Трамп шайлоодон кийин Путин менен сүйлөшпөгөнүн, бирок Зеленский менен байланышканын айтты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трамп NBC News каналына курган маегинде шайлоодон кийин Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшпөгөнүн, бирок украин лидери Володимир Зеленский менен байланышканын айтты.
"Менимче, биз сүйлөшөбүз",- деди Путин тууралуу. Зеленский менен эмнелер жөнүндө сүйлөшкөнүн чечмелеп айткан жок.
Ал шаршембинин таңында жетимишке жакын дүйнөлүк лидерлер менен сүйлөшкөнүн, алардын арасында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху да бар экенин билдирди. Аны менен сүйлөшүүнү "абдан жакшы пикир алышуу" деп атады.
Трамп ошол эле маегинде президент Жо Байден жана өзүнүн шайлоодогу атаандашы, вице-президент Камала Харрис менен телефон аркылуу баарлашканын да айтып берди.
Байден менен Харрис аны куттуктоо үчүн 6-ноябрда телефон чалышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Эки багытта тең абдан маанилүү, абдан жагымдуу чалуулар",- деп сыпаттады Трамп. Харрис бийликти өткөрүп берүү мүмкүн болушунча машакатсыз болоорун айткан.
"Албетте, мен жок дебей турган иш",- деди Трамп.
Анын сөзүнө караганда, Байден менен сүйлөшкөн учурда экөө чукул арада чогуу түшкү тамакка барууну дагы макулдашкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
7-ноябрда Владимир Путин шайлоодо Трамптын жеңиши жөнүндө алгачкы жолу комментарий берип, аны куттуктады.
"Учурдан пайдаланып мен аны АКШнын президенттик кызматына шайланышы менен куттуктайм. Мен Америка эли ишеним көрсөткөн бардык мамлекет башчылары менен иштей турганыбызды буга чейин эле айткам. Иш жүзүндө да, чындыгында да ошондой болот",- деп билдирди Путин "Валдай" эл аралык талкуу клубунун жыйынында.
Путин ошондой эле Трамптын "украин кризисинин бүтүшүнө далалат кылам" деген билдирүүсүн эске салды.
"Ал эмне кылат деген суроо ага бериле турган суроолор. Бирок буга чейин эл алдында эмне айтылды, Орусия менен мамилелерди калыбына келтирүүгө умтулуу боюнча эмнелер сүйлөндү, украин кризисин бүтүрүүгө жагдай түзүү жөнүндөгү сөз менимче көңүл бурууга арзыйт",- деди Путин.
Трампка чалуу уяла турган иш эмес экенин, бирок чалууну пландабаганын Путин айтты. "Жөн эле андай кылбайм",- деп кошумчалады Путин.
Трамп шайлоо алдындагы өнөктүгүндө эгер шайланып кала турган болсо, Украинанын Орусия менен согушун токтото турганын убада кылган. Бирок муну кандайча кыла турганын тактап айткан эмес.
Украин президенти Володимир Зеленский Будапештте өтүп жаткан Европанын саясий коомчулугу саммитинин жыйынтыктоочу пресс-конференциясында Трамптын согушту тез арада бүтүрүү тууралуу каалоосуна ишене турганын, бирок Киевге адилеттүү дүйнө керектигин айтты.
"Мен Трамптын чындап эле тез чечимди каалап турганына ишенем. Согушту тез бүтүрө салуу деген - бул жоготуу [Украина үчүн]",- деп билдирди Зеленский. (AK)












