Борбор Азия-ЕБ: Геосаясий курч кырдаалдагы экинчи саммит

Сүрөттүн булагы, President.kg
Кыргызстандын курорт шаары Чолпон-Атада "Евробиримдик-Борбор Азия" экинчи саммити башталды. Бул саммит Украинадагы согуш кайнап, бул региондогу өлкөлөрдүн эң башкы саясий союздашы жана соода өнөгү Россияга эл аралык санкциялар салынып, геосаясий кырдаал курчуган учурда өтүп жатат.

"Евробиримдик-Борбор Азия" саммитине Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандыкы - Шавкат Мирзиеёв, Тажикстандыкы - Эмомали Рахмон жана Еврокеңештин президенти Шарль Мишель катышууда. Ошондой эле Туркмөнстандын расмий өкүлү да келди.
Евробиримдиктин президенти саммиттин максаты Астанада өткөн жылы болгон биринчи саммитттеги пландалган иштерди улантуу экенин билдирди.
“Бул ишти улантуу, саясий планда, экономикалык чөйрөдө өз ара алаканы улантуу, өз ара тил табышуу”,-деди Шарль Мишель.
Бул саммит Украинадагы согуштун айынан Батыш менен Россия кырчылдашып, Москвага масштабдуу эл аралык санкциялар салынып, геосаясий кырдаал курчуган учурда өтүп жатат.
Борбордук Азия өлкөлөрү өзүнүн башкы саясий, аскердик жана экономикалык союздашы болгон Москванын маанайын карап иш кылууга аргасыз. Ошол эле убакта Батыш менен болгон мамиленин да бузулушун каалабайт. Бул саммиттеги сүйлөшүүлөрдүн максаты да, мааниси да ушунда.
"Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Ошондуктан улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен тышкы саясатын жүргүзүп, Евробиримдик менен кызматташтык жүргүзүүгө умтулуп келишүүдө. Алар Россия менен бир аскердик уюмда болгон менен экономикалык кызыкчылыктары биринчи кезекте",-дейт эл аралык мамилелер боюнча адис Сыймык Эдилбек уулу.
Ошол эле убакта Брюссель Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу санкция салынган товарлар Россияга өтүп кетип жатканына кабатыр болуп турган чак. Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан эки ай мурда чаап келип, бир катар тынчсызданган билдирүүлөрдү жасап кеткен.
Анын соңунан Кыргызстанга Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид келип кеткен эле.
Украинада согуш башталганы Евробиримдиктен Кыргызстанга товар ташуу 300% өстү. Бирок, Евробиримдик эл аралык санкцияларга кабылган Россияга Кыргызстан жана региондогу башка өлкөлөр көмүскө жол менен товар ташып жатабы деп шектенүүдө.
Анткени, Европадан Кыргызстанга өтө көп өлчөмдө ташылып баштаган товарлардын көп түрүн согушта колдонуу ыктымалдыгы бар.
“Бул жерде сөз алдыңкы технология жабдыктары жана эки башка максатта колдонулушу мүмкүн товарлар тууралуу болуп жатат. Мисалы, смартфон, видеокамера жана таатал технологиясы бар жабдыктар. Буларды баары согушта колдонулушу мүмкүн”, - деген Дэвид О'Салливан.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Европа комиссиясында Россияга каршы санкциялардын 11-пакети даярдалып жатканы, бул жолу санкциялар Россияга жардам берип, товар ташып жатат делген үчүнчү өлкөлөргө киргизилиши мүмкүн экени айтылууда.
Евробиримдиктин Россияга санкциялар саясатына Шарль Мишель Чолпон-Атадагы саммитте сүйлөгөн сөзүндө да токтоло кетти.
Садыр Жапаров өз кезегинде санкция маселесиндеги Брюсселди кабатыр кылган жагдайларды түшүнүү менен кабыл аларын, бул боюнча диалогду улантууга даяр экенин билдирди.
Расмий Бишкек Кыргызстан транзиттик мамлекет экенин жана эл аралык сооданын эрежеси менен иштеп жатканын билдирген.
“Биз өзүбүздүн статистикабызды бергенге даярбыз, бирок силер товарлардын тизмесин бизге беришиңер керек дедик. Кайсыл товарлар кыйыр санкцияга түшүп жатат, балким тиричилик товарларынын эле алкагында жүрүп жаткандыр дедик. Анткени биз мунун негизинде экономикабызга терс таасирин тийгизип албашыбыз керек. Себеби, биздин соодабыз Россия менен эле өскөн жок. Мисалы, Европанын бир катар мамлекеттери менен 300% өсө турган жагдайбыз бар. Анткени санкциялардын арты менен кээ бир мамлекеттер бизден товарларды ташыганга муктаж болуп калды. Биз транзиттик мамлекетпиз”,- деген эле Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Евробиримдиктин Борбор Азияда чоң кызыкчылыгы бар, анткени Борбор Азиянын стратегиялык географиялык орду бар жана Европа менен Азиянын ортосундагы кызматташтыкта орчундуу роль ойнойт, энергетикалык ресурстарга бай. Ошондой эле Афганистандагы окуялардын контекстинде регионалдык коопсуздукту камсыз кылууда бул региондун мааниси чоң.
Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык мамилелерди түзгөнүнө 30 жылдан ашты. Эки региондун алакасы 1990-жылдардан тартып кеңейе баштаган. 2007-жылы Евробиримдик Борбор Азия боюнча биринчи стратегиясын кабыл алган.
2019-жылы Евробиримдик Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын кабыл алды. Анда бул региондун Евробиримдик үчүн стратегиялык маанисине басым жасалган.
“Евробиримдиктин стратегиясы - Борбордук Азиянын туруктуу, гүлдөгөн жана кызматташтыкка даяр регион катары өнүгүшүнө жардам берүү”,-деп айтылат Евробиримдиктин расмий сайтындагы маалыматта.
3-июнда Шарль Мишелдин Кыргызстандагы расмий сапары өзүнчө болот. Анын алкагында президент Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалган, чакан жана чоң форматта тараптар Кыргыз-Европа өнөктөштүгүн талкуулашат.








