Трамп АКШга импорттолчу болот менен алюминийге 25 пайыз пошлина киргизди

АКШнын президенти Дональд Трамп коңшулары жана башка мамлекеттер ортосунда соода согушунда жаңы жүрүш жасады. Ал буга чейин убада кылганындай эле мурдатан эле металл үчүн белгиленген пошлиналарга карабай АКШга ташыла турган алюминий менен болоттун импортуна дагы 25 пайыздык кошумча бажы төлөмүн киргизди.

"Алюминий менен болот чет өлкөдө эмес, өз өлкөбүздө жасалышы керек",- деди Трамп.

Журналисттин пошлинанын айынан АКШда ички баа көтөрүлүп кетпейби деген суроосуна "Жыйынтыгында арзаныраак болот" деп жооп кайтарды президент.

"Бул маанилүү иш. Биз Американын мурункусундай бай кылабыз […] Биздин укмуштай өндүрүшүбүздү Америкага кайрып келе турган учур жетти. Бул көп кадамдарыбыздын бири",- деп кошумчалады Трамп.

Алюминий менен болотко карата жаңы пошлиналар кайсы гана мамлекеттен ташылганына карабай баарына киргизилди.

Дональд Трамп Америкада өндүрүлгөн товарлардан пошлина алган мамлекеттерге карата жакынкы эки күндө импорт үчүн пошлина киргизиле тургандыгын дагы тастыктады.

АКШ президенти ушуну менен эле чектелбей мындан сырткары дары-дармек жана компьютерлер үчүн чиптердин импортуна дагы пошлина киргизиши мүмкүндүгүн билдирди.

Башка мамлекеттер тарабынан буга жооп иретинде атайын чаралар киргизиле турган болсо кандай болот деген суроого "Мен андайга каршы эмесмин" деп жооп берди Трамп.

АКШга болот ташыган эң ири сатуучулар Канада менен Мексика. Ошондой эле АКШга алюминийдин эң көп бөлүгү дагы Канададан ташылат.

Дональд Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө Канада, Мексика жана Европа биримдигинен ташыла турган болотко 25 пайыздык, ал эми алюминийге болсо 10 пайыздык пошлина киргизген эле. Бир жыл өткөн соң АКШ Канада жана Мексика менен бул тарифтерди жокко чыгаруу боюнча макулдашууга жетишикен. Бирок Европа биримдиги үчүн импортко салык 2021-жылдын соңуна чейин күчүндө кала берген.

Канаданын Онтарио провинциясынын премьер-министри Даг Форд "такай биздин экономиканы тобокелге сала тургандай кылып ориентрлердин баарын чалмакей чалып, качан болбосун башаламан кылат" деп Трампты айыптады.

Трамп бул пошлиналарды киргизүү ниети тууралуу өткөн жекшембиде билдирген эле. Дүйшөмбү күнү эле дароо түштүк кореялык ири автоунаа өндүрүүчүлөрдүн акцияларынын төмөндөшүнө алып келди. Анткени Түштүк Корея АКШга болот сатуучулардын эң негизгилеринин бири болуп саналат.

Импорттук пошлиналар - Трамптын экономикалык нешгизги таянычтарынын бири. Ал муну АКШ экономикасын жогорулатуучу ыкманын бири катары карайт жана жумуш орундарын сактап, салыктардын түшүшүн көбөйтө турган фактор деп эсептейт.

Ушул айдын башталышында Трамп Канада менен Мексикадан келе турган жалпы импортко 25 пайыздык пошлина киргизээрин билдирген. Бирок ал өлкөлөрдүн лидерлери менен макулдашуудан кийин бул планын 30 күнгө жылдырууга макул болду.

Ал ошондой эле Кытайдан АКШга ташыла турган товарлардын баарына 10 пайыздык пошлина киргизди. Пекин Трамптын мындай кадамына жооп кылып, өзүнүн жаңы тарифтерин киргизди. Кытайдын бул эрежеси 10-февралда күчүнө кирди.