Washington Post: Трамп Путин менен сүйлөштү, муну Киев билбейт

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өткөн бейшембиде (7-ноябрь) Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү жана Украинадагы согушту талкуулады. Бул тууралуу Washington Post мындан кабар бар булактарына шилтеме берип жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, Трамп Путинди Украинадагы эскалациядан оолак болууга чакырды жана америкалык күчтөрдүн Европадагы бир топ салмагы тууралуу эске салды.
Басылма менен сүйлөшкөндөр дагы Путин менен Трамп европалык континентте тынчтыкка жетүүнүн зарылдыгы тууралуу сүйлөшүп жана Трамп "конфликттин тез арада жөнгө салынышын" талкуулоо үчүн мындан кийинки сүйлөшүүлөргө кызыкдар экенин билдирген.
Кеп болуп жаткан болжолдуу сүйлөшүү тууралуу расмий комментарий бериле элек жана Би-Би-Си дагы бул билдирүүнү өз алдынча тастыктай алган жок.
Комментарий сурап Дональд Трамптын коммуникация боюнча директору Стивен Чунгга кайрылганда: "Биз президент менен Трамптын жана башка дүйнөлүк лидерлерлер менен жеке телефондук сүйлөшүүлөрүнө комментарий бербейбиз" деп жооп берди.
Ал ошол эле учурда лидерлер шайланган президент менен байланыш түзө башташканын белгиледи.
NBC News өткөн бейшембиде жарыялаган маегинде Трамп азырынча Путин менен сүйлөшө электигин, бирок бул ишти пландап жатканын айткан эле.
Ошол эле күнү Путин "Валдай" талкуу клубунун жыйынында сүйлөп жатып, Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, диалогго даяр экендигин билдирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Washington Post Киев Трамп менен Путиндин бул сүйлөшүүсү тууралуу кабардар болгонун жана ага каршылык билдирбегенине ишендирүүдө, бирок Украинанын Тышкы иштер министрлиги муну четке кагууда.
"Украин тарап сөз болуп жаткан телефон чалышуу тууралуу алдын ала кабардар болгон деген маалымат чындыкка туура келбейт. Украина телефон чалышууну кубаттап же ага каршы чыга алмак эмес",- деп билдирди Reuters басылмасына Украинанын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Георгий Тихий.
Washington Post жазган маалыматка караганда, Трамп Путинге Флоридадагы резиденциясында туруп чалган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Трамп Зеленский менен өткөн аптада (6-ноябрь) сүйлөшкөн эле. Украин президенти билдиргендей, лидерлер "жакындан сүйлөшүп жана кызматташтыкты арттыруу" тууралуу макулдашышкан.
"Президент Трамп менен абдан жакшы сүйлөшүү өткөрүп, анын тарыхий жана ишенимдүү жеңиши менен куттуктадым. Бул жыйынтык анын суктанаарлык шайлоо кампаниясынын натыйжасы болду",- деп жазды Зеленский коомдук сайттагы баракчасына.
8-ноябрда Axios порталы, андан кийин башка дагы америкалык маалымат каражаттары сүйлөшүүгө Илон Маск дагы катышканын билдиришкен.
Булактар телефондук сүйлөшүү 25 мүнөткө созулганын билдиришти. Зеленский Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктагандан кийин, шайланган президент Украинаны колдоо улана тургандыгын айтып, бирок анын деталдарына токтолгон эмес.
Илон Маск сүйлөшүү учурунда, Starlink спутник интернети тутумуна туташууга мүмкүнчүлүк берүү менен Украинаны колдоо улана бере тургандыгын айтканын Axios порталынын булактары билдиршти.
Кийинчерээк сөз болуп жаткан сүйлөшүүлөргө Илон Масктын дагы катышкандыгы тууралуу кабарды Украин президентинин офисиндеги булактар Би-Би-Сиге тастыкташты.
Президент Трамп Илон Маск менен чогуу турган экен жана телефонду Илон Маскка берди, президент Зеленский Starlink үчүн ыраазычылык билдирди",- деп тастыктады ал.
Сүйлөшүү учурундагы маанай кандай болду деген суроого "нормалдуу, жумуштагыдай маанай, жакшы сүйлөшүү болду" деп кошумчалады.
"Бул абдан маанилүү нерселерди сүйлөшө тургандай баарлашуу болгон жок, бирок жалпылап айткандай абдан жылуу, жагымдуу сүйлөшүү болду", -деп билдирди булак.












