You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кытай жакыр өлкөлөрдү чоң карызга батырып жатабы?
Кай Ваң, BBC Reality Check
Кытайдын жакыр өлкөлөргө карыз бергени сынга кабылып келет. Карызын төлөө үчүн бүт күчүн жумшаган мамлекеттер үчүн Бээжиндин басымына туш болуу коркунучу курч турат.
Бирок Кытай аны четке кагып, Батыштагылар Бээжинди каралоо үчүн мындай риториканы жайылтып жатат деп айыптап келет.
“Кытайдан карыз алуунун натыйжасында “карыз капканына” түшүп калган бир дагы мамлекет жок”, — дейт ал.
Кытайдын карыз берүү практикасы жөнүндө эмнелерди билебиз?
Кытай дүйнө жүзү боюнча карыз берген эң чоң мамлекеттердин бири.
Анын аз жана орто кирешелүү өлкөлөргө берген карызы соңку отуз жылда үч эсеге өсүп, 2020-жылдын аягына карата $170 миллиардды түзгөн.
Бирок Кытайдын жалпы эле карыз берүү милдеттенмелери бул жердеги сандардан алда канча көп болушу ыктымал.
АКШдагы Вилям жана Мэри университетинин эл аралык өнүктүрүү AidData уюмунун изилдөөсүндө аныкталгандай, Кытайдын өнүгүп келаткан мамлекеттерге берген карызынын жарымы расмий карыз статистикаларында көрсөтүлгөн эмес.
Алар бир мамлекеттен экинчи мамлекетке эмес, өкмөттүк баланс документтеринин сыртында сакталып, мамлекеттик компаниялар менен банктарга, биргелешкен ишканаларга же жеке институттарга жөнөтүлүп турат.
AidData уюмунун маалыматына караганда, учурда 40тан ашуун аз жана орто кирешелүү өлкөнүн Кытайга болгон карызы алардын жылдык ИДПсынын 10% ашат. Бул “жашыруун карыздын” натыйжасында болууда.
Жибутинин, Лаостун, Замбиянын жана Кыргызстандын Кытайга карызы алардын жылдык ИДПсынын бери эле дегенде 20% барабар.
Кытайга төлөнүшү керек болгон карыздын көбү жол, темир жол, порт, кен казуу жана энергетикалык өнөр жай сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду камтыйт. Мунун баары президент Си Цзинпиндин “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында ишке ашууда.
“Карыз капканы” деген эмне?
Би-Би-Сиге курган маегинде Британиянын MI6 тышкы чалгын агенттигинин башчысы Ричард Мор билдиргендей, Кытай башка өлкөлөрдүн алдында үстөмдүккө ээ болуу үчүн “карыз капканын” колдонот.
Кытай башка мамлекеттерге карыз берип, анан өлкөлөр карызын төлөй албай калып, натыйжада негизги активдеринен кол жууп калууда деген көз караштар айтылат. Бирок Бээжин мындай көз карашты көптөн бери четке кагып келет.
Кытайды сындагандар Шри-Ланканы мисал келтиришет. Шри-Ланка Кытайдан инвестиция алып, Хамбантота жергесинде ири порт долбоорун баштоого бел байлаган эле.
Бирок Кытайдын карызын жана жалданмачыларын колдонуу менен башталган миллиард долларлык долбоор карама-каршылыктарга туш болду. Долбоор өзүн-өзү актап-актабасы суроо жаратып, натыйжада Шри-Ланка карызга батып калды.
Акыры 2017-жылы Шри-Ланка мамлекеттик “Кытай соодагерлери” (China Merchants) аттуу компанияга аталган портту көзөмөлдөө боюнча 70% үлүшүн 99 жылга ижарага өткөрүп берүүгө макул болду. Анын аркасы менен Кытайдан андан ары дагы инвестиция ала турган болду.
Британиядагы Чатам Хауз аналитикалык борборунун аталган порт боюнча талдоосу “карыз капканы” деген түшүнүк канчалык колдонулуп-колдонулбай жатат деген суроону кабыргасынан коёт. Келишим жергиликтүү саясатчылардын демилгеси менен түзүлгөнүн эске алуу кажет. Ал эми Кытай портко ээлик кылуу боюнча расмий кадам таштаган эмес.
