You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Тирания кайрадан Европага коркунуч жаратууда". Британияда Трампка арналган салтанат
АКШнын президенти Дональд Трамп Улуу Британияга экинчи мамлекеттик сапарынын алкагында Виндзорго келди. Аны жана жубайы Меланияны британ падышасы менен ханышасы тосуп алышты.
АКШнын президенти Дональд Трамп Виндзорго Marine One тик учагы менен келди. Бул –Трамптын Улуу Британияга ушуну менен экинчи мамлекеттик сапары. Сапардын алгачкы күнү Трамп падыша Чарльз III жана ханыша Камила менен жолугушту. Экинчи күнү британ өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылган.
АКШнын президентин тик учактын шатысында биринчилерден болуп Уэльстин ханзаадасы менен канбийкеси – Уильям менен Кэтрин тосуп алышып, төртөө падыша менен ханышага басып келишти.
Конок ээлери жана жогорку даражалуу коноктор отурган ат экипаждарынын кортежи хансарайга багыт алган жолдун боюнда Падышалык флоттун салтанаттуу кароолунун аскерлери тизилип турушту.
Иш сапарынын алдында Дональд Трамп Виндзор хансарайын "өтө өзгөчө жер" деп, ал эми падышаны "эзелки досу" деп атаган.
Дональд Трамп Улуу Британияга жогорку деңгээлдеги мамлекеттик сапар менен эки жолу барган АКШнын биринчи президенти болуп калды. Биринчи сапар 2019-жылы – анын президент катары биринчи мөөнөтү маалында болгон. Ошол сапарда Трампты ханыша Елизавета II кабыл алган эле.
Трамптын учагы шейшемби күнү кечке жуук Лондондун Станстед аба майданына конду. АКШнын президентин ардактуу кароол жана өлкөнүн тышкы иштер министри Иветт Купер тосуп алды.
Лондондон 60 чакырым алыстыкта жайгашкан аба майданында Трамп менен жубайы Меланияны тик учак күтүп алып, аларды Британиянын баш калаасына жеткирди. Алар Лондондогу Риджентс сейил багындагы АКШ элчисинин резиденциясы орун алган Уинфилд-хауста токтошту.
Шаршембиде, сапардын биринчи күнү Трамп жана анын жубайын Виндзор сепилинде падыша Чарльз III жана анын жубайы, ханыша Камилла тосуп алышты.
Үй ээлери жана коноктор хансарайга кирердин алдында өткөн салтанаттуу аземдин жүрүшүндө АКШнын президентин армиянын, Падышалык деңиз флотунун жана Падышалык Аскер-аба күчтөрүнүн 1300 жоокери тосуп алышты. Ошондой эле F-35 кыйраткыч учактары жана Королдук Аскер-аба күчтөрүнүн "Кызыл жебелер" пилотаж тобу Виндзордун үстүнөн учат деп пландалган.
Мамлекеттик түшкү тамактануудан кийин президент Трамп маркум ханышанын мүрзөсүнө зыярат кылуу менен ага таазимин көрсөттү. Андан соң Ыйык Георгий чиркөөсүнө кыска экскурсия жасаганы кабарланды.
Кечинде Сент-Жорж-холлундагы чоң банкет мамлекеттик сапардын чордонундагы башкы окуя болду. Анын жүрүшүндө Чарльз III жана Дональд Трамп сөз сүйлөштү. Менюда британ жана америка ашканасына таандык тамактар бар.
Падыша Чарльз Британия менен АКШнын тарыхый байланыштары тууралуу сөз кылып, өнөктөштүктүн "жаңы доору" башталып жатканын айтты.
"Бүгүн тирания кайрадан Европага коркунуч жаратууда. Биз жана биздин тилектештер агрессияны ооздуктоо жана тынчтыкка жетүү үчүн Украинаны бирге колдойбуз", - деди ал.
АКШдан учардын алдында Трамп бул сапарды сыймык катары баалап, "Улуу Британия менен абдан жакшы мамиледе экенин" билдирген эле.
Бир күн мурун Трамп "досу" падыша Чарльз III менен жолугушуу сапардын негизги максаты болорун айткан: "Ал өлкөнү абдан жакшы таанытып жатат, ушунчалык келишимдүү мырза".
Уинфилд-хауска келгенде Трамп дагы бир жолу падыша анын "эзелки досу" экенин кайталап, аны "баары сыйлап, жакшы көрөрүн" айтты. Өлкөгө болгон көз карашы тууралуу айтып жатып, Трамп Британияда "[анын] жүрөгүн жылыткан нерселер көп" экенин жана "бул абдан өзгөчө жер" болгонун айтты.
Трамп келердин алдында анын саясатына нааразы болгондор Виндзордо чогула башташты. Шейшемби күнү кечинде Виндзор сепилинин дубалдарында Дональд Трамп менен Жеффри Эпштейндин чоң проекциялык сүрөттөрү пайда болду. Бул сүрөттөр Трамп Эпштейнге жиберди делген каттын айланасындагы чырдан кабар берүүдө.
Кийинчерээк полиция "Виндзор сепилиндеги уруксат берилбеген акциядан" кийин төрт адам кармалганын кабарлады.
Бейшемби күнү түштөн кийин аяктай турган президенттик сапар маалында коопсуздук чаралары күчөтүлмөкчү.
Трамптын сапары маалында падыша менен жолугушуулардан тышкары соода маселелери жана эл аралык саясат, атап айтканда, Украинага жардам көрсөтүү маселелери да талкууланат деп күтүлүүдө.
Трамптын сапары Американын жаңы администрациясынын Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу жаатында жасаган жигердүү аракеттеринин фонунда өтүп жатат, ошондуктан бул маселе Стармер менен талкууланчу негизги темалардын бири болот деп күтүлүүдө.
"Алар соода макулдашуусунун шарттарын бир аз жакшырта алар-албасын көргүсү келип жатат... Мен аларга жардам берүүгө даярмын", - деп айткан эле Трамп Лондонго учаар алдында.
Анткен менен, Британиянын премьер-министри жазында айткан АКШга болот экспортуна 25% пошлинаны жокко чыгаруу боюнча Лондондун пландары азырынча кийинкиге калган сыяктуу. Бул тууралуу өз булактарына таянуу менен Financial Times жана Telegraph жазышууда.
Трамптын сапарынын алдында технологиялар чөйрөсүндө АКШ менен Британиянын ортосундагы ири макулдашуу тууралуу жарыяланган эле. Америкалык технологиялык компаниялар Улуу Британияга 42 миллиард долларга жакын инвестиция салат деп күтүлүүдө.
Бул макулдашуу жасалма интеллект, кванттык эсептөөлөр жана өзөктүк энергетика жаатындагы кызматташтыкты камтыйт.
Microsoft корпорациясы сервердик инфраструктурага жана жасалма интеллектке, ошондой эле Лондондун четинде курула турган жаңы суперкомпьютер жасоого 22 миллиард фунт жумшай турганын жарыялады. Google Лондондун жанында жаңы дайындар борборуна жана жасалма интеллекет тармагын өнүктүрүүгө беш миллиард фунт инвестициялай турганын жарыялады. Чиптерди өндүргөн Nvidia жасалма интеллект жаатындагы Stargate UK долбоорунун алкагында Улуу Британияга өзүнүн заманбап 120 000 GBU чиптерин берет. Бул британиялык Nscale жана америкалык OpenAI компанияларынын биргелешкен долбоору.
Стармер эки өлкөнүн ортосундагы мындай кызматташтык Британияда "жогорку квалификациялуу жумуш орундарын түзүүгө" көмөктөшөт деп үмүттөнүүдө.