Канышай Мамыркулова камакта: адвокаттын өтүнүчү орундалабы?

Канышай Мамыркулова

Сүрөттүн булагы, Social media

Эркин журналист Канышай Мамыркулова бүгүн Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) которулат. Активисттин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын кабарлашты. Бул арада Канышай Мамыркулованын бошотулушун кубаттаган журналисттердин саны 320га жеткени маалым болду.

Эркин журналист жана жарандык активист Канышай Мамыркулова 20-мартта камакка алынганы белгилүү болгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 22-мартта анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

"Бүгүн убактылуу кармоо жайынан №1 СИЗОго которулат. Азырынча эч нерсеге даттанган жок, жакындары тыштан тамак-аш киргизип жатышат. Албетте, ден соолугу начар. Саламаттыгында олуттуу көйгөйлөр бар экен. Биз эми анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз", – деди Би-Би-Сиге журналисттин адвокаттарынын бири Акылбек Ногойбаев.

Акылбек Ногойбаевдин айтымында, Канышай Мамыркуловага Кымыш-жаза кодексинин 278-беренеси – (Жапырт башаламандыкка чакыруу) менен иш козголгон.

Мындан тышкары 230-берене (Расалык, этностук, улуттук диний жана аймак аралык кастыкты козутуу) боюнча да айып тагылууда. Адвокат Мамыркуловага коюлган айыптар негизсиз экенин белгилейт:

"Атай Бейшенбек деген блогер бар. Ал 2022-жылы "Рахмон агрессор жана чекит" деген пост жарыялаптыр. Канышай Мамыркулова 13-мартта дал ошол постту кайрадан бөлүшүп, адамдар эмне үчүн тез эле мурдагы позициясынан тайып, оюн өзгөртүп коюшат деген өңдүү комментарий жазган экен. Дал ушул пикири үчүн улут аралык араздашууну козутууга айыптап жатышат. "Атай Бейшенбек убагында ушундай пост жазды эле, азыр башкача сүйлөп калыптыр" деп койгону үчүн эле жоопко тартылышы керекпи? Андай болсо ошол кезде коңшу өлкөнүн башчысын агрессияга айыптагандар азыр эмнеге жоопко тартылбайт?!"

Ушул тапта социалдык тармактарда Канышай Мамыркулованын бошотулушун кубаттаган журналисттердин саны 320га жетти.

Активист Аманбол Бабакуловдун айтымында, анын ичинен 120 киши демилгечи топко кайрылып, атайын келип кол коюп кетишти:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Биз бул жерде журналисттердин эле колун топтоп жатабыз. Кол коебуз деген активисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү, карапайым эл мындан да көп. Биз бир чечимге келгенден кийин кайрылууну өлкөнүн президентине, УКМКнын төрагасына, Жогорку Кеңештин спикерине, ИИМдин башчысына жолдойбуз".

Ал ортодо айрым юристтер жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоо башкы вазыйпасы болгон Акыйткачы институту кээде ушундай жагдайларда үн катпай жатат дешүүдө. Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Эмил Жандаев болсо мыйзамда көрсөтүлгөн шартта иштеп жатышканын айтат:

"Мыйзам боюнча биз тергөө амалдарына, соттук териштирүүгө кийлигише албайбыз. Комментарий да бере албайбыз. Анткени биз процессуалдык документтерди көрө албайбыз, окуй албайбыз. Бирок биз бүгүн Канышай Мамыркуловага барып, абалы менен таанышып, кармоо шарттары текшерип келдик".

Негизинен эл арасында бийликке сын айткандарды жоопко тарткан учурлар көбөйүп жатканы айтылып келет. "Азаттык" радиосу 2020-жылдын ноябрь айынан бери соцтармактарга жазган билдирүүлөрү, бөлүшкөн маалыматы, жасаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашык жаранды аныктаганын жазган.

Kloop.kg басылмасынын дата-бөлүмү 2020-2024-жылдар аралыгында өлкөдө саясий себептерден улам 140 адамга кылмыш иши козголгонун, анын ичинде 38 активист жана 21 журналист бар экенин жарыялаган.

"Маселен, жазуучу Олжобай Шакир, активисттер Зарина Төрөкулова, Автандил Жоробековдордун деле ишин карап көрсөк, баарыныкы окшош: Биринде да укук бузуу, бийликти басып алууга чакыруу, кастыкты козутуу деген нерсе жок эле. Бийликке сын айткандарга саясий өңүттө иш козголуп жатат. Негизи сот системасы бийликтин башка бутактарынан көз карандысыз болбосо, адилеттүүлүккө жетүү мүмкүн эмес", – дейт юрист Акмат Алагушев.

Ушул тапта "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси, журналист Махабат Тажибек кызы жана аталган долбоорун кызматкери, журналист жана акын Азамат Ишенбеков түрмөдө отурат. Аларга да "Массалык башаламандык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Махабат алты жылга, Азамат беш жылга соттолгон. Пробациялык жаза өтөп жаткан журналисттер да бар.

Мурдараак журналист Аскер Сакыбаева коомдогу курч окуяларды чагылдырып, тайманбай иликтөөлөрдү жасап жаткан журналисттер боюнча Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пикирин жазган:

"Эми чынын айтсак, азыркы учурда иштеп жаткан журналисттер, жаш журналисттер мыкты деп айтар элем. Себеби биз журналистикага келген кезде ооз ачсаң эле түрмөгө тыгып салат деген азыркыдай коркунуч болгон эмес. Көрсө, чыныгы сөз эркиндиги Акаевдин учурунда, андан кийин да болуптур. Азыркы жаштар журналистикага иликтөөлөрдү, фактчекингди алып келишти. Дүйнөлүк журналисттерден ашса ашып, бирок кем калбаган журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп келе жатышат. Жөн эле иликтеп койбой жеке башын тобокелге салган учурлар көп. Ошон үчүн азыркы журналисттер мен үчүн чыныгы баатырлар. Керек болсо биз алардан үйрөнсөк жакшы болор эле. Эми жок дегенде аларга моралдык колдоо көрсөтүп турушубуз керек".

Бийлик өкүлдөрү болсо өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин билдирип келет. Маселен, президент Садыр Жапаров 26-февралда Европарламенттин адам укуктары боюнча комитетинин депутаттарын кабыл алган учурда журналисттер өз укуктарын жакшы колдонуп жатканын айткан:

"Бизде дин эркиндиги да бар, адам укуктар да сакталат, демократия да бар. Сиздер кошуна өлкөлөр менен салыштырып айтып жатасыздар. Менимче, айрым Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу бизде демократия да бар, сөз эркиндиги да бар. Журналисттер да укуктарын жакшы колдонушат".

Ошентип кыргыз бийлиги кашкайган далилдер болсо баарын ачык жарыялагыла деп бир нече жолу баса белгиледи. Андай материалдар коррупциянын бетин ачууга көмөк болорун жүйө тартып келе жатышат.

Ал эми Freedom House уюмунун "Дүйнөдөгү эркиндик 2025" баяндамасында Кыргызстан эркин эмес өлкөлөрдүн катарында калган. Мындан башка дагы эл аралык уюмдар өлкөдө сөз эркиндиги чектелип, жалпыга маалымдоого каражаттары кысымга кабылып жатканын сындап келишет. (АА)