Бишкектин өңгүл-дөңгүл көчөлөрү: сапатсыз жолдор үчүн ким жооп берет?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева “Бишкекасфальстсервис” муниципалдык ишканасында 1 миллиард сомго жакын каражат уурдалган деп айыптоодо. Сөз болуп жаткан акча борбордогу жолдорду оңдоп-түзөөгө бюджеттен бөлүнгөн каражат.

Сүрөттүн булагы, Official
Депутат Элвира Сурабалдиева өзү шайланган Бишкектеги Биринчи май районундагы эле ондогон көчөлөр кагаз түрүндө асфальтталып, бирок чынында жолдор эч кандай ремонттолбогонун айтып чыкты.
“Акыркы беш жылда 1 миллиард республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат желип, уурдалып кеткен. Баш-аягы жок, укук коргоо органдары “кустуруу” менен алек болуп, 900 миллион сом кайда кеткенин эч ким айта албай атат. Кагазда бул көчөлөрдө ремонт жасалган, факт түрүндө болсо ремонт 30 жылдан бери жасалган эмес. Бул аферисттерди ким коргоп жатат? Мен түшүнбөй жатам”,- деди депутат парламентте.
Эл өкүлү шайлоочулары жолдордун сапаты тууралуу арызданган конкректтүү көчөлөрдү санап өттү. Ал жолдордо асфальт төшөлбөй, арыгы чабылбай, тротуарлар салынган эмес.
- Түлөбердиев көчөсүнүн Көкчөтау көчөсүнөн Саадав көчөсүнө чейинки 1 ,2 км 2019-жылы ремонттап башташкан, бирок бир жолу асфальт төшөгөндөн кийин курулуш токтогон. Тротуарлар да жок.
- Васильев көчөсүндө да ремонт 2019-жылы башталып, аягына чыккан эмес.
- Көкчөтау көчөсүндө тротуар жок, арыктары чабылган эмес.
- Волков көчөсүндө ремонт иштери 2018-жылы башталган, бирок айрым жерлеринде иш аягына чыгарылган эмес.
- Раззаков көчөсүндө да ремонт 2019-жылы башталып, айрым тилкелеринде иш аягына чыккан эмес.
- Күрөңкеев көчөсүн жаңылоо 2018-жылы башталган, бирок бул жолдун да айрым тилкелери ошол бойдон калып, тротуар салынган эмес.
- Кудрук көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн баштап Махатма Ганди көчөсүнө чейин жана дагы башка учактоктору ошол бойдон калган.
- Месарош көчөсүндөгү Профсоюз-Фучик көчөлөрүндөгү айрым жол тилкелери ремонтко муктаж.
- Мыскал көчөсүнүн "Көлмө" жаңы конушуна кеткен жолу да жарытпайт.
- Дыйкан көчөсүнүн "Керемет" жаңы конушуна кеткен жол тилкеси оңдоп-түзөөгө муктаж.
- Республика көчөсүнүн Мидин-Окраинная көчөлөрүнүн ортосундагы жерин да ремонттош керек.
Бишкектеги жолдордун маселесин көтөргөн депутат айымду коомдук сайттарда ошол эле көчө тургундары колдоп жатышат Барчынгүл Турсунова аттуу жаран деп жазды:
"Мыскал көчөсүнө асфальт төшөлө элек. Жети айдан ашты заборлорубуз бузулуп, үйлөрдүн алды ачылып -чачылып жатабыз. Сизге да кат жүзүндө кайрылганбыз. Кыш келип калды. Эмне болобуз?"
Элвира Сурабалдиева Бишкек шаардык мэрияга караштуу бул муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн Башкы прокуратура өзү текшериши керек экенин Би-Би-Сиге берген комментарийинде билдирди.
Жогорку Кеңеш трибунасынан жаңырган депутаттын мындай дооматтарына “Бишкекасфальстсервис” расмий жооп бере элек.
Бирок ишкананын басма сөз катчысы Гүлжигит Үсөналиев Би-Би-Бисиге ишкана жетекчилиги буга жооп даярдап жатканын ырастады:
“Депутаттын айтканы боюнча жетекчиликтен тапшырмалар берилди. Азыркы учурда 2016-жылдан берки архивдик документтерди кароо иштери жүрүп жатат. Ал убакытты талап кылат. Андан кийин толук маалымат берилет. Бирок Бишкек шаарынын жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүп жатат”.
Бишкектин көчө-жолдорун оңдоп түзөөгө шаардык мэриядагы эки түзүм жооптуу. Транспорт жана инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти борбордогу негизги көчөлөрдү, трассаларды гранттык же насыялык акчалар эсебинен жаңылоо менен алектенет. Ал эми “Бишкекасфальстсервис” шаардын ички көчөлөрүнүн абалына жооптуу, ишканага акча көбүнэсе бюджеттен бөлүнөт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Бишкекасфальстсервиске” байланыштуу эң чулгандуу кылмыш иши 2014-жылы козголуп, анда УКМК ошол туштагы ишкана жетекчилиги 3 миллион сом мамлекетке зыян алып келгенин айтып чыккан.
Андан кийин “Бишкекасфальстсервиске” жетекчи болгон Мирлан Амантуровдун кезинде 2016-жылы ишкана подрядчиктерге 600 миллион сом карыз болуп калганы тууралуу ызы-чуулуу жаңылыктар чыккан. Бирок аткаминер өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Чиновник 2020-жылы “Кактус” басылмасына мэриядагы жолдорду оңдоп-түзөдөгү коррупциянын масштабы тууралуу да интервью берген. Чиновник анда 1,5 километрдик көчөнү жаңылоодон эле 80 миллион сомго чейин акча уурдалганын айткан.
Бишкек шаарындагы көчөлөр оңдоодон өтүп, жаңыланганы менен сапаты көпчүлүктү нааразы кылып келет. Бир-эки жыл айланбай, көпчүлүк жерлердин асфальты сыйрылып, тротуарлардын айрым жерлери чөгүп кетип жатканы коомдук сайттарда байма-бай айтылып келет. Мындай жерлер борбор калаанын башкы көчөлөрүндө да кездешет. Жаңы курулган жолдордун кемчилиги чыгып, аларды кайра оңдогон учурлар дагы жок эмес.
Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Айгүль Майташева: “Биз Бишкектен борборунда жашайбыз, 81 жаштагы апамды коляскага отургузуп, көчөдө сүйрөп жүрүү мүмкүн эмес. Тротуарлар жок, болсо да абалы укмуш. Ушул маселени көтөрүп жаткан депутатка ырахмат”,- дейт ал.
2018-жылы Кыргызстан жолдордун сапаты боюнча Дүйнөлүк экономикалык форумдун Атаандаштык боюнча глобалдык индексинде 137 өлкө ичинен 122 орунду алган эле. Бул Борбор Азия өлкөлөрү ичинен эң төмөнкү орун.












