"Кезек эми Орусияда": Сауд Аравиядагы АКШ-Украина сүйлөшүүлөрү кандай аяктады?

Рубио

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ок атышууну отуз күнгө токтотуу жөнүндөгү Американын сунушуна Украина бир шарт менен макул болду. Киевдин талабы ушул эле сунушту Орусия тарап дагы кабыл алышы керек. Вашингтон буга жооп катары Украинага аскердик жардамды кайрадан жандандырууну жана чалгын кызматынын маалыматтарын бөлүшүүнү убада кылды. Сауд Аравияда жолуккан эки мамлекеттин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн негизги жыйынтыктары ушулар болду.

Жидда шаарында өткөн АКШ - Украина сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы менен эки тарап биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Киев АКШ тараптын "тез арада ок атышууну 30 күнгө токтотуу" боюнча сунушун кабыл алды. Бул эки тараптын макулдашуусу менен дагы узартылышы мүмкүн. Киевдин башкы талабы бул эрежени Орусия тарап дагы кабыл алышы керек.

Орусия тараптын ымалага келүүсү "тынчтыкка жетүүнүн ачкычы" экенин орусиялык жетекчиликке жеткирүүнү АКШ убада кылды.

Ошондой эле маалымат жыйынында айтылгандай, Вашингтон чалгын маалыматтарын алмашууга коюлган тыныгууну токтоосуз түрдө алып салат жана Украинага коопсуздук жаатында көрсөтүлө турган жардамды кайрадан жандандырат.

"Эми кезек Орусия тарапта, эгер Орусия ок атышууну токтотуу боюнча жок деп жооп бере турган болсо, анда тынчтыкка кимдер тоскоол болуп жатканын билебиз",- деди АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.

Украинанын президенти Володимир Зеленский "эми АКШ Орусияны ушул сунушка көндүрүшү керек" деп белгиледи. Ок атышууну токтотуу Орусия макул болгон учурдан баштап күчүнө кирет деди Зеленский.

Жиддада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын Москвага жеткирүү маселеси тууралуу сөз болгондо Марко Рубио америкалык тарап муну "мүмкүн болушунча ыкчам орундата турганына үмүттөнөрүн" айтты. Мындан көп өтпөй эле АКШ президенти Дональд Трамп АКШ менен Орусия өкүлдөрүнүн жолугушуусу жекшемби же шаршембиден кийин өтө турганын билдирди. Ал кайда өтөт, кимдердин катышуусунда болот дегенди Трамп тактап айткан жок.

Украина президентинин администрациянын башчысы Андрей Ермак жана анын орун басары Павел Палиса, Украинанын Тышкы иштер министри Андрей Сибига жана Коргоо министри Рустем Умеровдор сүйлөшүү үчүн Жиддага барды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украина президентинин администрациянын башчысы Андрей Ермак жана анын орун басары Павел Палиса, Украинанын Тышкы иштер министри Андрей Сибига жана Коргоо министри Рустем Умеровдор сүйлөшүү үчүн Жиддага барды

Ошондой эле Америка президенти Орусия лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүнү пландап жатканын билдирди. Анын айтканына караганда, "танго үчүн экөө керек". Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсү ушул аптада болушу мүмкүн.

Трамп Украинанын президенти Володимир Зеленскийди кайрадан Акүйгө чакыра турганын дагы айтты.

Украина-АКШ өкүлдөрүнүн биргелешкен билдирүүсүнөн улам "Украинанын баалуу кен байлыктарын биргеликте иштетүү боюнча жалпы макулдашууну" мүмкүн болушунча эртелеп түзүү тууралуу сүйлөшүү өткөнүн түшүнүүгө болот.

Мындан тышкары делегациялар тынчтык жараянынын бир бөлүгү катары ок атышууну токтоткон учурда гуманитардык аракеттердин маанилүүлүгүн дагы талкуулады. Мында туткундарды алмашуу, кармалып турган жайкын тургундарды бошотуу жана мажбурлап алынып кеткен украиналык балдарды кайтарып алуу тууралуу сөз болуп жатат.

Сүйлөшүүлөргө Европанын катышуусу маанилүү экенин украин тарап белгилеген, ал биргелешкен билдирүүдө айтылды.

Би-Би-Си кабарчысы Святослав Хоменко сүйлөшүүнүн жыйынтыгын талдайт:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жиддадагы бир нече саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийинки кыска билдирүү украин согушу боюнча бир нече сюжеттик багыттарды ачып берет.

Биринчиден, Украина тараптын көпкө созулбаган каршылыгынан кийин буга чейин Дональд Трамптын командасы сүрөп келген жөнгө салуу планын кабыл алганы түшүнүктүү болду. Киевдин биринчи кезекте коопсуздук кепилдиги берилсин деген талабы унутта калгандай.

Буга чейин Володимир Зеленский сүрөп келе жаткан асман мейкиндигинде жана деңизде ок атышууну токтотуу режими дагы унутулгандай. Азыр Киев ок атышууну тез арада, эч кандай шартсыз токтотууга макул болду. Дональд Трамптын көзү менен караганда, мунун баары Украина тынчтыкты эңсеп турганынын далили.

Америкалык президенттин логикасы так ушуга таянган. Келечекте эмне болуп кетээрин эч ким билбейт. Отуз күндүк элдешүү дагы узартылышы мүмкүн. Андан соң дагы бир ай, дагы бир ай деп узара бериши ыктымал. Сүйлөшүү өткөрө турган топтор калган деталдарды макулдашып алууга мүмкүнчүлүк алат.

