Алгандын бермейи бар. Стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү

Жапаров жана Путин

Сүрөттүн булагы, President.kg

Кыргызстан менен Россиянын президенттери Москвада болгон жолугушууда бардык тармактар боюнча стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анын ичинде аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты чындоо өзүнчө белгиленди.

Биргелешкен билдирүүдө Борбордук Азия аймагында тышкы коркунучтарга биргелешип каршы туруу контекстинде президенттер аскердик жана аскердик -техникалык кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашканы айтылат. Ошондой эле Кыргызстан менен Россия ЖККУдагы союздаштар катарында коопсуздукту камсыз кылуу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзөт деп белгиленди.

Стратегиялык өнөктөш мамлекеттердин президенттеринин бул жолугушуусу Москвада 9-майда Жеңиш парадынын алдында болуп жатканы менен эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Россия Украинада согуш баштаганына бир жылдан ашты, ал үчүн Россия Батыштын санкцияларына кабылып, эл аралык коомчулукту катуу сынга кабылып турган убагы. Мындай шартта постсоветтик өлкөлөр Путиндин чакырыгы менен Москвага барбай кое алат беле деген тема талаш-талкуунун чордонунда турат.

Ошол эле убакта Украинадагы согуш создугуп кеткен чакта Россия Кыргызстан сыяктуу аскердик союздаштарынан жардам күтүп жатабы, эгер колдоо керек болсо ал кандай түрдө болушу мүмкүн деген түпөйүл суроолор бар.

«Путинге Жапаровдун Кыргызстан санкциялык товарлар боюнча Россияга паралель импорттун аймагы болушун колдогон мамилеси керек болууда. Бул азыр баарына белгилүү. АКШ буга бөгөт койгонго аракет кылууда»,-деди москвалык эксперт Аркадий Дубнов.

Россия Украинага басып кирген бир жылдан ашык убакыттан бери Борбор Азия өлкөлөрү Москванын бул операциясын ачык колдоп чыккан жок. Бирок ошол эле убакта ага каршы болуп айыптагандай да чамасы жок.

Экинчи жагынан Евробиримдик үчүнчү өлкөлөрдүн Россияга жардам беришин чектөө жана Москва колдоно турган соода каналдарын жабуу үчүн экинчи даражадагы санкцияларды даярдап жатканын, андагы биринчи бута Борбор Азия өлкөлөрү экенин Bloomberg жазып чыкты.

"Бардык эле Борбор Азия лидерлери ушу тапта дөшү менен балканын ортосунда калгандай болушту. Бир жагынан Батыш өлкөлөрү менен мамилени бузгулары келбейт да, экинчи жагынан Россиясы жок кантип иш болот?",-дейт тажикстандык эксперт Негматулла Мирсаидов.

Аскердик кызматташтык

Канттагы аскер базасы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстан менен Россиянын аскердик кызматташтыгы - бул биринчи кезекте 2003-жылы ачылган Канттагы орус аскердик авиабазасы. Ал ЖККУнун Борбор Азия аймагындагы ыкчам жооп берүү компоненти катары бекер жайгаштырылган. 2012-жылдагы аскердик кызматташтык тууралуу келишимге ылайык, кыргыз тарап бул авиациялык базанын коммуналдык кызматтарын жана тиричилик акысын көтөрөт.

Авиабаза жаңы ачылганда анын карамагында беш "СУ-25" штурмовик учактары, бир нече тик учактар, бир нече үйрөнчүк учактар бар экени кабарланган. Базада 400 аскер кызмат өтөйт деп расмий айтылган.

Кыргызстан менен Россия ортосунда аскердик-техникалык кызматташтык боюнча 35 ашык документке кол коюлган. Анын ичинен эң эле маанилүү документ бул - 2012-жылдагы 20-сентябрында кол коюлган Россиянын Кыргызстандагы аскердик объектилеринин макамы тууралуу келишими.

Анын негизинде өлкөдө Россиянын төрт аскердик объектилери жайгаштырылган, алар: Каракол шаарындагы аскердик сыноо базасы, Спартак жана Чалдыбардагы эки байланыш түйүнү.

Россиянын бириккен аскер базаларынын туруу шарттарын караган өзүнчө макулдашуу 2017-жылдын 29-январынан тартып күчүнө кирген. Ал 15 жылга кабыл алынган, андан кийин беш жылга узартылып турат.

Мындан сырткары, Россия 2013-жылы аскердик жардам келишиминин алкагында Кыргызстандын армиясына миллиард доллардан ашкан суммадагы аскердик жардам көрсөтүп баштаган. Анын ичинде аскердик техника жана курал-жарактар келгени кабарланган.

Кыргызстандын Генштабынын өкүлү Россиянын аскердик жардамынын тизмесинде тик учактар, согуштук учактар, бронтехника, атуучу куралдар бар экенин билдирген.

Ошол эле убакта Кыргызстандын аскердик адистери басымдуу түрдө Россиянын аскердик окуу жайларынан даярдалып, машыгуудан өтүп келатканы белгилүү.

ЖККУдагы кызматташтык

ЖККУ

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошол эле убакта соңку жылдары ЖККУнун алкагындагы кызматташтык дагы кризиске кабыла баштады. 2022-жылы Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан бул уюмдун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. Андан мурда Армения ЖККУнун Казакстандагы машыгууларына катышуудан баш тарткан.

10-14-октябрь күндөрү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда "Бузулгус бир туугандык - 2022" деп аталган командачылык-штабдык машыгуулар өтүшү керек болчу, бирок бул машыгуулар болбой калды.

Учурда ЖККУга Россия, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет. (КС)