Гонконг улуттук коопсуздук мыйзамдарын катаалдаштырууда

Гонконгдо наарзылык акциялары. Архив

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гонконгдо наарзылык акциялары. Архив

Гонконг өкмөтү 2020-жылы Пекин киргизген мыйзамдарда камтылбаган кылмыштарды караган жаңы улуттук коопсуздук мыйзамын киргизгени жатат.

Жакында эле Гонконгдун расмий өкүлдөрү Негизги Мыйзамынын 23-беренесине ылайык жаңы мыйзам киргизишкенин жана ал бир катар кылмыштарды: мамлекетке болгон чыккынчылык, козголоң, тыңчылык, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү иш-аракеттерди жана тышкы кийлигишүүлөрдү көзөмөлдөйт деп билдирди.

Жаңы жоболор Пекин 2020-жылдын июнь айында оппозицияны куугунтуктоо үчүн киргизген улуттук коопсуздук мыйзамдарын кеңейтет (ал мыйзамдар Кытайдын Гонконгдогу жарандык эркиндиктерди кепилдөө боюнча жоопкерчилигине карама-каршы келгени үчүн дароо сынга алынган) жана байкалган коркунучтарга каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгүн күчөтөт.

“Жалпысынан коом тынч жана коопсуз көрүнгөнү менен, көйгөйлөрдү жаратууга аракет кылып жаткан потенциалдуу диверсияларга жана агымдарга көз салышыбыз керек, айрыкча айрым адамдарга “көз карандысыз Гонконг” идеялары сиңип калганда”, - дейт Гонконг администрациясынын башчысы Джон Ли. “Улуттук коопсуздукка коркунучтар реалдуу, биз аларды башыбыздан өткөрдүк, азап тарттык... Алардын кайрадан кайталанышын каалабайбыз”.

Гонконгдо 2021-жылы өткөн шайлоодо Пекин тарабына колдоого алынган талапкерлер жеңип чыкан

Сүрөттүн булагы, CHINA NEWS SERVICE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гонконгдо 2021-жылы өткөн шайлоодо Пекин тарабына колдоого алынган талапкерлер жеңип чыкан

Сынчылар, бул мыйзамды башка пикирди таңуулап, басма сөз эркиндигин чектөө үчүн колдонулуп, ошону менен Гонконгдун глобалдык экономикалык борбор катары ансыз да алсыз статусуна доо кетирет деп кооптонушууда.

Британия 1997-жылы Гонконг элинин укуктарын жана эркиндиктерин кеминде 50 жыл коргоого багытталган келишимдин алкагында колониясын Кытайга өткөрүп берген. Келишим “Бир өлкө, эки система” принцибине негизделип, ага ылайык, шаар автономиясын, ал эми анын тургундары 2047-жылга чейин саясий укуктарды, анын ичинде сөз жана чогулуу эркиндигин сакташы керек болчу.

Негизги мыйзам деп аталган кичи-конституциясына ылайык, Гонконг коопсуздукка байланыштуу кылмыштарды, анын ичинде чыккынчылык жана тыңчылык менен күрөшүү үчүн өз мыйзамын кабыл алышы керек.

Негизги мыйзам мурдагы британ колониясы менен эгемен Кытай ортосундагы мамилени жөнгө салса, анын 23-беренесинде шаар "улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген иш-аракеттерге тыюу салган мыйзамдарды өз алдынча кабыл алышы керек" деп айтылат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бийлик мамлекеттик сырды уурдоо, тыңчылык, мамлекетке чыккынчылык, баш аламандык жана саботаж бонча жаңы мыйзамдарды кабыл алууну жана бар болгон мыйзамдарды жаңылоону зарыл деп эсептейт. Ошондой эле Гонконгго тиешеси бар чет элдик саясий уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда.

2003-жылы Гонконг өкмөтү өзүнүн улуттук коопсуздук мыйзамын киргизүү аракетин жарым миллион адам нааразылык акциясына чыккандан кийин токтотууга мажбур болгон.

Ошондон бери Гонконгдун жашоочулары Лондон менен Пекиндин ортосундагы келишим боюнча аларга убада кылынган эркиндиктердин кысымга алынышына каршы дайыма нааразылык акцияларын өткөрүп келишет.

2019-жылы Гонконгдо администрациянын мурунку башчысы Кэри Лэм сунуштаган экстрадиция жана коопсуздук боюнча мыйзамга каршы миллиондогон адамдар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Буга жооп катары Пекин 2020-жылы Кытайдан бөлүнүү аракети, диверсия, терроризм жана чет элдик уюмдар менен келишим түзүү аракеттер үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына чейин каралган улуттук коопсуздук мыйзамын кабыл алды.

Ошондон бери Гонконгдо бул мыйзам боюнча 290 адам камакка алынган, анын ичинде ондогон белгилүү саясатчылар, активисттер, юристтер, профсоюз кызматкерлери жана журналисттер дагы бар.

Алардын 30дан ашыгы соттолуп, ондогону эки жылдан ашык убакыттан бери СИЗОдо отурушат.

“Бизди 26 жылдан ашык убакыттан бери түйшөлтүп келген 23-беренени ишке ашырууга киришсек, ошончолук эрте бүтүрүп, экономикалык өнүгүүгө жакшы көңүл бура алабыз деп ишенем”, - деди Ли.

Ал кошумчалагандай, гонконгдуктар үчүн негизги маселе болгон - мыйзам кылмышкерлерди материктик Кытайга жөнөтпөйт, анткени 2019-жылы сунушталган экстрадиция боюнча мыйзам долбоору ошол кездеги массалык нааразылыктарды жараткан.

“Биз кабыл алып жаткан мыйзамда Гонконгдогу кылмышкерлерди Кытайга жөнөтүү тууралуу эч нерсе айтылган жок”.

Ли жаңы мыйзамдар шаардын туруктуулугун, коопсуздугун жакшыртат, жарандарга, ишканаларга жана жеке уюмдарга пайда алып келет деп ишенет. Ал ошондой эле Кытайда жайгашкан бир катар чет элдик фирмалар менен компаниялардын 2020-жылдан кийин Гонконгдо кеңселерин ачканын белгиледи.

Гонконг университетинин саясат таануу боюнча профессору Джон Бернс бизнес 2019-жылдагы нааразылык акцияларындай башаламандыкка караганда туруктуулукту артык көрөт дейт.

Бирок ал жаңы мыйзамда кездешкен мамлекеттик сырлар жана сырттан кийлигишүү чет элдик компанияларды жана бейөкмөт уюмдарды кооптондурат деп эскертет.

“Материктеги мамлекеттик сырлар жөнүндөгү мыйзамдын аспектилери чет элдик ишкерлердин көңүлүн бурду. Гонконгдогу бизнес тармагы ушундан тынчсызданып жатат”, - деди Бернс AFP агенттигине берген маегинде.

110 барактан турган документ шейшемби күнү Мыйзам чыгаруу кеңешинин талкуусуна коюлуп, консультациялар 28-февралда аяктайт.