You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Борбор Азия–Азербайжан". Жаңы форматтагы өнөктөштүк чөлкөмгө эмне берет?
16-ноябрда Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу аяктады. Буга Азербайжандын толук кандуу мүчө болушу – саммиттин эң маанилүү окуясы болуп калды. Бул арада мындан ары жолугушуунун форматын "Борбор Азия коомдоштугу" деген стратегиялык платформага өзгөртүү сунушталды.
Борбор Азия лидерлеринин Ташкенттеги жолугушуусу тарыхый саммит катары аталып жатканы бекер эмес. Бир нече жылдан бери жолугушууга ардактуу мейман макамында катышып жаткан Азербайжан бул сапар кеңешменин толук кандуу мүчөсү болуп калды.
Чөлкөм лидерлерин кабыл алган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв бул чечим тарыхы, туугандык байланышы, руханий жана маданий жакындыгы менен бекем байланышкан элдердин кызыкчылыктарына толук жооп берерин билдирди.
Өзбек лидери бул стратегиялык кадам консультативдик жолугушууларга дем кошуп, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенерин кошумчалады.
"Негизинен, биз Борбор Азия менен Түштүк Кавказды туташтырган бекем көпүрө куруп, кызматташтыктын бирдиктүү мейкиндигин түзүүгө жол ачабыз. Бул эки чөлкөмдүн тең стратегиялык өз ара байланышын жана туруктуулугун күчөтөрү шексиз", — деди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
"Экономикалык жактан пайдалуу, саясий жактан тобокелчиликтүү"
Азербайжан Каспий деңизинин батыш жээгинде, Түштүк Кавказда орун алган мамлекет. Өлкө мунай жана газ ресурстарына бай. Он миллиондон ашыгыраак калкы бар мамлекетти Илхам Алиев 2003-жылдан бери башкарып келе жатат.
Батыш өлкөлөрү менен экономикалык ымаласы терең, Түркия менен туугандык да, стратегиялык да байланышта. Демек, бул мамлекеттин бир жагынан Кытай, бир жагынан Орусия көз салып турган Борбор Азия менен мамилесин мурдагыдан да бекемдеши, анын менен катар кеңешмеге мүчө болушу чөлкөмдөгү саясий жана экономикалык баланска кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул Азербайжандын Борбор Азия лидердеринин консультативдик жыйынына толук кандуу мүчө болуп кошулушу саясий жактан терс, экономикалык жактан оң жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн деген пикирде:
"Украинадагы согушка байланыштуу Орусия санкцияларга кабылгандан бери транспорттук коридорлор жабылып, түндүк жактан келген товарлардын баасы кымбаттап кетти. Азербайжан болсо Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан. Европа менен түздөн-түз байланышта. Себеби Транскаспий каридору бар. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү Азербайжан аркылуу соода байланышын кеңейтсе болот. Экономикалык жактан кызматташтык өтө маанилүү. Саясий жактан алганда, Азербайжан Түркияга жакын, алар бири-бири эки мамлекет бир элбиз деп аташат. Бул жагынан алганда түрк дүйнөсүнө жакындаганын белгилегени жакшы. Бирок Түркия аскердик альянс болгон НАТОнун мүчөсү, муну унутпаш керек. Бир жагынан бул өлкө Батышка, анын ичинде англосакстарга да жакын. Мурдатан эле Азербайжанда америкалык мунай компаниялар иш алып барышат. Ошондуктан Азербайжан Борбор Азияга жакындаган сайын Орусиянын буга кыжыры келиши мүмкүн. Анын үстүнө Баку менен Москванын карама-каршылыгы күчөп жатат. Мунун баары чөлкөм үчүн чоң тобокелчилик да жаратышы ыктымал".
"Борбор Азия жаңы доордун босогосунда"
Шавкат Мирзиеёв Азербайжандын кеңешмеге мүчө болгонун жарыялагандан тышкары жолугушуунун форматын өзгөртүп, "Борбор Азия коомдоштугу" деген аталыштагы платформага айлантууну, Секретариат жана Ак сакалдар кеңешин түзүүнү, улуттук координаторлордун макамын жогорулатууну сунуштады.
