Санкция тобокели Борбор Азияны да тооруйбу?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Европа комиссиясы Россияга каршы санкциялардын 11-пакети даярдалып жатканын билдирди.

Бул жолу санкциялар "Россияга жардам берип, товар ташып жатат" делген үчүнчү өлкөлөргө киргизилиши мүмкүн.

Борбор Азия өлкөлөрү санкциялардын кийинки бутасыбы?

Сүрөттүн булагы, berlek-nkp.com

Украинада согуш башталгандан бери Россия эл аралык соода-сатыкта чоң чектөөлөргө кабылды. Ал чакта Борбор Азия өлкөлөрүнүн Россияга экспорту өсүп, бул да Евробиримдиктин шектенүүсүн жаратууда.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн Батыш санкцияларына кабылуу тобокелчилиги канчалык?

Кыргызстан

Европадан Кыргызстанга ташылып жаткан товар көлөмү соңку жылы 300% өстү. Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливандын айтымында, "согушта колдонуу ыктымалдыгы бар" делген 770 аталыштагы түрдүү товар мурдагыдан көп өлчөмдө ташыла баштаганы шек жаратууда.

“Бул жерде сөз алдыңкы технология жабдыктары жана эки башка максатта колдонулушу мүмкүн товарлар тууралуу болуп жатат. Мисалы, смартфон, видеокамера жана татаал технологиясы бар жабдыктар. Булардын баары согушта колдонулушу мүмкүн”, - деген эле Дэвид О'Салливан.

Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан

Сүрөттүн булагы, fr.wikipedia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дэвид О'Салливан - Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү

Кыргыз тарап кызматташууга даяр, талабы да даяр...

Евробиримдиктин өкүлү экспорттолгон товарды иликтөө жана алардын Россияга сатылуусуна жол бербөө үчүн кыргыз бийлигинен так маалымат алуу маанилүү экенин айткан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Улуттук статистикалык комитетинин билдирүүсү боюнча 2022-жылы Кыргызстан менен Россия ортосундагы товар алмашуу 40,3% өсүп, 2,9 миллиард долларга жеткен.

Былтыр Кыргызстандын Россияга болгон экспорту да 2,4 эсе көбөйгөн.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын экспорту өсүп жатканын ырастайт. Кыргыз чиновниги Дүйнөлүк соода уюмунун эрежесине таянып, Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнөн шектүү товарлардын тизмесин сурап жатат:

“Биз өзүбүздүн статистикабызды бергенге даярбыз, бирок силер товарлардын тизмесин бизге беришиңер керек дедик. Кайсыл товарлар кыйыр санкцияга түшүп жатат, балким тиричилик товарларынын эле алкагында жүрүп жаткандыр дедик. Анткени биз мунун негизинде экономикабызга терс таасирин тийгизип албашыбыз керек. Себеби, биздин соодабыз Россия менен эле өскөн жок. Мисалы, Европанын бир катар мамлекеттери менен 300% өсө турган жагдайбыз бар. Анткени санкциялардын арты менен кээ бир мамлекеттер бизден товарларды ташыганга муктаж болуп калды. Биз транзиттик мамлекетпиз”,- деген Амангелдиев “Азаттыкка”.

Данияр Амангелдиев - Экономика жана коммерция министри

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Данияр Амангелдиев - Экономика жана коммерция министри

Министр фискалдык реформанын алкагында кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН), электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ) кирип, анын эсебинен көмүскө экономика ачыкка чыгып, көрсөткүчтөр өсүп жатканын айтты.

Ушу тапта кыргыз бийлиги Евробиримдиктин өкүлдөрү менен 27-апрелде сүйлөшүү өткөрүүнү болжоп жатканы белгилүү болду.

Евробиримдиктин назарына түшкөн жалгыз эле Кыргызстан эмес. ЕБ мурда Россияга экспорттолгон товарларды азыр көп сатып алып жатат делген дагы башка өлкөлөрдү сын көз менен карап жатат. Мисалы, Казакстан, Өзбекстандан тышкары Араб Эмираттары, Түркия, Армения, Грузия, Сербия дагы бул тизмеде бар.

Казакстан

Марттагы Кыргызстандагы сапарынан кийин Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан 24-25-апрелде Казакстанга иш сапар менен келди.