АКШ мамлекеттик катчысы Марко Рубио, улуттук коопсуздук маселелери боюнча Трамптын кеңешчиси Майк Уолтц сүйлөшүүгө катышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ мамлекеттик катчысы Марко Рубио, улуттук коопсуздук маселелери боюнча Трамптын кеңешчиси Майк Уолтц сүйлөшүүгө катышты

Трамп үчүн эң башкысы фронтто атышууну тыйып, адамдардын өлүмүн токтотуу. Ал эми Орусия Минск макулдашуусу күчүндө турганда анын шарттарын ондогон ирет бузуп, жарашуу келишимин унутта калтырганы Трампты анчалык деле кызыктырбайт өңдөнөт. Андан сырткары Владимир Путиндин тынчтыкты чындап каалап турганын жеке өзүнө айтканына Трамп болушунча ишенгендей.

Володимир Зеленский Орусия кандай гана тыныгуу болбосун аны өз кызыкчылыгына пайдаланып, өз аскерлерин кайрадан топтоп, армиясын куралдандырууну гана көздөйт деген пикирин өзгөрттүбү? Андай болушу күмөн. Бирок Европа АКШ берген аскердик көмөктүн ордун дароо толуктап кетүүгө даяр эместигин көргөн соң Киевдин Трамптын сунушуна макул болгондон башка аргасы калбай калган сыяктанат. Эми суроо Киев бул тыныгууну кандай пайдалана алат дегенде турат.

Экинчиден, эми Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү кадамын ташташы керек. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын тараткан билдирүүлөрүнө караганда, ушул аптада Москвага АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф барат.

Владимир Путин "атайын аскердик операциянын бардык максаттарын толук орундатмайын" аскердик аракеттерди токтотпой тургандыгынан бир да жолу күмөн санаткан эмес. Ошондон улам Жиддада айтылган сунушка орус президентинин бере турган жообун болжоо кыйын болуп турат.

Путиндин макулдугу ок атышууну отуз күнгө токтотуу тууралуу жыйынды мүмкүн болушунча тез арада уюштуруу дегенди түшүндүрүшү ыктымал. Анда "Украинанын коопсуздугу камсыздалган, туруктуу дүйнөнү түзүү" макулдашуусунун кеңири жараяны башталат. Баш тартуу же так жооп берүүдөн качуу эмнеге алып келет деген суроого азырынча жооп жок. Анда биз эң эле болбоду дегенде Дональд Трамп Владимир Путинге басым кылууга жөндөмдүүбү жана ал кандай көрүнөт дегенге жооп алабыз.

Үчүнчүдөн, Жиддадагы сүйлөшүүлөр Украина үчүн сезилээрлик натыйжа бериши мүмкүн. Анда "Америка кошмо штаттары чалгын маалыматтарын алмашууга коюлган чектөөнү токтоосуз алып салат жана Украинанын коопсуздугу жаатында аскердик жардамды калыбына келтирет" деген фраза камтылган. Вашингтондун жардамды токтотуп койгону фронт чегиндеги украиналык аскерлердин согуштук даярдыгына заматта таасир бергенин журналисттерге айтып жатышат. Ошондон улам Жиддадагы кабар Украинадагы далай аскердин маанайын көтөрөт.

Сүйлөшүү кандай өттү?

Вашингтон менен Киевдин өкүлдөрүнүн Жиддадагы жолугушуусу сегиз сааттан ашык убакытка созулду.

Украина тараптан Тышкы иштер министри Андрей Сибига, Коргоо министри Рустем Умеров жана украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак катышты. Ермактын орун басары Павел Палистин дагы жолугушууга катышканын сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө мамлекеттик катчы Марко Рубио, Дональд Трамптын улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Майк Уолтц катышты. Экөө тең Эр-Риядда өткөн Орусия менен жолугушууга катышкан. Жиддадагы сүйлөшүүлөргө АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф дагы катышышы керек болчу. Бирок жарыяланган сүрөттөрдө ал көрүнгөн жок.

Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы үч саатынан кийин жолугушуу өтүп жаткан Ritz-Carlton отелинен CNN кабарчысы Марко Рубио менен Уолтцту байкаган. Журналисттердин сүйлөшүүлөр кандай өтүп жатат деген суроосуна Уолтц "жылыш бар" деп кыска гана жооп берген.

Болжолдуу ошол эле убакытта украиналык жогорку даражалуу кызматкер AFP агенттигине АКШ тарап менен Жидда шаарындагы сүйлөшүүлөр "жакшы нукта өтүп, көп маселелер козголгону тууралуу" жашыруун айтып берген. Ошондой эле Андрей Ермактын коммуникация маселелери боюнча кеңешчиси Дарья Заривная өзүнүн телеграм-каналына жолугушууну нейтралдуу сыпаттап жазды.

Ермактын өзү жолугушуу учурунан интернетте пост жарыялады. Анда эки тараптын делегацияларынын кол алышып турган сүрөттөрү чагылдырылган.

Жолугушуу аяктагандан кийин АКШ президентинин пресс-катчысы Кэролайн Ливитт Жиддадагы кабарды "позитивдүү", ал эми жолугушууну "жемиштүү" деп атады.