АКШ: Висконсинде айдоочу адамдардын тобун “атайылап” сүзгөн

Уокешодогу кырсык

Сүрөттүн булагы, JESUS OCHOA/VIA REUTERS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тез жардам кызматы менен парадга келгендер жаракат алгандарга кам көрүштү

Висконсиндин бийлик өкүлдөрү жекшемби күнү өткөн рождество парадында адамдардын тобун сүзүп салган айдоочуга беш кишини атайылап өлтүрүү боюнча күнөө коюларын айтып жатышат.

Полициядан айтышкандай, Уокешо жергесинде 39 жаштагы Даррелл Эдвард Брукс беш кишини өлтүрүп, 48 адамга, арасында жаш балдар да бар, жаракат келтирген. Мүрт кеткендердин курагы 52 жаштан 81ге чейин болгон.

Тартип сакчыларынын айтымында, Брукс үй-бүлөлүк жаңжалдан качып баратып, адамдардын тобун сүзүп кирген.

Полициядан кошумчалашкандай, иликтөөнүн негизинде Брукска дагы башка күнөө да тагылышы ыктымал.

Ошондой эле, Уокешо полициясы бул окуя террордук акт болбогонун билдирди.

Жабыр тарткандардын арасында окуучулар жана улгайган кишилер бар.

Жабыр тарткандар жөнүндө эмнелер белгилүү?

Алардын арасында Милуоки Энелер бий тобунун мүчөлөрү болгон. Алар шаардагы параддарга ар дайым катышып келишет.

“Тобубуз өзү сүйгөн ишин жасап жаткан. Эл алдында бардык жаштагы көрүүчүлөрдүн жүзүнө жылмаюу тартуулап бийлеп жатышкан”, - деп жазды топ өзүнүн Facebook барагында. “Каза болгон энелер аябай ышкыбоз эле”.

Ондогон адамдар ооруканада жатышат. Полициядан айтышкандай, жаракат алгандар тез жардам кызматы жана параддагы адамдар тарабынан аймактагы алты ооруканага жаткырылган.

Висконсин балдар ооруканасынан дүйшөмбүдө кабарчыларга маалымдашкандай, окуядан кийин 18 жаш бала бейтапканага жаткырылган.

Медицина кызматкерлери бул окуяны штаттын жакынкы өтмүшүндөгү жаш балдарды дагы камтыган массалык кырсык деп сүрөттөштү. Врачтардын айтымында, айрым жаш балдар баштарынан олуттуу жаракат алышып, сөөктөрү сынган.

Дарыгерлердин айтымында, жаракат алган жаш балдардын курагы 3төн 16га чейинкилерди түзөт. Арасында үч бир тууган дагы бар. Он бала интенсивдүү даарылоо бөлүмүндө жатат.

Милуокидеги Рим католик чиркөөсү жаракат алгандардын арасында бир поп, жамааттын бир нече мүчөсү жана жергиликтүү католик мектебинин окуучулары дагы болгонун билдирди. (EA)

Казакстанда жол салыгы кирди

Казакстанда жол салыгы кирди

Сүрөттүн булагы, qaj.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстанда жол салыгы кирди

23-ноябрдан тарта Казакстандагы айрым жолдору аркылуу өтүү үчүн акча төлөш керек болот. Бул тууралуу "КазАвтоЖол" улуттук компаниясына шилтеме берип, Tengrinews.kz жазып чыкты.

Нур-Султан - Павлодар, Капшагай - Талдыкорган, Тараз - Кайнар, Шымкент - Тараз, Шымкент - Кызылорда, Шымкент - Ташкент, Щучинск – Кокшетау автокаттамдарынын жети участогу менен өтүү бекер болбой калды.

Айдоочулар 15-ноябрдан тарта эле машинанын көлөмүнө жараша 100дөн 6200 тенгеге чейин акча төлөп башташканы айтылууда. Тариф жергиликтүү тургундар үчүн арзан, ал эми оор жүк ташуучу унаалар үчүн жогору коюлган.

Казакстанда жакынкы жылдары акы төлөп өтүүчү жолдордун жалпы узундугу 11 километрге узартылып, 36 жол тилкеси менен жүрүү бекер болбой калары айтылууда. (EK)

Netflix Кыргызстанда тасма тартты

Netflix Кыргызстанда тасма тартты

Сүрөттүн булагы, UNDP in the Kyrgyz Republic

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Netflix компаниясынын буйрутмасы менен Кыргызстанда тасма тартылды

Атактуу Netflix компаниясынын буйрутмасы менен Кыргызстанда даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) маалымдады.

Маалыматка караганда, тасма дүйнөдөгү 30 өлкөнүн маданиятынын ар түрдүүлүгүн чагылдыруу максатындагы долбоордун алкагында ишке ашырылды.

Кыргызстан бул долбоордо Салбуурун аркылуу тааныштырылат.

БУУӨП өткөн жылы жергиликтүү туркомпаниялардын бири менен биргеликте Инстаграмга бүркүтчү жөнүндө постторду жайгаштырышкан. Дал ушул иш-аракеттер Netflixтин кызыгуусун жаратып, долбоорго катышууга себепкер болду деп жазылат билдирүүдө.

Тасманын бет ачары 2022-жылга пландаштырылган. Ал 150дөн ашык өлкөдө көрсөтүлөт. (MD)

Дүйшөмбүдө Евробиримдик менен Борбор Азия министрлери жолукту

Евробиримдик-Борбордук Азия форуму

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg

Дүйшөмбүдө дүйшөмбү күнү Евробиримдиктин тышкы саясатын караган башчылары менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери кезектеги жыйынга чогулуп, Афганистандагы окуялардан улам келип чыккан проблемаларды чечүү жолдорун талкуулашты.

«Борбордук Азия өлкөлөрү эгемендикке ээ болгону олуттуу ийгиликтерге жетишти. Евробиримдик Борбордук Азия туруктуу өнүккөн экономикалык жана саясий мейкиндик болушуна кызыкдар. Евробиримдик менен Борбордук Азия COVID-19 кийинки калыбына келтирүү иштерин ийгиликтүү жүргузүү үчүн кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулат. Биз ошондой эле Афганистандагы кырдаалдан келип чыккан жалпы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен аракеттерди активдештиребиз. Эгерде Борбордук Азия мамлекеттери реформалар менен демократияга чечкиндүү умтула турган болсо, Евробиримдик региондун келечегине олуттуу салым кошо алат», -деди Евробиримдиктин тышкы саясатын караган жогорку өкүлү Жозеп Боррель.