You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кытайдын Афганистанда эмне кызыкчылыгы бар?
- Author, Акчолпон Койчиева
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери
АКШ аскерлери Афганистандан чыгып жатканда, бул аймакка Кытай дагы кызыгуу менен көз салып турат. Кытайдын "Бир алкак, бир жол" демилгеси, Афганистанды да камтууну көздөйт. Ошондо, бул өлкөдө кандай долбоор аткарылышы мүмкүн? Би-Би-Си бул теманы эл аралык маселелер боюнча эксперт Марат Мүсүралиев менен талкуулады.