Сүрөт: Делини нормадан 40 эсе жогору болгон уулуу ыш каптады

Deli

Сүрөттүн булагы, EPA

Индиянын борбору Делини коюу уулуу түтүн каптады, ал адам өмүрүнө коркунуч туудурат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча абанын булганыч деңгээли коопсуз делген абадан 40 эсе жогору. Акыркы жылдары Делиде уулуу күзгү түтүн коркунучтуу көрүнүшкө айланды.

Ноябрь айында түтүндүн күчөшүнүн негизги себеби, жакынкы аймактарда түшүм жыйноодон кийинки калдыктар өрттөлүүдө. Индиянын түндүгүндөгү дыйкандар жерди жаңы түшүмгө даярдоо үчүн жыл сайын ушундай кылышат.

Бийлик абада кооптуу бөлүкчөлөрдүн концентрациясынын көбөйүшүн көптөгөн штаттарда тыюу салынганына карабай адамдар фейерверк атылган Дивали майрамы менен байланыштырат. Быйыл фестиваль октябрдын аягында өттү.

deli

Сүрөттүн булагы, Reuters

Бейшемби күнү эртең менен Делиде PM2.5 - канга кире турган абадагы кичинекей бөлүкчөлөрдүн деңгээли бир куб метрге 588 микрограммга жетти. Бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коопсуз деп атагандан 40 эсе көп.

ДСУнун 2021-жылы жаңыланган сунуштарына ылайык, PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн суткалык деңгээли бир куб метрге 15 микрограммдан ашпашы керек.

deli school

Сүрөттүн булагы, EPA

Шаар бийлиги курулушчуларга жумушка чыкпоо үчүн компенсация төлөй турганын жар салды. Көптөр былтыркыдай мектептер, университеттер да жабылат деп үмүттөнүшөт.

"Окуучулар түтүн күчөгөн маалда мектепке барганга мажбур. Алар сыртта дем алууга мүмкүн эмес болуп турган чакта, эшикте спорт менен машыгышат. Дели өкмөтү канча мектепте түтүн детекторлору бар экенин так айта элек. Эгерде алар мектептерде абанын таза экенине кепилдик бере албаса, биз аларга мектептерди жабуу өтүнүчүн жөнөтөбүз",- деди Би-Би-Сиге Индиянын улуттук балдар укугун коргоо уюмунун өкүлү Приянк Канунго.

Дүйнөдөгү эң кир аба

Унаа жана өнөр жай газдарынан, чаңдан жана аба ырайынан улам Дели дүйнөдөгү эң булганган борбор деп эсептелет. Ноябрь айында мегаполистин абасы өзгөчө уулуу болуп калат, анткени жакын жайгашкан аймактардын дыйкандары түшүм жыйноодон кийин дан сабагынын калдыктарын өрттөшөт.

delii

Сүрөттүн булагы, EPA

Жыл сайын кыш жакындаганда Делинин асманы боз болуп, адамдардын мурду бүтүп, көздөрү ооруйт. Ооруканалар өпкөсү ооруп, жөтөлүп, деми кысылып жаткан бейтаптарга толот. Делиде жөн эле дем алуунун өзү коркунучтуу болуп баратат.

Lancet журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, 2019-жылы 1,6 миллион индиялыктардын өлүмүнө абанын булганышы себеп болгон. Алардын 17 миңден ашыгы Делинин тургундары болгон.

deli

Сүрөттүн булагы, EPA

Өткөн жылы Делиде абанын булганышы ушунчалык жогорку деңгээлге жеткендиктен, өлкөнүн Жогорку Соту шаардын жана коңшу штаттардын бийликтерине, ошондой эле федералдык өкмөткө калкты коргоо үчүн чукул чараларды көрүүнү буйруган.

Андан кийин мектептер убактылуу жабылып, айрыкча жүк ташуучу унаалардын көбүнө борборго жана ага коңшу аймактарга кирүүгө тыюу салынган. (MD)