Кыргызстан: чек арадагы элге өзгөчө кырдаалда куралданууга уруксат

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Баткендеги чек ара аймагына Тажикстандын соңку кол салуусунан кийин кыргыз парламенти чек арага чектеш айылдардагы элге өзгөчө кырдаалда курал алып жүрүүгө уруксат берген мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү шашылыш карап кабыл алды.

Жогорку Кеңеш депутаттары төрт - “Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө”, “Аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”, “Куралдар жөнүндө” жана “Чек ара ыйгарым укуктары жөнүндө” мыйзам долбоорун бир пакетке бириктирип карашты.

Документтердин топтому Жогорку Кеңеште бейшембиде жабык каралды.

"Бул жерде чек арада жашаган жарагандарга курал берүү тууралуу бар. Бирок ал жөн эле, туш келди бериле бербейт. Ал үчүн биринчи мергенчилер коомуна кириши керек. Андан кийин гладкоствольный курал алышы абзел, мындан кеминде беш жылдан кийин гана нарезной куралга мүмкүнчүлүк берилчү. Биз жанагындай, агрессия болгон учурда эч кандай стаж каралбасын деп атабыз. Бирок аны баарына эле берет экен деген туура эмес түшүнүк болбосун. Ал үчүн процедуралык талаптарын ИИМ өзү карап, аныктап алсын”, - деди Марлен Маматалиев тармактык комитет жыйынында.

Мыйзамда ошондой эле чек арадагы жарандардын аскерге өз эрки менен барышына уруксат берүү каралган. Себеби, айрым мергенчилер пенсия жашында болгондуктан айылдарды коргоо иштерине тартылбай калган.

Өткөндөн сабак

Былтыр апрель-майда тажик тарап биринчи жолу куралдуу агрессия жасагандан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахаб Нурбаев чек арага чектеш жашаган тургундарга курал берүүнү демилгелеп чыккан эле.

“Мурда чек арага жакын жайгашкан эл чек ара кызматтарына көргөндөрүн маалымдап турушкан. Бул үчүн айлык алчу. Биздин мыйзамга ылайык, аларды окутуп, даярдоодон да өткөрүштү. Сырттан бизге агрессия болуп же террористтер келсе, курал-жарак берүүгө уруксат берилген. Ал мыйзам күчүнө кирип, жыйынтыгын да берди".

"Ошол эле мыйзамды депутаттар Жанар Акаев жана Нурдан Ражабалиев дагы толукташып, ошол курал-жаракты үйүндө сактоого уруксаат кылууну демилгелешти. Биз болсо курал-жарактар чек ара заставаларында сакталат деп жазган болчубуз”, -деди Нурбаев.

"Чек ара сакчылары"

Быйыл 24-сентябрда чек арадагы жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында чек ара сакчыларын түзүп, аларга курал берүү жөнүндө дагы бир өзүнчө мыйзам долбоору сунушталып, коомдук талкууга коюлду.

Демилгенин автору Жогорку Кеңештин депутаты — Жанар Акаев учурдагы "Чек ара ыйгарым укуктууларын" "Чек ара сакчылары" деп атоону сунуштап чыккан. Документке ылайык, өзгөчө статуска ээ болгон аймактарда чек ара сакчысы уюштурулат.

“Бул мыйзам конкреттүү эмнени сунуштайт? Айылдагы ок атуучу куралды мыкта колдоно алган, айылдын географиялык абалын билген адамдарга чек ара сакчысы деген макам бериш керек. Чек ара сакчысына мамлекет ар ай сайын айлык төлөп бериш керек. Үйүндө курал сактоого уруксат бериш керек. Аны мамлекет жылына эки жолу окуудан өткөрөт. Андан кийин ал психикалык жактан туруктуубу, маңзат колдонбойбу текшерилет. Андан кийин гана аларга курал берилет”, -дейт Жанар Акаев.

Чек ара сакчыларынын бирдиктүү үлгүдөгү формасы, айырмалоочу белгилери жана кызматтык күбөлүктөрү болот. Жылына эки иреттен кем эмес 14 күндүк атайын аскердик окуу-машыгуудан өтөт.

Чек ара чатактары көп катталган Кыргызстанда чек аралаш аймактарда жашаган тургундарга курал берүү демилгеси мурда да бир нече жолу көтөрүлгөн. Муну көбүнесе чек арага жакын айылдарда жашаган тургундар сунушташчу.

Баткендеги чек арага жакын аймакта жашаган Эрнис Маргуни депутаттардын соңку демилгесин кубаттап жатат. Пикиринде Тажикстанда чек арага жакын жашаган тургундарда мындай чара мурунтан эле бар сыяктуу:

“Тажик тарап менен чек арада соңку эки-үч жылда көп алака болбой калгандыктан, жакшы байкай албай атабыз. Бирок имиштерге караганда аларга курал таркатылат. Себеби, көп видеолор келип атат, ал жерде жөнөкөй жарандары мылтыктарды кармап турганы көрүнөт. Ким берет аларга ал куралды, өзү сатып албайт да, кымбат. Демек, мамлекети берет”.

Тажикстанда бийлик чек арага жакын жакын жашаган жарандарын куралдантып жатабы же жокпу, ал ачык маалыматтарда айтылбайт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы толук такталып бүтө элек. Талаштуу аймактарда чыр-чатактар маал-маалы менен чыгып турат. Былтыр жана быйыл Баткенге тажик аскерлери басып кирип, оор куралдарды колдонуп, андан ондогон адамдар курман болду. Тажикстан дагы чек арада ондогон жарандарын жоготконун айтып келет.