"Саясий феномен", "Демократиянын жоокери эле"... Топчукени эскерүү

Саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин сөөгү 17-ноябрда туулуп-өскөн Аксы районунда жерге берилет.

СССР ыдырап, Кыргызстан өз алдынчалыкка жетишкен жылдары саясий аренада топ жарып тургандардын бири Топчубек Тургуналиев эле. Жогорку окуу жайда иштеп жаткан окутуучу ошол кезде адегенде ошол окуу жайдын, анан бүтүндөй республиканын саясий турмушуна таасир бере баштаган.

Демократиялык ураандар менен чыккандардын сап башында жүргөндөрдүн бири Топчубек Тургуналиев дүйнө салды деген суук кабар далайлардын кабыргасын кайыштырды.

Ишмер өмүрүнүн соңку бир нече жылын Манасты, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө, жайылтуу, түздөн-түз окуу программасына тереңдеп киргизүү жаатында бел чечпей иш алып барды. Казак, кыргыздын орток уулу, чыгаан инсаны Мухтар Ауэзовдун Манас эпосуна арналган илимий жана коомдук иштерин кайрадан карап чыгууга, баалоого үндөп келди.

Көптөн саясатчылар, коомдук ишмерлер анын кыргыз коомуна, демократиялуу мамлекеттин калыптанышына кошкон салымын чоң экенин айтып эскерип жаткан чагы.

Сулайман Кайыпов - фольклорчу-этногрaф, тилчи, текстолог, жазуучу-публицист:

“Кайран гана Топчукем, тепкенин жаза кетирбес, текөөрү болот шумкарым, бул да тирүү кезинде ушинтип, өз баасын албай кетти. Арман күн... опоосуз дүйнө деген ушул тура... Мамлекетке кызмат кылуу ушунчалык болор... ак жүрөктүк деген ушунчалык болор... Топчуекем кайталанбайт, ал - Орто Азиянын саясый турмушундагы ФЕНОМЕН. Анын чаркылдаган добушу бүткүл Борбордук Азияны жаңыртып турган жылдар болгон. Башка улуттардан бир да мындай көк жал эр чыккан жок. Эми көрмөксөн болуп койдук, четке түртүп койдук, атаганат. Кантели, Топукем Акайчиктин заманында ак жерден түрмөгө салынганда: "Ат жакшысы кермеде, Эр жакшысы түрмөдө" деп, өзүбүздү алдап, жоошутуп да жүрдүк.

Топчукемдин демократиясы өзү ишенген, баш оту менен берилген демократия эле, калгандарыныкы демократиянын имитациясы болучу! Топчукем бечара, өзүнүн ишенчээктигинен улам, Демократия деген аты бар, саясатта ар ким ар кандай колдоно берген саясый резина селкиге абдан ишенчү. Резина селки уулум бирөөнү эрчип кетип жатты, ал эми Топчукем болсо, анын артынан жан үрөп эрчигенин койбоду. Өмүрүнүн акырына чейин ушул каран калгыр резина селкинин сойку экенин көрүп турса да, көргүсү келбеди. Жөн сүйүүнүн эмес, саясый сүйүүнүн деле көзү сокур болот экен-ов.

Өмүрүнүн далайын ага урдатып жиберди. Мына эми... Ыйманы саламат болсун демиш болуп компоюп кала бердик. Азыркы чоң-кичине жетекчилер өздөрүнүн ээлеген кызмат орундарына, мансаптарына шайланып келип жатышса, ошолордун бири калбай, ушул Топчукеме милдеткер экендигин билип коюшса дейм. Чыгаандарын чындап баалай билген эл гана эл бойдон калат, баш ууруларын, кескилерин, шумпайларын баатырым деп төргө өткөргөн эл упат болот. Тарых мыйзамы ушундай. Кыргызды Жараткан өзү сактасын! Кыргыздын кыйын жолго, түз эмес кыйыр жолго түшүп алганына көп жылдар болду; ушул тентек бала кейиптенген Кыргызыңды өзүң эле сакта, Жан Эгем. Топчукеме болсо, Аль-Фатиха... Сабыркүл жеңеге, уул-кыздарына, жакындарына, досторуна - сабыр! Кош Топчуке…”.