Бул өлкөнүн дагы соңку жылы Россия менен соода алакасы кызып жатат.

Мисалы, Казакстандын улуттук статистикалык бюросунун маалыматы боюнча Россия менен Казакстандын товар алмашуусу былтыр 6,1% өскөн. Россияга казак экспорту 25% өскөнүн да белгилей кетели.

Бирок казак бийлиги О'Салливандын сапарын утурлай эле бул маселеде өз позициясын ачыктап койду десек болот. Казак бийлигинин таасирдүү өкүлдөрүнүн бири апрелде Euractiv интервью берип жатып бул маселеге да кайрылган экен.

“Казакстан АКШ жана Евробиримдиктин санкцияларын кыйгап өтүүнүн куралы болбойт. Россия, Беларус менен экономикалык биримдикке болсок дагы биз - эл аралык коомчулуктун бир бөлүгүбүз”, - деген казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин өкүлү Тимур Сулейменов.

Борбор Азия өлкөлөрү Европа базарларына мунай, айыл чарба продукцияларын жана башка чийки заттарды ташыйт. "Европа менен Кытайдын ортосундагы товар транзити да дал ушул Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өтөрүн эске алганда, Батыш аймактагы өлкөлөргө санкция салып жибериши оңой-олтон эле иш эмес" деген эксперттер да бар.

Жанибек Арынов - Казакстандагы Назарбаев университинин доценти, саясат талдоочу

Сүрөттүн булагы, 365info.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жанибек Арынов - Казакстандагы Назарбаев университинин доценти, саясат талдоочу

Казакстандагы Назарбаев университинин доценти, саясат талдоочу Жанибек Арынов казак бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнө санциялар киргизип коюушу мүмкүн деген чочулоолорго сын көз караш менен карайт. Анын пикиринде, БА өлкөлөрү Россияга айдан ачык көмөк көрсөтүп, эл аралык коомчулуктун бутасына калууга батынбайт дагы.

“Казакстан өзүнүн аймагында кире турган жана чыга турган бардык товардарды электрондук түрдө каттоону жүзөгө ашырды. Албетте, бул нерсе Евразиялык экономикалык комиссиянын алкагындагы келишимдердин негизинде жасалган нерсе болуп жатат. Бирок анын бейрасмий маанисин түшүнсөк, бул Россияга чыгарылып жаткан параллелдүү экспортту каттоого алууга арналган чара эле эмес. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү Россияга карата экспортун көлөмүн каттоону ошо менен колго алат шекилдүү. Муну менен алар санкциялардын алдында калбоонун аракетин көрөт. Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан болобу, мен бул өлкөлөр Россияга экспорт кылабыз деп Евробиримдиктин санкцияларына кабылгысы келет деп ойлобойм”, - деди Назарбаев университинин доценти.

Казакстанга окшоп Кыргызстан дагы ЕАЭБге мүчө, бирок өлкө биримдик алкагында экспорт, импорт товарларын азырынча электрондук каттоого ала элек. Болгону Казакстан менен электрондук пломбалар боюнча иш жүргүзүп жатат.

Бул өлкөлөрдөн айырмаланып, Өзбекстан ЕАЭБге мүчө эмес. Уюмдан сырткары турганына карабай Россия менен соода-сатыгы жолго коюлган. Россия менен товар алмашуусу мурунку жылдарга салыштырмалуу өсүштүн үстүндө.

Өзбекстан

Өзбекстан-Россия соодасы былтыр 23% түзүп, 2021-жылга карата 9,28 миллиард долларга өскөн. Ал эми Өзбекстандын Россияга экспорту былтыр 1,47 эсеге өсүп, 3,067 миллард долларды түздү. Расмий маалыматтар боюнча, Россияга бул өлкөдөн көбүрөөк текстиль жана жашылча ташылууда.

Фарход Толипов Өзбекстандагы "Билим карвони" илимий мекемесинин директору, саясий илимдеринин кандидаты. Ал Батыш Борбор Азия өлкөлөрүн Россияга жардам бербөөгө чакыргысы келсе, алды менен бул өлкөлөр менен кызматтыштыгын мындан да бекемдеши керек дейт.

“Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливандан кийин эле Борбор Азияга АКШынын Каржы министринин жардамчысы Элизабет Розенбергдин маанилүү сапары ишке ашканы турат. Батышта "Борбор Азия өлкөлөрү Россияга жардам берип жатабы?" деген шектенүү жаралууда. Украинадагы согуштун контекстинде бул аймаккка Блинкенден кийин эле АКШнын өкүлүнүн сапары болгону турат. Бул кайсы бир деңгээлде Вашингтон менен Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрү санкциялардын объектисине айланып калбасын деген ишарасы деп да түшүнсө болот. Бирок мындай саясат тар саясат болуп калгыдай. Себеби, Россия менен кызматташтыктан аймактагы өлкөлөрдү баш тарттыруу үчүн АКШ, ЕБ тарабынан мындан да тыгыз кызматташтык кенемтеси болуш керек да. Себеби, Борбор Азия өлкөлөрү Россия тараптан туруктуу коркунучтардын чеңгелинде турат. Андыктан АКШнын Каржы министри жана Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлүнүн макамы жана милдети бул жагдайды эске алуу менен мындан катаалырак саясатты карманат деген ойдомун”, - деди Фарход Толипов.

Фарход Толипов - Өзбекстандагы "Билим карвони" илимий мекемесинин директору

Сүрөттүн булагы, Cabar Asia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фарход Толипов- Өзбекстандагы "Билим карвони" илимий мекемесинин директору

Өзбекстан теги өзбек, орусиялык миллирдер Алишер Усмановго карата Евробиримдиктин санкцияларын жокко чыгаруу аракетин сүрөп жатканы сөз болуп келет. Бул тууралуу Financial Times өз булактарына шилтеме берип, жазып чыккан. Алишер Усманов ЕБ санкция салган 26 орусиялык ишкердин тизмесине кирген эле.

Былтыр Россия Украинага кол салгандан кийин, АКШнын Финансы министрлиги санкция салынган товарлар Россия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азия өлкөлөрү да киргизилген эле. Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырьё катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Россия менен Беларуска экспорттолушуна тыюу салынары белгиленген эле. Бул өлкөлөр тизмесине Тажикстан да кирген.

Тажикстан, Түркмөнстан

Тажикстан менен Түркмөнстандын статистикалык комитеттери соңку эки жылдагы сырткы соода катыштар боюнча маалыматын жарыялай элек. Бирок орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин жакында эле Дүйшөмбүгө расмий сапар менен барып, Россия менен Тажикстандын товар алмашуусу былтыр 18% өсүп, рекорддук 1,5 миллиард долларга жеткенин айтты.

Россия менен Тажикстандын соңку жылы соода алакасы эмненин эсебинен өстү:

“АКШнын Каржы министри Тажикстанды Россияга жардам бере ала турчу өлкөлөрдүн тизмесине киргизгени тууралуу сөздөр болгон. Бирок Тажикстандын Россияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бере ала турган андай деле чоң же күчтүү экономикасы жок да. Ошондой эле Тажикстан өз аймагында иран дрондорун жасап, экспорттоп атыптыр деген да сөз болгон. Бирок алар ушак эле сөздөр болуп, далили чыккан жок. Кадыресе жашоодо деле тажик экспорту же импорту азайып же көбөйүп жатканы байкалбайт. Бажы төлөмдөрү, бюджетте каражаттар көбөйдү. Бирок ал сомонинин наркы кеткенине байланыштуу болду. Россия санкцияларга кабылгандан кийин айыл чарба продукцияларына муктаждык пайда болду, алар Тажикстандан ташылып атты”,- дейт тажик эксперти Абдумалик Кадиров.

Абдумалик Кадиров - тажик эксперти

Сүрөттүн булагы, asiaplustj.info

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абдумалик Кадиров - тажик эксперти

Ал эми Түркмөнстан менен Россиянын соода көлөмү былтыр канчага жетти, ачык булактарда толук маалымат жок. Бирок бул өлкөнүн бажы статистикасына таянсак, былтыр бул көрсөткүч сегиз айда эле 32,7% өскөн. Мында айрыкча жер-жемиш продуктуларын ташуу көлөмү өскөнү айтылат.

Ошентип, Борбор Азия өлкөлөрү санкцияларга кабылган Россияга өз товарларын сатып, соода-сатык алакасын жакшыртууда. Бирок алар Россияга санкцияларды кыйгап өтүп, реэкспорт жасап жатканы тууралуу азырынча так, ачык далилдер чыга элек.