You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мексикадагы митингде жүздөн ашык адам жараат алды
- Author, Рут Комерфорд, Этираджан Анбарасан
- Role, Би-Би-Синин эл аралык маселелер боюнча кабарчылары
Мексиканын ордо калаасы Мехико шаарында өкмөткө каршы митингдердин маалында бери дегенде 120 киши жараат алды. Алардын 100дөн ашыгы – полициянын кызматкерлери.
Коопсуздук кызматынын башчысы Пабло Васкес жекшемби күнү 40 полиция кызматкери ооруканага жаткырылганын билдирди.
Мехиконун мэри Клара Бругада жарандардын нааразычылыгын билдирүүгө болгон укугу зомбулук менен коштолбошу керектигин айтты. Мэр "митингчилердин радикалдуу тобу жасаган" аракеттерди кескин айыптады.
Митингге кайсы жагдайлар себеп болду?
Миңдеген демонстранттар ишемби күнү Мехикодо жөө жүрүшкө чыгып, зордук-зомбулукка жана президент Клаудия Шейнбаумдун саясатына нааразылыгын билдиришти.
Президент өлкөнүн башка шаарларында да өткөн жүрүштөрдү өкмөткө каршы чыккан оңчул саясатчылар каржылаганын айтты. Борбор калаадагы митингди "Z муунунун" жаштар топтору уюштурушту. Алардын катарына баңги картелдерине каршы катаал чараларды көрүүгө үндөп келген Уруапан шаарынын мэри Карлос Мансонун өлтүрүлүшүнө нааразы болгон жарандар да кошулушту.
Өзүн "Generation Z Mexico" деп атаган топтордун бири социалдык тармактарда манифестти таратты. "Манифестти зордук-зомбулуктан, коррупциядан жана бийликти кыянаттык менен пайдалануудан чарчаган мексикалык жаштар даярдаганы" айтылат.
Демонстранттар президент Шейнбаум жашаган Улуттук сарайды курчаган тосмонун бир бөлүгүн талкалашты. Комплексти кайтарган полиция митингчилерге каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду.
Митингчилер "Биз баарыбыз – Карлос Мансобуз" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты, айрымдар маркумдун урматына ковбой шляпаларын да кийип алышкан.
Мансо 1-ноябрда фестивалда атып өлтүрүлгөн.
Мансо картелдердин зомбулугу тууралуу ачык айткан саясатчы катары таанылган. Ал кылмыштары менен элдин үрөйүн учурган картелдердин куралдуу мүчөлөрүнө каршы катаал чараларды көрүүнү талап кылган.
Президент Шейнбаум картелдерге каршы чараларды көрүп жатканы менен, баңгизатка каршы чоң согушка үндөгөн чакырыктарга кошулбайт.
Жүрүшкө бир нече күн калганда президент демонстрация тууралуу билдирүүлөрдү "интернетте боттор таратып, митингдерге чыгууга үндөп жатканын" айткан.
"Эгерде жаштардын талаптары бар болсо, сөз эркиндигине жана демонстрацияларды өткөрүү укугуна каршы чыкпайбыз, бирок бул жерде демонстрацияларга кимдер үгүттөп жатат деген суроо жаралат", - деди ал.
Президент кызматтагы биринчи жылында ишеним рейтингинде кыйла жогорку тепкичте турат, ал калктын 70 пайыздан ашыгынын колдоосуна ээ.
Бирок каршылаштары президентти өлкөдөгү зордук-зомбулукту токтото албай жатканы жана кошуна мамлекеттер менен тил табыша албаганы үчүн сынга алышууда.
Ушул айдын башында Перунун Конгресси Шейнбаумду персона нон грата деп жарыялоо үчүн добуш берген.
Мындай чечим Перу Мексика менен дипломатиялык мамилелерди үзгөндөн бир нече күн өткөндөн кийин кабыл алынган, себеби Мексиканын өкмөтү 2022-жылдагы төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталган Перунун мурдагы премьер-министрине башпаанек берген эле. (ZMa)