Өзбекстан лидери чек ара маселелери толугу менен жөнгө салынып, өткөрмө бекеттер ачылып, суу-энергетикалык тармакта өз ара пайдалуу кызматташтык калыбына келгенин, транспорттук каттам жанданганын, соода-инвестициялык жана гуманитардык алака үчүн жагымдуу шарт түзүлгөнүн баса белгилеп, мындан улам алаканы жаңы деңгээлге чыгарууга мезгил жеткенин, Борбор Азия тарыхый кайра жаралуу доорунун босогосунда турганын айтып жатат:
"Азыртан эле алдыдагы 10–20 жылда регионду кандай элестетерибизди так аныктап алуу өтө маанилүү".
Чынара Эсенгул дүйнөдө идеологиялык согуш жүрүп жаткан маалда Борбор Азия элдери биригип, бир бололу деген аракет көрүлүп жатканын, "Борбор Азия коомдоштугу" платформасын түзүү демилгеси мунун бир бөлүгү экенине көңүл бурат:
"Мирзиёев уюм, институт, кандайдыр бир структура түзөлү деген жок. Бул жерде биз борбор азиялыкпыз, иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирели деп, элге кайрылып жатат. Бул жерде ар бир мамлекеттин коомчулугунан түзүлгөн Борбор Азия коомчулугу түзүлсө деген ой жатат. Бул максатка жетүү өтө көп убакытты талап кылат. Чөлкөмдө 19-кылымда орус империясы, кийин совет бийлиги үстөмдүк кылып, Борбор Азия биримдиги бузулган. 90-жылдардын башында биримдикти калыбына келтирүүгө аракеттер болгон, бирок геосаясий оюндардын натыйжасында ишке ашкан эмес. Азыр Шавкат Мирзиеёв саясаттан мурда элдин биримдиги маанилүү экенин белгилеп, ушундай сунуш менен чыгып жатат".
Берлиндеги Карнеги борборунун Евразия жана Орусия боюнча изилдөөчүсү Темур Умаров Ташкенттеги шерине боюнча Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазып, бир күч катары биригүү аракети байкалып жатканын билдирди.
Ошол эле маалда чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн башчыларынын мындай форматтагы жолугушуусунан ашыкча үмүт артып, олуттуу чечимдер кабыл алынат деп күтүү ашыкча болорун да белгиледи:
"Бирок бул консультативдик жолугушуулар пайдасыз же алар болбосо жакшыраак болмок дегенди билдиреби? Албетте, жок. Муну да пайдасы бар. Аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери бири-бири менен пикир алышып, ырааттуу түрдө жолугушканы – Борбор Азиянын саясий турмушундагы чоң жылыш. Мындан тышкары азыр чөлкөм ичиндеги кызматташтык тарыхта мурда-кийин болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Башкача айтканда, консультативдик жолугушуулар мамилелердин жакшырганынын натыйжасы, бирок анын себеби эмес".
Ташкенттеги Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунда беш документке кол коюлду.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аймактын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткан доордо өз ара ишеним жана биримдик духун сактоо мурдагыдан да маанилүү экенин белгиледи.
"Өткөн жылы Кыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген түз инвестициялардын көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 15% өсүп, 135 млн АКШ долларын түздү. Жалпысынан акыркы үч жылда Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 28% көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 1 млрд 700 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14% көбөйдү", - деди кыргыз президенти.
Борбор Азия башчыларынын консультативдик кеңешмесин өткөрүү демилгесин 2017-жылы Шавкат Мирзиеёв БУУнун Башкы ассамблеясында демилгелеген.
Бул форматтагы жолугушуу алгач 2018-жылы Астанада өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан башчылары катышып келет.
Кийинки жолугушуусу 2026-жылы "Борбор Азия жана Азербайжан" деген жаңы форматта Түркмөнстанда өтөт.