"Жаманыбызды жашырып, жакшылыгыбызды ашырып...": Акылбек Жапаров медиа тармак менен жолукту

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын медиа тармактын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айткандары бир топ суроолорго жем таштады.

Акылбек Жапаров өлкөнүн эл чарбасынын бардык тармактары боюнча жарым жылдагы көрсөткүчтөргө токтолуп, өкмөттүн аткарган иштерин санап кетти. Ошону менен катар ЖМКдагы негативдүү жаңылыктар туристтерди качырып жатканын белгилеп, Грузияны мисал тартып, журналисттерге өлкөдө жамандыкты жашырып, жакшысын ашыра жазууга кеңеш берди.

"Грузияга барганда ички иштер министринен сурап калдым. Англисче деле жакшы билбейм, бирок орус тилиндеги сайттарынын баарын карасам, бир дагы жол кырсыгы жок. Мына кырдаал борборунан үч-төрт жолу авария болгонун көрдүк. Өрт өчүргүч машина, тез жардам баратат. Силерде эмне кырсыктар болбойбу десем, айтып калды. Оппозиция, мыйзамдагы уурулар, блоггер, журналисттердин баары менен оозеки эле коомдук келишим түзүлгөн. Грузиябыз бирөө эле, эгер силер туура көрсөнөр жаманыбыздын баарын жашыралы, жамандык боло берет, сөз эркиндиги боло берет, бирок ошонун баарын грузин тилинде кичине тамгалар менен эң артында жазалы. Асты жагында Грузиябызды мактай берели дедик. Ошондон бери ушул коомдук келишимди баарыбыз аткарып келатабыз. Саакашвили жок, бирок андан кийин келген бийлик дагы, оппозиция дагы баарыбыз ушуну сактап жатабыз деген эле", - деп өкмөт башчысы Грузиянын өрнөгүн алууга чакырды.

Төраганын бул сөзү өлкөдө үч милиция кызматкери 13 жаштагы кызды колдон колго өткөрүп зордуктап жүргөнү билингенде жана Бишкектин жанындагы аскер бөлүгүндө бир жоокер асылып өлдү деген кабар угулган учурда болуп жатат. "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" демекчи, сөз эркиндигин Баш мыйзамда жарыя кылган өлкөдө журналисттер мындай курч окуяларды кантип көрмөксөн, билмексен болуп кое алат. Ошондуктан өкмөт башчынын бул сунушуна макул эместигин кээ бир журналисттер ушул жыйындын жүрүшүндө эле билдирди.

Экологиялык экспертиза

Коомчулукту түпөйүл кылган маселелердин бири тоо кендерин иштетүү жаатындагы өкмөттүн пландары болду. Нарындагы Жетим-Тоо, Солтон-Сары кендерин иштетүүгө жергиликтүү элдин ичинде каршылык маанай бар экени белгилүү. Акылбек Жапаров өкмөт тоо кендеринин баарын иштете турганын, бирок инвесторлорго бербей, өзү экологиялык экспертиза жасап, ошондон кийин гана иштете турганын билдирди. "Экология бузула турган болсо, анда иштетпейбиз",-деди. Жетим-Тоо темир кени боюнча талаш-талкуулар мурдатан болуп келген.

"Фармацевт мафиясы"

Акылбек Жапаров саламаттык сактоо тармагындагы дары-дармекти көзөмөлсүз сатууга кынык алган мафия бар экенин айтты.

"Биз бүгүн дары-дармекти он төрт миллиарддан он алты миллиард сомго чейин нандан көп жеп атабыз. Нанды да мынчалык жебейбиз. Мына медицина тармагындагы фармацевт мафиясы мына ушуга алып келди. Көрүнгөн пайдасы жок немелерди жеп биздин балдарыбыздын баары бир топ зыянга учурап атат. Бул жакта дагы тартипти орнотобуз. Жакынкы күндөрдө ар бир врачтын кимге кандай рецепт жазып атканын караган программаны турмушка ашыралы деп атабыз".

Чынында эле азыр кайсы ооруканага барба, кайсы доктурга барба, оорулууга толтура дары жазып бермейи адаттагы көрүнүш болуп калды. Бул жерде дарыгерлер менен аптекалардын тымызын сүйлөшүп алып, оорулуулар толтура дары ичип, кээ бири оңолмок тургай кайра оорлошуп жатканы көп айтылып жүргөн көрүнүш.

Дары-дармек жаатындагы кырдаалды дарыгерден тартып дарыканага чейин көзөмөлдөй турган программа чет өлкөдөн сатып алынган экен, эмки кеп аны эртелеп ишке киргизүүдө турат. Антибиотикти башаламан эле пайдалана берүүнүн кесепети оор болорун мурдагы министр Талантбек Батыралиев кенен чечмелеп берген эле.

Директорлорго - аккредитация, ротация

1-апрелден тарта билим берүү, медицина жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысы масштабдуу түрдө 50-80% жогорулаган эле. Эми 1-августтан мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары көбөйө турган болууда. Ошону менен катар өкмөт башчы эми бардык тармактагы жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча реформалык чаралар көрүлө турганын айтууда.

Билим берүү тармагында азыр уу-дуу кеп мектеп директорлорун дайындоонун саясатында чоң өзгөрүүлөр жөнүндө болуп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги директорлорду конкурстук жол менен тандап дайындоо демилгесин көтөрүүдө. Бирок буга каршы пикирлер баш калаадагы мектеп жетекчилеринен айтыла калып жатат. Акылбек Жапаров өзүнүн сөзүндө бул маселеге да учкай токтолуп, жалпысынан алты миңден ашуун жетекчилердин маселеси карала турганын билдирди.

"Билим берүү мекемелеринин жетекчилери бар экен, баарын штаттан тышкары чыгарып, аттестациядан өткөрүп, жаңы инновациялык көз караштагы мугалимдердин баарын киргизебиз. 20-30 жылдан бери иштеп жаткан мектеп директорлорун ротация кылабыз. Өнүккөн мамлекеттерде кыйын директорлор алты мектепке директор болот экен. Ошондой бөлөк мектептерди да иштеткен механизмдерди карап көрөбүз",-деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда соңку жылдары демографиялык кырдаал өзгөрүп, калктын саны көбөйүүдө. Бир-эки жылда калктын саны жети миллионго жетиши күтүлүүдө. Бишкек менен Ошто, башка шаарларда мектепке балдар батпай, заманбап ооруканалар тартыш болууда. Ошондуктан бир жылда кеминде жыйырма бештен мектеп салуу керек болууда. Акылбек Жапаров ошондой эле бардык жагынан заманбап талапка жооп берген 20 оорукананын куруу дагы пландалып жатканын билдирди.

"Жаңы жыйырма оорукана болмоюнча бизге туристтер келбейт, экономика өнүпөйт. Пандемиядан кийин ошондой талап күчөдү",-деди төрага.

Дагы бир орчундуу маселе - тышкы карыз. Жакынкы беш-алты жылда Кыргызстан жылына 400-430 миллион доллардан карызды төлөшү керек болот. Карызды убагында төлөш үчүн казынада каражат белен болуш керек. Карызды кыйналбай төлөп туруш үчүн казынадагы каражат беш, алты, жети миллиард долларга жетиш керек. Демек, салык жана бажы төлөмдөрүн чогултууда ууру жолдорду жабуу, тоо кендерин натыйжалуу иштетүү, жаңы ГЭСтерди куруу, креативдик экономиканы өнүктүрүү сыяктуу маанилүү иштер турат.