Борис Жонсонду кызматтан кетирген беш себеп

Оуэн Амос, BBC News

Үч жылдай мурда Борис Жонсон консерваторлорду 1987-жылдан берки шайлоодогу эң чоң жеңишке жеткирген.

Азыр эми Британиянын премьер-министри депутаттардын колдоосунан кол жууп, кызматтан чегинип жатат. Мындай кырдаал кантип жаралып калды?

Крис Пинчер иши

Шаршемби күнү, 29-июнда парламент депутаты Крис Пинчер — ошол кезде консерваторлордун орун басары — Лондондо жабык кечеге барган. Ал “ашыкча ичип алганын” жана “өзү уят болгонун” айткан.

Эки эркек кишини кармалаганы үчүн Пинчерди айыптап, күнөөлөгөндөр көбөйүп кеткен. Алардын айрымдары көп жыл мурда болгону айтылууда. Бул окуя премьер-министрди кызматтан кетирүүгө алып барган жагдайлардын чынжырчасынын башаты болуп калды.

Башында Британиянын өкмөтү Пинчер февралда орун басар болуп дайындалганга чейин ага карата айтылган “конкреттүү айыптоолор” туурасында Жонсонго маалымат берилбегенин билдирди. Кийинчерээк министрлер ушул эле сөздү так эмес экени аныкталса дагы кайталашкан.

4-июлда Би-Би-Си расмий арыз туурасында Жонсондун кабары болгонун маалымдаган. Кийинки күнү мурдагы мамлекеттик кызматкер лорд Макдоналд билдиргендей, жеке премьер-министрдин өзүнө арыз жөнүндө кабар берилген.

Кийин Жонсон 2019-жылы кабар беришкенин мойнуна алып, Пинчерди орун басар кылып дайындаганы үчүн кечирим сураган.

Карантин учурундагы кече

Ушул жылдын апрель айында премьер-министр карантин чараларына баш ийбегени үчүн айыппул төлөгөн. Ал 2020-жылдын июнундагы туулган күнүндө чогулушка барган.

Ошондой эле ал биринчи карантин учурунда өкмөт үйүнүн бакчасында болуп өткөн “өз ичимдигиңди ала кел” тибиндеги кечеге барганы үчүн дагы кечирим сураган.

Жалпысынан борбордук полиция Дауниң-стритте жана Уайтхоллдо карантин чараларын бузганы үчүн 83 кишиге 126 штраф жазган.

Ал эми жогорку мансаптуу мамлекеттик кызматкер Сю Грейдин баяндамасында карантин чараларына баш ийбеген саясий кызматкерлердин бир нече коомдук иш-чаралары сүрөттөлгөн.

“Борбордогу жогорку саясий жана расмий жетекчилик бул маданияты үчүн жоопкерчилик алышы керек”, — деп жазган ал.

Былтыр декабрда Жонсон парламенттин төмөнкү палатасында “өкмөт үйүндө бардык көрсөтмөлөр толугу менен аткарылганын” билдирген. Учурда палатанын комитети ал атайылап парламентти адаштырып-адаштырбаганы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.

Кымбатчылык жана салыктын жогорулашы

2022-жылы инфляция кескин түрдө өсүп, бүгүнкү күндө 9,1% түздү.

Анын себептерин Борис Жонсон көзөмөлдөй алмак эмес. Орусиянын Украинага кол салуусу, мисалы, мунайдын жана азык-түлүктүн баасынын кымбатташына алып келди.

Мисалы, өкмөт күйүүчү майдын литрине болгон салыкты беш пенске азайтып, айрым чараларды көргөнү менен, бирок апрель айында салыкты да көтөрүп жиберди.

Өкмөттөн айтышкандай, салык көтөрүлгөнү саламаттык сактоо жана социалдык жардам тармагында төлөмдөргө жумшалат. Ал эми ушул аптада күчүнө кирген өзгөртүүлөр чыңалууну басаңдаткандай болду. Бирок жылына £34 000ден көп тапкандар баары бир көбүрөөк төлөй беришмекчи.

“Он жылдан берки кымбатчылык кризиси каптап жаткан чакта өкмөт иштеп жаткан адамдарга салык салууну көбөйтүүнү чечти”, — деген апрелде эмгекчилердин лидери Кейр Стармер.

Оуэн Патерсон чуусу

2021-жылдын октябрында парламент палатасынын комитети ошол кезде консерватор депутат Оуэн Патерсонду 30 күн кызматтан четтетип туруну сунуштаган.

Комитеттин айтымында, ал компаниялардан акча алып, аларга пайда келтирүү үчүн калкалоо эрежесин бузган.

Премьер-министр жетекчилик кылган консерваторлор аны кызматтан убактылуу четтетүү үчүн добуш беришип, бирок ошол эле учурда иликтөө кандай жүргүзүлгөнүн карап чыгуу боюнча жаңы комитет түзүшкөн.

Каршылыктардан кийин Патерсон акыры кызматтан кеткен. Кийинчерээк Жонсон аталган ишти жүргүзүп жатып, “машинасын сындырып алганын” мойнуна алган.

Идеянын жетишсиздиги

Борис Жонсон Евробиримдиктен чыгуу боюнча так жана жөнөкөй саясаты менен көпчүлүктүн добушуна ээ болгон.

Бирок андан бери, аны сындагандардын айтымында, өкмөттө көңүл бир жерге топтолбой, идеянын жетишсиздиги болууда.

Жонсондун мурдагы кеңешчиси Доминик Каммиңс анын башкы сынчысына айланган. Каммиңс аны супермаркеттеги арабадай болуп, башкарууга болбогон, бир кызматтан экинчисине кете берген адам деп көп жолу күнөөлөгөн.

Айрымдар болсо премьер-министрдин философиясын сынга алган. Тагыраагы, анын кандайдыр бир философиясы бар же жок экенин билүүгө кызыккан. Июнь айында консерватор депутат жана мурдагы министр Жереми Хант Жонсонду “чынчыл, компетентүү жана көрөгөч эмес” деп айыптаган.

Хант ишеним вотумунун алдында сүйлөп, анда Жонсон жеңип чыккан. Бирок арыздар басылган эмес.

Кошумча шайлоодо жеңилүү ызасын тарта берген. Соңку шайлоодон кийин Жонсон “психологиялык трансформацияга” туш болбой турганын билдирген.

Бирок азыр консерватор депутаттар ага баш оорутпайт. Алар сүйлөшүп алышты, эми премьер-министр кете турган болду. (EA)