Омикрон. Вакцина алгандарга коронавирус жугабы?

Медайым Covid-19 вакцинасын даярдап жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вакцина коронавирустун олуттуу формаларына каршы эффективдүүлүгүн көрсөттү

Дүйнө жүзү коронавирус пандемиясынын жаңы толкунуна туш болууда.

АКШ, Франция, Британия, Аргентина, Бразилия жана башка көптөгөн мамлекеттерде коронавирустун дельта жана омикрон варианттарынын биригишинен улам оору жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө чыгып жатат.

Бирок окумуштуулар, дарыгерлер жана саламаттык сактоо институттары инфекцияга каршы коргонуу үчүн сыноодон өткөрүлгөн жана дүйнө жүзү боюнча кабыл алынган ар түрдүү вакциналарга таянып жатышат.

Вакциналар пандемияны токтотуу үчүн кандай жардам берип жатканын төмөндө талдап беребиз.

Жалган каралоо күч алууда

АКШ, Франция жана Британия сыяктуу өлкөлөрдө коронавирустун жаңы учурлары рекорддук деңгээлде каттала баштаган азыркы шартта вакциналардын эффективдүүлүгү социалдык тармакта кайрадан кызуу талкууланган темага айланып отурат.

Айрым колдонуучулар бийлик өкүлдөрүнүн эмдөөдөн өтүүгө байланыштуу таңуулап жаткан чараларын сындаса, башкалары вакциналардын потенциалдык терс таасирин талкуулап жатышат.

Азырынча вакцинанын тийгизген таасири байкалбайт жана ал бир нече күндөн кийин жоголуп кетет. Негизги сын-пикирлер төмөнкүлөр: ийне сайылган жердеги оору жана кызаруу, дене табы, баш оору, чарчоо, муундардын оорусу, чыйрыгуу жана жүрөк айлануу.

Коронавирустун варианттары

Би-Би-Си педиатр жана инфекциялык оорулар боюнча адис Ренато Кфуриге кайрылып, азыркы вакциналардын эффективдүүлүгү жана эмдөөдөн өткөн адамдар өздөрүнө вирус жуктуруп, башкаларга да жугузуп жатканы жөнүндө сүйлөшүп келди.

Анын айтымында, коронавируска каршы вакциналардын биринчи толкуну оорунун эң олуттуу формаларынын күчөп кетүү коркунучун азайтууга багытталган. Ал оорулар адамдарды бейтапканага жатууга түртүп, өлүмгө чейин алып барары белгилүү. Аталган вакциналарга Pfizer, AstraZeneca, Janssen жана башка уюмдардын продукциялары кирет.

"Вакциналар коронавирустун орточо, мелүүн же эч кандай симптому жок формаларынан айырмаланып, олуттуураак формаларына каршы натыйжалуу коргойт. Натыйжасы канчалык олуттуу болсо, анын эффективдүүлүгү да жогорураак", - деп корутундулады Кфури. Ал Бразилиядагы Иммунизация коомунун директору.

Ошондуктан эмдөөнүн негизги максаты инфекциянын өзүн токтотуп калуу болгон эмес. Тескерисинче, адам организмине бастырып кирген коронавирустун зыянын азайтуу болгон.

Омикрон

Ушундай эле логика көптөгөн жылдардан бери жеткиликтүү болуп келаткан грипптин вакцинасына да тиешелүү.

Жыл сайын берилген доза грипптин вирусун жуктуруп алуудан сөзсүз эле коргобойт. Ал жаш балдар, кош бойлуу аялдар жана карыялар өңдүү коомдогу эң аялуу катмардын оорусу күчөп кетүүсүнүн алдын гана алат.

Маалыматтар көрсөткөндөй, вакциналар ошол ролду аябай жакшы ойноп жатышат. Шериктештик фондунун маалыматы боюнча, коронавируска каршы эмдөө 2021-жылдын ноябрь айына карата жалпысынан АКШнын өзүндө эле 1,1 млн өлүмдүн жана 10,2 млн адамдын ооруканага жатып калуусунун алдын алган.

Европанын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун божомолу боюнча, коронавируска каршы эмдөө Европада жалпы 33 мамлекеттеги жашы 60тан жогору болгон 470 миң адамдын өмүрүн сактап калган.

Азыркы абалга кантип келдик?

Вирусту кайра жугузуп алууну же коронавируска тест тапшырганда оң жыйынтык чыгып калуусун четке кагууга болбойт. Аны үч фактор менен түшүндүрүүгө болот.

Биринчиси жөнөкөй: Жаңы жыл жана башка майрамдарда адамдардын бир жерге чогулуусу салт болуп калган. Бул болсо коронавирустун жайылышына түздөн-түз таасир этет.

Экинчиси, вакцина дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө жеткиликтүү боло баштаганына дээрлик бир жыл болгондон кийин эксперттер эмдөөдөн кийин вируска каршы иммунитет түбөлүккө созулбай турганын аныкташты.

"Коргоо деңгээли убакыттын өтүшү менен азаярын көрдүк. Ал вакцинанын түрүнөн жана ар бир адамдын жаш курагына карата көп же аз болушу мүмкүн", - деп түшүндүрөт Кфури.

"Ал үчүнчү дозаны берүү муктаждыгы жаралганын ачык көрсөттү. Адегенде улгайгандар менен иммунитети начар адамдарды, андан кийин жашы жеткендердин баарын эмдөө зарылчылыгы жаралды" , - деп кошумчалады доктор.

Медайым респиратордо жаткан бейтапты кароодо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вакцина коронавирустун күчөп кетишин алдын алып жатат

Үчүнчү фактор омикрон вариантынын пайда болушу менен байланыштуу. Ал башка варианттарга караганда жугуштуураак экени белгилүү. Мурда алган вакциналардан же ооруп сакайгандан кийин пайда болгон иммунитеттин омикронго каршы күчү азыраак болууда.

"Ошого байланыштуу эмдөөдөн өткөндөрдүн вирус жугузуп алуусу көп учураган көрүнүш катары кабыл алынышы зарыл жана биз ушундай абалда жашоону үйрөнүшүбүз керек", - дейт Кфури.

"Вакцина күтүлгөндөй эле эң олуттуу формалардан коргоосун улантууда", - деп жыйынтыктады өз сөзүн доктор Кфури. (EA)