Укмуш кооз гүлдүн соолуганы мени катуу ойго салчу... Короосун гүлзар кылган Илхомбек

"Гүл бизнесте жыйырма жылдан бери жүрөм, ата кесипти аркалап жүрөм".
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Гүл бизнесте жыйырма жылдан бери жүрөм, ата кесипти аркалап жүрөм".

Өзгөндүк ишкер жазды чакырып, жайнаган, бажырайган гүлдөрүн белендеди. Ызгарлуу кыштан кийин жазды күткөндөргө бул ого бетер эргүү тартуулап тургандай. Ал Голландияга чейин барып, гүлдүн сырын үйрөнүүгө белсенүүдө. Би-Би-Си камеранын "көзүн" ишкердин гүлзарын көздөй бурду...

Менин атым Илхомбек Салиев, Оштун Өзгөн шаарында гүл дүкөн иштетем. Гүл бизнесте жыйырма жылдан бери жүрөм, ата кесипти аркалап жүрөм. Алар мага үйрөткөн, башында биз букет жасап, сатат элек. Алар көз жоосун алып канчалык кооз болбосун бат эле соолуп калганы мени көп ойлондурат эле.

Илхомбек Салиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илхомбек Салиев

Ошондуктан азыр бөлмө гүлдөрүн өстүрүп, ушул бизнеске өтүп кеттим. Бизде эң көп сатылган гүл цикломен, синенера, примола, геран, алтын балык деген гүлдөр. Бизде негизи гүлдүн түрү көп. Ар кандай жаңы сортторду алып келип, жайылтканга аракет кылып келебиз. Ушул бөлмө гүлдөрүн өстүрүп жатып, бул аркылуу экологияга аз да болсо салым кошкубуз келет.

Мындай күнөскана бизнесин ачып, абдан көп сандагы гүлдөрдү өстүрүүгө беш жылдай убакыт кетти. Бул жактагы жүздөгөн гүлдүн ар биринин өзүнчө сыры бар, температура, нымдуулукту карап, ар бирине өзүнчө мамиле кылуу керек. Гүлдү жакшы өстүрө албай калдым деп, айрым кардарлар кайра кайрылган учурлар болот. Аларга өз кеңештерибизди беребиз. Гүл өстүрүү биринчиден менин хоббим, экинчи орунда киреше булагы.

Кайсыл жакка барбайын, жаңы сортторду алып келүү жөнүндө ойлоном. Быйыл кыш оор болду, жыл сайын кышында күнөскананы жылытканга 30 тоннадай көмүр жакчу элем, быйыл 80 тонна көмүр кетти. Азыр жаңы күнөскана куруп жатабыз, ага жараша гүлдүн жаңы түрлөрүн алып келип жатам.

Айылды гүлзарга айланткым келет...

Илхомбек Салиевдин ишканасы

Азыр айыл өкмөттөн жер сурап жатам, эгерде жер берип калса, ушул эле жерде жашаган тургундарды жумушка чакырып, шакирттерди даярдасам деп турам. Эки уул, бир кызым бар, балдарым дагы ушул гүл бизнеске кызыгат. Ушул бизнести алар улантып кетишин каалайт элем.

Голландияны көрсөм деп көксөйм…

Голландия, Германиядан, Франциядан, АКШдан, Чехиядан гүлдүн уруктарын алып келебиз. Эң сапаттуусу Германияныкы деп айта алам. Топуракты болсо өзүбүз жасайбыз, кык аралаштырып жасап жатам. Бизнести дагы өстүрүү үчүн Голландияга барып келүүнү пландап жатам. Алар ажайып кооз гүлдөрү, жаңы сорттору менен дүйнөгө атактуу болгон өлкө. Кыргызстанда дагы Голландиядай болуп дүйнөгө гүлдөрү менен таанылса, мен абдан кубанат элем.

Гүлдөр

Гүлзар сонун, бирок көмүрү гөөлөйт…

Ишкер кышысын күнөсканансын жылуу кармоо үчүн 80 тонна көмүр коротконун кеп кылды. Күнөскананын ичи көз жоосун алып турганы менен сыртта көрүнүш башка экенин түшүнүү кыйын эмес. Себеби 80 тонна көмүр ал аймакта кышкысын болжолдуу 20 түтүндүн сарптаган чыгымына жакындайт. Демек, ишкер жылытуунун башка жолдорун издеп көрсө болобу, жаңы технология кандай жардам бере алат деген ойго түртөт.

Илхомбек Салиевдин бизнеси

Деген менен ишкердин айылдаштарына бул ишти жайылтуу аракети сандан сапатка, атаандаштыкка жол ачары турган иш. Айтмакчы, кыргызстандык багбандар бир кезде ойго келбеген лимондон баштап, бананга чейин өстүрүүгө умтулууда. Алды тонналап түшүм алып, ал ургай Казакстанга чейин сатып жатат. Кышы жылуу, жайы аптап деген Ош, Жалал-Абад, Баткен эле эмес, Нарында да аракет күч. Кулпурган розаларды өстүрүп, Бишкекке сатып, кычыраган кышка карабай жүзүм өстүргөндөр бар…(ErA)