Дональд Трамптын жашоосу сүрөттөрдө

Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорктун Куинс районунда төрөлгөн.

Дональд үй-бүлөдө беш баланын төртүнчүсү. Анын Фред, Роберт, Мэрианн, Элизабет аттуу бир туугандары бар, бирок азыр Элизабеттин эле көзү тирүү.

Дональддын атасы Фред Нью-Йорктун чет жакасында жайгашкан курулуш компаниясын жетектеген. 1968-жылы Дональд атасынын компаниясында иштей баштаган, бирок андан кийин өзүнүн фирмасын ачып, Манхэттендин чок ортосунда кыймылсыз мүлк менен алектенип калган.

Дональд Трамптын жаркыраган стили аны Нью-Йорктун бизнес дүйнөсүндө өзгөчөлөнтүп турчу, The Apprentice телешоусунун жардамы менен ал жылдыз болду.

Дональд Трамп үч жолу үйлөнгөн, беш баласы бар. 1977-жылы анын биринчи жубайы модель жана ишкер Ивана Зельничкова болгон.

Трамп үчүнчү аялы Мелания Кнаусска 2005-жылы үйлөнгөн. Алар 1998-жылы жолуга баштаган учурда Трамп 52 жашта, Мелания болсо 28 жашта эле.

Трамптын саясий карьерасы 2015-жылы башталды. Ал президенттик жарышка катышуу ниетин Трамп-Тауэрдеги пресс-конференцияда билдирген.

Кызуу талаш-талкууга алынган шайлоо өнөктүгүнөн кийин Трамп Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду жеңип, АКШнын 45-президенти катары ант берди.

АКШнын өнөктөштөрү президент Трамптын тушунда оор жылдарды башынан өткөрдү. Ал көп учурда чет элдик лидерлер менен ачык конфликтке барып, климаттык жана соода келишимдеринен чыгып кетти, Кытай менен соода согушун баштады

Трамптын президенттик мөөнөтүнүн соңку жылында анын пандемияга каршы күрөшү үчүн көп сындар айтылды. Анын өзү дагы ковид менен ооруп калып, 2020-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө тыныгууга аргасыз болгон

Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Байденге утулуп калган, шайлоо бурмаланган деп жыйынтыкты кабыл алуудан баш тарткан. 6-январда ал Вашингтондо тарапкерлерин чогултуп, Конгресске жүрүш жасоого үндөгөн. Жөө жүрүш тополоңго айланып, Трамптын ошол күнкү аракеттери үчүн кылмыш иши козголду.

Ошол жылдары анын саясий карьерасы бүттү деп ойлогондор болду, бирок Трамп кайрадан президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирип, тез эле республикачылардан фаворитке айланды.

Трамп өзүнүн шайлоо өнөктүгүн бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып же шектелип турганда баштаган.

Трамп 2016-жылдагы шайлоого чейин порноактриса Сторми Дэниэлске тынымсыз акча төлөгөнүнө байланыштуу документтерди бурмалаган 34 факты боюнча 2024-жылдын май айында күнөөлүү деп табылды.

Жайкы шайлоо өнөктүгү маалында Пенсильваниядагы митингде Трампка кол салуу аракети жасалды. Ок анын кулагына тийген.

Ошентип Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болуп шайланды. Ал өлкө тарыхындагы эң жашы улуу президент болмокчу. Мөөнөтүнүн аягында ал 83 жашка жакындап калат. Президенттикти жакында өткөрүп бере турган Жо Байден болсо ушул айда 82 жашка толот. (ErA)