк китептерде дагы эле революцияга чейинки "Виленская Публичная Библiотека" жана "I-ji Vilniaus Vyrų Gimnazija" деген штамптар бар эле. Замтарадзе 12 китепти көчүрмөлөрү менен алмаштырып, бешөөнү жөн эле уурдап чыгып, кайтарып берген эмес. Уурдалган коллекциялардын жалпы баасы 600 миң еврого бааланган.

Замтарадзе күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, китептерди Москванын буюртмасы менен уурдаганын сот учурунда айткан. Анын айтымында, ал китептерди таңгактап, автобус менен Беларуска жөнөткөн, бул үчүн 30 миң долларды криптовалюта менен алган. Көчүрмөлөрдү жана жасалма документтерди да ага Москвадан жөнөтүшкөнүн ырастады.

Замтарадзе буюртма берген адамдын атын атады – анын көрсөтмөсү боюнча, бул Москвадагы аукциондук үйдүн директорунун орун басары Максим Цитрин деген адам болгон (Би-Би-Си аукциондук бизнесте андай ат менен кишини таба алган жок, бирок окшош фамилиядагы адам бар, бирок ал бул ишке тиешеси бар экенин караманча четке каккан). Замтарадзе күнөөсүн мойнуна алганы үчүн жаза мөөнөтү кыскарган – 3 жыл 4 айга эркинен ажыратылган.

Профессор Иероним Граланын айтымында, Варшава университетинин китепканасынан уурдалган кеминде төрт басылма 2022-жылдын аягында жана 2023-жылы Москвадагы "Литфонд" аукционунда сатылган. Би-Би-Синин орус кызматынын карамагында аукциондун сайтынан алынган скриншоттор бар.

Мисалы, веб-архивде "Литфонд" аукцион ишканасынын баракчасы сакталып калган (азыр алар өчүрүлгөн). Мисалы: Пушкиндин "Повестями Белкина" чыгармасы "лот 2а" бөлүмү боюнча сатыкка коюлган. Варшава университетинин кызматкери ал скриншоттордон революцияга чейинки китепкананын кодун аныктай алган.

Ушул эле аукциондогу дагы бир лот Пушкиндин "Ырлар жыйнагынын" төрт томдук китеби болгон (сайттагы ал баракчада дагы өчүрүлгөн). Төрт томдун толук жыйнагы ушунчалык сейрек кездешкендиктен, аукцион улуттук жаңылыктардан чагылдырылган.

"Алардын толук жыйнагын XIX кылымда эле таап чыгуу, бул укмуштуудай эле кубулуш болгон", – деп Интерфакс мүңөздөгөн.

"Төрт томдук комплекттин кайдан келип чыкканы белгисиз жана күңүрт", – деп жазган "Российская газета".

Сайттан өчүрүлгөн сүрөттөрдө "Библiотека императорскаго Варшавскаго университета" деген эски мөөр, "зал" жана "шкафъ" деген сөздөрү бар революцияга чейинки шифр так көрүнүп турат. AFP басылмасы буга чейин "Литфонддун" башкы директору Сергей Бурмистров менен байланышкан. Ал аукцион Орусия Федерациясынын мыйзамдарынын чегинде өткөрүлө турганын жана учурдагы мамлекеттик китепканалардын мөөрлөрү бар китептерди сатууга кабыл албай турганын билдирген.

Кабыл алынган ар бир китептин мыйзамдуу келип чыгышын тастыктаарын Бурмистров Би-Би-Си берген комментарийинде белгилеген. Андан соң ар бир китеп аукцион үйүнүн эксперти тарабынан барактап каралат, анда иштеп жаткан китепканалардын мөөрлөрү жана башка белгилери өткөрүлүп жиберилбейт. Ал эми эски штамптар шек жаратпаарын айткан.

"Революциядан кийинки жылдары Орусия империясынын китепканаларынан эбегейсиз уникалдуу китептер дүйнө жүзүнө тарап, көптөгөн мамлекеттик жана жеке коллекцияларда сакталып калган, ошондуктан жеке коллекцияларга түшкөн мындай китептер дүйнөлүк рынокто эркин сатылууда", – деди Бурмистров.

