Техас: Синагогадагы барымта окуясынан кийин Англияда эки өспүрүм камалды

Синагога

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ишемби күнү АКШнын Техас жергесинде жайгашкан синагогадагы адамдарды барымтага алуу окуясынан кийин иликтөөнүн жүрүшүндө Англияда эки өспүрүм камакка алынды.

Британиянын жараны, Блакберн жергесинен болгон 44 жаштагы Малик Файсал Акрам полиция менен кагылышта октон каза болду.

Жекшембиде Манчестер жергесинде камакка алынган эки кишинин жашы жана жынысы ачыкталган эмес.

Манчестер полициясы жергиликтүү жамааттар менен байланышып, АКШнын иликтөөсүнө кол кабыш кылып жатканын айтышты.

Тартип сакчыларынын айтымында, эки өспүрүм “кол салуу боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө” камалып, сурак берүү үчүн кармалууда.

АКШ полициясынын булактарынын маалыматы боюнча, Акрам эки апта мурда Нью-Йорктогу Жон Кеннеди (JFK) эл аралык аэропорту аркылуу өлкөгө кирген.

Техас

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полиция 2022-жылдын 16-январында Техастын Колливилл жергесиндеги кырсык болгон жерде иликтөөсүн улантты

Акрамдын бир тууганы Гулбар Блакберн мусулман коомунун фейсбук барагындагы билдирүүсүндө анын каза болгонун тастыктады. Ал жабыр тарткандардан кечирим сурап, бир тууганынын менталдык (акыл-эс) саламаттыгы начар экенин билдирди.

Мурдараак Борбордук полиция контртеррористтик кызматкерлер АКШнын бийлиги жана Федералдык чалгындоо бюросу (FBI) менен байланышканын ырасташты.

Далластын сыртындагы Бет Израил синагогасына полиция чакырылып, колго алуу операциясы болжолдуу саат 11де башталган.

CBS телеканалына полиция булактары билдиришкендей, башында Акрам синагогага сыйынуу учурунда үйсүз кишидей болуп көрүнүп кирип кеткен.

Барымтага алынгандардын арасында синагоганын раббиси да болгон. Бирөөсү алты сааттан кийин бошотулуп, калган үчөөнү полиция бир нече сааттан кийин коопсуз жайга алып кеткен.

Барымтага алынгандардын эч бирине зыян келтирилген эмес.

АКШнын президенти Жо Байден барымтага алууну “террордук акт” деп атап, Британия кол салууну айыптап чыкты.

Британиянын тышкы иштер министри Ли Трасс аны “терроризм жана антисемитизм” деп сүрөттөдү.

Сиддики

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2010-жылы Пакистанда миңдеген адамдар Сиддикини бошотууну талап кылып көчөлөргө чыгышкан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиргендей, адамдарды барымтага алган Акрамдын пакистандык невролог Аафия Сиддикини эркиндикке чыгарууну талап кылганын угушкан. Сиддики учурда АКШнын Техас штатындагы Форт-Уэрт жергесинде жайгашкан түрмөдө 86 жылга кесилген. Синагога ал жерден болжолдуу 30 километрдей аралыкта турат.

NBC News компаниясынын маалыматы боюнча, Сиддики терроризмге айыпталган чөйрөдө аябай белгилүү фигура болгон. Аны кээде “Аль-Каида Айым” деп коюшчу. Аны бошотуп алууну “Ислам мамлекети” аттуу топ да көздөп жүргөн.

Президент Байден да кол салган кишинин айткандарын ырастагандай болду. Байден Техастагы кол салуу “15 жыл мурда камалып, абакта 10 жылдан бери отурган кимдир бирөөгө” байланыштуу болгонун айтты.

Президенттин айтымында, кол салган киши АКШга конгондон кийин курал-жарактарды сатып алган өңдүү.

Полициядагы булактар билдиргендей, Акрамдын жанынан эч кандай жарылуучу зат табылган эмес, АКШнын федералдык сотторунда кылмыш кылганы боюнча эч кандай өтмүшү жок.

Акрамдын бир тууганы синагоганы колго алуу учурунда “Файсал, сүйлөшүү жүргүзгөндөр, FBI жана башкалар” менен байланышып турганы айтты. Бирок “анын багынып бериши үчүн эч нерсе кыла да, айта да аламак эмеспиз”, — деди Гулбар.

“Биз үй-бүлөсү катары анын эч бир аракеттерин актабайбыз жана бул кырсыктан жабыр тарткандардын баарынан кечирим сурайбыз”, — деп кошумчалады ал.

“Адамзатка, жөөт болобу, христиан болобу же мусулманбы, кандай гана кол салуу болбосун, анын баары туура эмес экенин кошумчалап кетмекчибиз”. (EA)