Темир Сариев – саясатчы:

“Топчубек Тургуналиев кыргыз демократиясынын түптөлүшүнүн сап башында турган чыгаан биздин улуу агайыбыз эле. Ал эгемен Кыргызстандын алгач жылдарында саясий оппозициянын калыптанышы үчүн күрөшүп, ал үчүн куугунтукка да кабылган. Ар дайым өз пикирин ачык, тике айткан, тайманбас мүнөздүү, тамашакөй жан эле. Ошол эле кезде сейрек кездешчү ою терең, билимдүү адам эле. Топчукебиздин кыргыз мамлекетининин түптөлүшүнө салымы чоң. Кийинки жылдары элибиздин улуу дөөлөтү болгон «Манасты» изилдөөгө өмүрүн арнап, «Манас» академиясынын түптөп, анын алгачкы жетекчиси болгон агабыз акка моюн сунуптур. Агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко, ыйманы саламат болсун”.

Өмүрбек Текебаев: "Топчуке демократиянын жоокери эле...

“Эркин, эгемен мамлекетибиз болот дегенде далайлар чочуп, коркуп турушкан. Улуттук кайра жаралуу толкунун лидерлер көтөрүп чыкты. Топ жарып аларды баштап чыккандардын бири Топчубек Тургуналиев болду. Көчөдө эл кайнап, дүркүрөп, ошолордун күчү, басымы кысымы менен Жогорку кеңеш Кыргызстанды эркин, көз карандысыз мамлекет деп жарыялады. Максат жаңы кыргызды пайда кылып, жаңы мүнөздү калыптандырыш керек эле. Топчубек тургуналиев 30 жыл Кыргызстандын эркиндиги, адам укугу үчүн күрөшүп жүрүп өттү". (Эскерүү кыскартылып берилди)

Алмаз Тажыбай – саясат талдоочу:

“Кайталангыс интонациясын мыкты колдонуп, лекцияларында студенттердин жүрөктөрүн дүркүрөткөн агай эле. Өлкө демократия жолундан чыгып кетпегенге чоң салым кылган жана Манас желегин бийик көтөргөн мыкты саясатчы инсан болчу.Өлкөдө демократия жоголуп аны менен кошо биринчи демократтардын мууну түбөлүккө өтүп жаткандай. Агайдын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”.

Ильич Кулназаров – журналист:

“Топчубек Тургуналиев аксакал 1990-жылдары Кыргызстандагы оппозициялык кыймылдын алдыңкы ишмерлеринин бири эле. Анын эң маанилүү демилгелеринин бири жаш үй-бүлөлөргө турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү болгон. Элдин кызыкчылыгын коргогон Тургуналиев атабыз ар дайым коомдун актуалдуу маселелерин көтөрүп келген. Топчуке өлкөнүн саясий турмушунда да олуттуу из калтырды. Ар дайым эл тарапта болуп, активдүү сүйлөп, пикирин айтууга жана колдоого даяр эле. Кыргыз саясатынын тарыхында чыныгы элдик саясатчы катары из калтырды десек болот. Кадырлуу аксакалыбыз болуп, абдан жакшы карыды. Жаткан жери жайлуу болсун, Жараткан бейишинен орун берсин.

Турсунбек Акун – укук коргоочу:

“Топчубек Тургуналиев коом алмашканда, система алмашканда, коммунистик коомдон демократиялык коомго өтүү процессинде чыккан саясий ишмер эле. 1990-жылдары кайра куруу доорунда Кыргызстан демократиялык кыймылы (КТК) түзүлдү. Мына ошонун башында Топчубек Тургуналиев турду. Андыктан бул багытта Топчукемдин ролу чоң. 1990-жылдары митинг, пикет деген түшүнүктү эл биле электе Топчукем башында турган бир топ киши чыкканбыз. Ошондо төрт күн ачкачылык жарыялап, Масалиев кызматтан кетип, А. Акаев өлкө башына келген”.

"Манас" театрынын жамааты:

“Топчубек Тургуналиев "Манас" эпосун жайылтууда опол тоодой салым кошкондордун бири. Алсак, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Манас таануу” институтун ачууда ошону менен катар "Манас" жана Ч. Айтматов атындагы улуттук академияны ачып, негиздөөдө эмгеги ат көтөргүс. Аксакал катары калыстык кебин айтып, өз пикири, үнү менен өчпөс тарых жасады. Даанышман аксакалыбыздын жаркын элеси түбөлүккө биз менен. Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жалпы жамааты Топчубек Тургуналиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”.