Варшава университетинин профессору Иероним Грала Би-Би-Сиге берген маегинде китепканадан уурдалган көптөгөн китептер чынында эле тарыхый эстеликтерди сактоо максатында заманбап штамптарсыз сакталганын белгиледи.

"Эгерде Варшава университетинин китепканасынын тарыхый мөөрү жана тийиштүү шифри сакталса, бул өзүнчө эле артефакт болуп эсептелет. Эч ким аларга жаңы мөөр баспайт же жаңы шифр койбойт. Алар бул мөөрлөр менен эки жүз жыл жашашкан, тарыхый буюмдарга болгон урматтан улам аларды кайра мөөрлөшкөн эмес", — деди ал Би-Би-Сиге.

Орусиядагы аукциондор китептерге ээлик кылбайт, аларды комиссия үчүн гана (мисалы, сатып алуучудан 20% жана сатуучудан 25%) ортомчу катары сатууга алышаарын коллекционер Петр Дружинин түшүндүрдү.

Анын айтымында, аукциондо ар дайым китептин ээсинин паспорттук маалыматтары болот, кылмыш иши козголгон учурда алар полицияга берилет, ал эми сатып алуучуга акча кайтарылып берилиши мүмкүн, бирок дароо эмес.

"Аукциондордун милдети нускаларды көзөмөлдөө эмес. Жоголуп бараткандарды куткаруу – ошолорду сактоого киришкендердин иши", – дейт Дружинин.

Кымбат баалуу Пушкин, табылгыс Лермонтов

Дружинин аукциондордун кардарлары мындай баалуу басылмаларды сатып алганына сыймыктанышы мүмкүн деп болжолдойт.

"Китеп эстеликтеринин тарыхый мекенине кайтып келүүсү деген сыймыктануу дагы пайда болот", – деди ал.

Дружининдин баамында 2022-2024 жылдары сейрек кездешкен жана баалуу китептер орус рыногунда байма-бай пайда болгон.

"Алтын доорго" таандык орус классиктеринин көзү тирүүсүндө басылып чыгарылган түпнускадагы китептердин баасы акыркы жылдары кескин өстү. Бул багыттагы алып-сатуулардын 99 пайызы онлайн жүргүзүлүп калганын Дружинин белгиледи.

Bidspirit.com аукциондук сайты акыркы эки жылда Орусияда европалык китепканалардан уурдалган уникалдуу басылмаларга кандай жогорку баа берилип сатылганын көргөзөлат. Мисалы: "Евгений Онегин" романынын ыр түрүндө жазылганы 26 миллионго, "Диканька кыштагында кечтер" чыгармасынын эң биринчи басылмасы 11 миллион рублга сатылган.

Китептерге коюлган баалар алар канчалык сейрек кездешкенинен эмес, нусканын сакталышына дагы каралат. Түп нускадагы тышы менен болсо, мисалы, Пушкиндин же Достоевскийдин баасын эки эсе көтөрөт, деп түшүндүрөт Дружинин.

"Пушкин албетте аябай сейрек жана баалуу. Бирок андан дагы сейрек кездешкен Лермонтов жана Гоголдун басылмалары, алардын эң алгачкы эки томдук китептери. Лермонтов такыр эле табылбайт", – деди коллекционер.

Андай сейрек кездешкен жана өзгөчө баалуу китептерди жеке коллекционерлер гана сатып алалат. Китепканалардын жана мамлекеттик мекемелердин андайга чамасы жетпейт. Көптөгөн коллекционерлер өзүн ачыкташпайт.

"Мындай китептерди сатып алуучулардын чөйрөсү тар, анткени алар аябай кымбатка турат. Ал эми Пушкиндин көзү тирүүсүндө чыккан бир китебин сатып алуу менен, сиз коллекционерлердин дүйнөлүк маселесин чечпейсиз. Сиз өзүңүздү азапка кептейсиз" – деди Дружинин. (КВ)

Редактор Анастасия Лотарева

*Орусия бийлиги Анастасия Лотареваны "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизген. Би-Би-Си бул чечимге катуу каршы чыгып, сот аркылуу аны жокко чыгарууга аракет кылууда.

Коллаж үчүн керектүү сүрөттөр Getty Images жана ачык булактардан чогултулду.