ЦРУ, Коргоо министри: Трампты жандап жаңы кызматка кимдер келет?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп маанилүү мамлекеттик кызматтарды жетектей турган адамдарды тандай баштады.
Теги индус ишкер Вивек Рамасвами менен бирге Tesla, Х жана SpaceX компанияларынын ээси Илон Маск Өкмөттүн эффективдүүлүгү департаментинин (DOGE) башчылыгына сунушталды.
Муну жарыялаган Трамп Илон Маскты "Улуу Илон Маск" деп атап, Вивек Рамасвамини "патриот америкалык" деп мүнөздөдү.
Бул жоопкерчиликти алгандан кийин Вивек Рамасвами "биз жумшак мамиле кылбайбыз" деп жазды. Ал өзүнө берилген милдеттерди күч менен ишке ашыра турганын жана Трамп да муну каалап жатканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Вивек Рамасвами көптөгөн мамлекеттик департаменттердин жана агенттиктердин жабылышын жактап келгени менен белгилүү.
Илон Маск менен бирге Вивек Рамасвами өкмөттөгү бюрократияны, катаал эрежелерди жана "керексиз чыгымдарды" токтотуудан тышкары, федералдык агенттиктердин түзүмүнө өзгөртүү киргизүүнүн үстүндө иштемекчи.
Трамп муну "Американы куткаруу" кампаниясы үчүн маанилүү деп атады.
Дагы кимдер кызматка барат?
Муну менен катар ЦРУнун директору, коргоо министри, Ак үйдүн болочоктогу аппарат жетекчиси сыяктуу айрым кызматтарга дайындала турган ысымдар жарыяланды.
АКШнын жаңы Коргоо министри (Пентагондун башчычысы) кызматын армиянын ардагери жана Fox News телеканалынын алып баруучусу Пит Хегсет аркалап калышы мүмкүн.
Флоридадан сенат болгон Майкл Вальц Американын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилигине сунушталды.
Элүү жаштагы Вальц Флоридадан келген конгрессмен. Ал мурдагы аскер кызматкери жана Трампты көптөн бери колдоп келет.
Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиликке Вальцты дайындоодо Сенаттын макулдугу талап кылынбайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Трамп ЦРУнун директорлугуна Жон Рэтклиффти дайындай турганын билдирди. Рэтклифф буга чейин улуттук чалгын кызматынын директору болуп иштеген.
Мындан тышкары Трамп улуттук коопсуздук департаментинин жетекчилигине Крисси Ноемди тандады. Ал Түштүк Дакота штатынын губернатору. Көптөн бери Трамптын өнөктөшү, шайлоо учурунда Трамптын пайдасына үгүт жүргүзгөн.
Ак үйдүн аппарат жетекчиси кызматына Сюзи Уайлсты дайындамай болду. Ал бул кызматка бара турган биринчи аял киши болот.
АКШнын саясий түзүмүндө Ак үйдүн аппарат башчысы эң маанилүү кызматтардын катарына кирет. Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрүн координациялоо милдети жүктөлөт, мыйзам чыгаруучу органы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, бардык саясат бөлүмдөрдү көзөмөлдөйт.
Трамп 2025-жылдын 20-январында боло турган ант берүү аземинен кийин расмий түрдө кызматка киришет. (SA)