Аталган аналитикалык борбордун материалында белгиленгендей, Шри-Ланканын жалпы карызынын көпчүлүк бөлүгү Кытай карыз берүүчүлөргө эмес жана Кытай порттогу стратегиялык аскердик артыкчылыкка ээ болуу үчүн өз абалын пайдаланганына далил жок.
Ошого карабастан Кытайдын соңку он жылда Шри-Ланкада экономикалык иш-аракеттери көбөйгөнү күмөнсүз. Бээжин бул аймакта өзүнүн саясий амбицияларын илгерилетүү үчүн аны колдонушу мүмкүн деген тынчсыздануулар да бар.
Дүйнөнүн башка жерлеринде да Кытайдын берген карызы карама-каршылыктарга жол ачканына далилдер бар. Андай келишимдерде маанилүү активдерге таасир этүү үчүн Кытайга артыкчылык берилет.
Бирок AidData жана башка изилдөөчүлөр талдап чыккан жүздөгөн насыя келишимдеринде акчаны кайтарып бере албай калган кезде Кытайдын мамлекеттик кредиторлору ири активдерди тартып алган учур катталган эмес.
Кытай берген карыз канча?
Кытай чет элге берген карызы боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарбайт. Анын көптөгөн келишимдеринде мазмунун жарыялабоо боюнча шарт камтылган. Натыйжада карыз алуучулар дагы келишимдин мазмунун ачыктай алышпайт.
Бээжин эл аралык келишимдерде сыр сактоо кеңири колдонулган практика деп эсептейт.
“Эл аралык коммерциялык карыздарда жашырын сактоо макулдашуусу өтө кеңири колдонулат”, — дейт Лондондогу Королева Мэри университетинин профессору Ли Жонс.
“Кытайдын өнүктүрүүгө жумшаган каржылоосу түпкүлүгүндө коммерциялык операция”.
Негизги индустриалдык өлкөлөрдүн көпчүлүгү Париж клубу деп аталган топ аркылуу берген карыздары жөнүндө маалыматтарды бөлүшүп турат.
Кытай аталган топко кошулган эмес, бирок Дүйнөлүк банктын ачык маалыматтарына таянуу менен Кытайдын башкаларга салыштырмалуу берген карызынын тездик менен өсүп жатканын байкоого болот.
Кытайдын карызын кайтаруу кыйынбы?
Батыштагы айрым өкмөттөргө караганда Кытайдын карыздарынын пайызы жогорураак.
Болжолдуу 4% менен берилген карыздар коммерциялык базардын чендерине жакын жана Дүйнөлүк банктан алынган насыядан же болбосо Франция, Германия сыяктуу белгилүү бир мамлекеттердин карызынан төрт эсе көп.
Кытайдын карызын төлөп берүү убактысы да жалпысынан азыраак. Өнүгүп келаткан өлкөлөргө берилген насыялар болжолдуу 28 жылга чейин берилсе, Кытайдыкы 10 жылдан ашпайт.
Кытайдын мамлекеттик карыз берүүчүлөрү карыз алуучулардан оффшордук эсепте минимум каражатка ээ болуусун талап кылат. Аталган эсепке карыз берүүчүлөр жеткилик ала алат.
“Эгерде каражат алуучу карызын төлөп бере албай калса, Кытай юридикалык процесс аркылуу карызды доолап олтурбай эле ошол эсептен акчаларды алып алат”, — дейт AidData уюмунун аткаруучу директору Брэд Паркс.
Батыштагы карыз берүүчүлөрдө мындай аракеттер өтө сейрек кездешет.
Ири жана тез өсүп жаткан экономикага ээ G20 өлкөлөрү учурда бир демилге менен чыгышты. Пандемиядан жабыркаган жакырыраак өлкөлөргө карызды төлөө боюнча жеңилдетүү бермекчи болууда.
Ал демилгеге Кытай дагы кошулду. Бээжин бул планга кошулуу менен “карызды төлөө боюнча ири суммада” көмөк көрсөткөнүн айтууда.
Дүйнөлүк банктан айтышкандай, 2020-жылдын май айынан бери аталган схема аркылуу карыздарды жеңилдетүү үчүн G20 өлкөлөрү жалпысынан $10,3 млрд берген.
Бирок кайсы өлкөлөргө канча каражат берилгенин сурап Дүйнөлүк банкка кайрылганыбызда, мындай маалыматты бөлүшө албасын айтышты. (EA)