Бишкек кызыл зонада. Чектөөлөр киргизилеби?

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

12-январда Бишкек кызыл зонага кирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 12-январда Бишкек кызыл зонага кирди

Бүгүн жалпы өлкө боюнча коронавирустун 586 жаңы учуру катталды. Анын ичинен 435и Бишкек шаарынан чыкты.

"Кызыл зона" деп эсептелинген Бишкекте өткөн суткада 742 жаңы учур катталып, буга байланыштуу Бишкек мэриясы жыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгында шаардык транспорт башкармалыгы коомдук транспорттордо санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик, дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүү күчөтүлмөй болду.

118 чалуу-борборунун иши да күчөтүлөт. Операторлордун иштөө мөөнөтү эртең мененки саат 8:00дөн кечки 22:00гө чейин узартылат, керек болсо линиялар, мобилдик топтор дагы көбөйтүлөт.

Мэриянын маалыматы боюнча ооруканаларда орун жетиштүү жана үй шартындагы карантин мөөнөтүн өткөрүп жаткан адамдарды көзөмөлгө алуу максатында 12 мобилдик топ иштөөдө. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша алар көбөйтүлөт деп берилет маалыматта.

Чектөөлөр киргизилеби?

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаилова Би-Би-Сиге азырынча 2020-жылдын “кара июлундагыдай” катаал чектөөлөр киргизилбейт деп билдирди.

Мэрия азырынча катаал чектөөлөрдү киргизе элек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мэрия азырынча катаал чектөөлөрдү киргизе элек

“Ар бир регион өзүнүн эпидемиологиялык кырдаалына жараша чектөө чараларын аныктап, киргизе берсе болот. Бишкек болсо кызыл зонада. Мэрия массалык иш-чараларга тыюу салып, адам көп топтолгон жерлерге жарандарды барбоосун суранып жатат”,-деди Исмаилова.

Мектептер онлайн окууга өтүшү мүмкүнбү?

Мектептер салттуу режимде эле окушат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мектептер салттуу режимде эле окушат

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча республикалык штабдын брифингинде билим берүү мекемелериндеги сактануу чаралары жөнүндө сөз болду.

Билим берүү министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова билим берүү уюмдарынын иши салттуу түрдө улантып жатканын билдирди.

Бирок эгерде кайсы бир мектептен вирус жугузган окуучу катталган болсо, ал окуган класс гана 14 күндүк карантинге чыгарын, ал эми экиден көп окуучу бир мектептен коронавируска кабылып калса, ал мектеп толугу менен карантинге жабыларын белгиледи.

Сактануунун эң эффективдүү жолу-вакцинация

Саламаттыкты сактоо министрлигинин саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова Кыргызстанда эмдөө жай жүрүп жатат деп билдирди.

“Бизде 2020-жылдын март айынан бери медкызматкерлердин 81 пайызы, билим берүү кызматкерлеринин 78,9 пайызы, 60 жаштан жогору курактагы жарандардын 31,5 пайызы эмдөөдөн өттү. Биз жарандардын 70%ын эмдөөдөн өткөрүшүбүз керек, анткени калктын 70%ы вакцина алгандан кийин гана жамааттык иммунитет түзүлөт”,-деди Акматова.

Бишкекте жана Чүйдө эмделгендер аз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте жана Чүйдө эмделгендер аз
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондой эле Акматова вакцинация оорунун андан ары жайылышына, анын оор түрдө өтүшүнө жана өлүмгө алып келишине бөгөт коёрун эскертип, эмдөө пункттарына жарандардын көбүрөөк баруусун суранды.

Анын айтымында, эмдөөгө активдүү катышып жаткан аймактарга Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош облустары кирип, вакцина алгандардын саны аз катталган облус Баткен, Чүй жана Бишкек шаары болууда.

Учурда Бишкекте 81 эмдөө пунктары иштеп жатат. Каалагандар "Sinopharm", "AstraZeneca", "Moderna", "Pfizer" жана "Спутник Лайт" вакциналарын ала алышат.

Өлкө боюнча 14-январга карата эмдөөдөн 7517 адам өттү, анын ичинен 3494 биринчи дозаны, 4023 адам экинчи дозаны алган. Жалпы биринчи доза менен 1 258 477; экинчи доза менен 1 051 159 адам эмделген.

Элдин көбү омикрон штаммынын Кыргызстанга келиши менен ал кандай болгон штамм, кадимки классикалык коронавирустан эмнеси менен айырмаланат деп кооптонууда.

Адистер омикрон дельта штаммынан 7 эсе тез тез таралуусун белгилеп жатышат. Бирок оорунун өтүшү жеңилирээк болуп, кадимки сасык тумоонун белгилерин байкоого болот дешет.