You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Нурсултан Кубанов: Элчилик оппозиционерди соорото турган эле кызмат эмес
Элдияр Бакиров, Би-Би-Си Бишкек
Саясатчы Азимбек Бекназаров 5-августта Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматынан алынгандан кийин соцтармактарда ар кандай кептер айтыла баштады. Айрымдар Бекназаров кыргыз бийлигинин Кумтөр кени боюнча келишимге келгенин сындаганы үчүн алынган десе, башкалары ал башында эле бул кызматка туура эмес дайындалган деген пикирин айтышты.
Президенттин администрациясы мындай чечим Бекназаров “алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу” кабыл алынганын белгилеген.
Көп өтпөй ваканттык кызматка ишкер Нурсултан Кубанов өз талапкерлигин сунуштады. Ал Фейсбук баракчасында “англис, кытай тилинде эркин сүйлөй турганын” жана “Кытай, Малайзия, АКШда билим алганын” белгилеген. Би-Би-Си Нурсултан Кубановду кепке тартты.
Би-Би-Си: Жакында эле Малайзиядагы элчилик кызматына талапкерлигиңизди койдуңуз. Кайсы критерийлерге таянып, өзуңүздү татыктуу талапкермин деп жатасыз?
Нурсултан Кубанов: Мен буга чейин эле “21 кылымдын кадрлары” долбоору менен билим алып келгенмин. Малайзияда өзүңүздөр билгендей 50 пайыздан ашуун калкы кытай тилин билгендер. Ошого байланыштуу ал жакта бир эле англис тилин билүү жетишсиз, кытай тилин билсең да туура болмок. Эмне үчүн Малайзиядагы элчилик кызматына аттанып жатамын? Биринчиден ачык айтыш керек: дайыма эле элчилик кызматына оппозиция мүнөздөгү саясатчыларды коюп, туура эмес прецедент жаралган. Экинчиден, Малайзия менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамиле 1992-жылы түзүлгөн, 1995-жылдан баштап соода-сатык, экономика тармактагы меморандум, келишимдер ишке ашып келатат. Бирок эч кандай жылыш жок.
Акыркы жолу мамлекеттик деңгээлде же президенттин катышуусунда кайсы бир чоң иш-чаралар болуп, олуттуу документтер кабыл алынып, инвестициялар тартылып, качан бир чоң долбоор ишке ашты десек эч кимибиз билбейбиз. Бул дагы туура эмес прецедент. Ошондуктан татыктуу, билими, тажрыйбасы бар жаштарга мүмкүнчүлүк бериш керек деп эсептеймин. Ошонун негизинде мен өзүмдүн талапкерлигимди көрсөттүм.
Би-Би-Си: Элчинин иши абдан жооптуу, тажрыйбаңыздын жоктугунан кайсы бир маселеде дипломатиялык корпуска, же мамлекетке кесепетим тийип калат деп ойлобойсузбу?
Нурсултан Кубанов: Мен эл аралык долбоорлорду ишке ашырып жүрөмүн. Ошол эле дипломатия тармагында, билим берүү жана башка көптөгөн долбоорлор ишке ашып жүрөт. Бул жакта эң негизгиси - командалык иш жүрүшү керек. Мен “барып эле кыйратып саламын” деген ойдон алысмын. Бул жакта сөзсүз түрдө мамлекеттин саясаты болуп жаткандан кийин ошол саясаттын тармагында кетиш керек. Зыян алып келемин деген эч кандай оюм жок, өзүмө - тажрыйбама, алган билимиме - ишенемин. Бул жакка компетенттүү адам барса жакшы жыйынтык болот го дейм.
Би-Би-Си: Сиз расмий түрдө ТИМге кайрылдыңызбы?
Нурсултан Кубанов: Жок кайрыла элекмин. Мен өзүмдүн оюмду билдирдим. Эми азыркы учурда кандайдыр бир мамлекет тараптан же башка жактан конкреттүү сунуштар жок. Албетте, саясий чечимди президент кабыл алат, ошондуктан азыр күтүү процессинде турабыз.
Би-Би-Си: Буга чейинки элчи Азимбек Бекназаровго байланышкан бир шакаба бар - ал малай тилине байланышкан. Сиз малай тилинде канча сөз билесиз?
Нурсултан Кубанов: Мен 2019-жылы Малайзияда билим алганмын, бирок ал жакта бизнес-англис тилин окуган болчумун да. Ошондуктан малай тилин такыр эле билбеймин, ачык эле айтыш керек. Анткени ал жакта негизи кытай жана англис тилин колдонот. Менин байкашымча кытай тили көбүрөөк колдонулат. Кытайча да, англисче да эркин сүйлөймүн.
Би-Би-Си: Малайзиянын жалпы калкы, дүң продукциясы деген сыяктуу зарыл маалыматтарды азыр да билесизби?
Нурсултан Кубанов: Калкы 32 млн. Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы товар алмашуу жана экономикалык тармагындагы көп изилдөөлөрдү жүргүзгөнмүн. Мисалы, 2021-жылы эки өлкөнүн товар алмашуусу жалпысынан 3 млн долларга жакын сумманы түздү - анын ичинен экспорт 1,7 млн доллардын тегерегинде экен да. Бул бир жылдын ичинде - бул эми нонсенс да! “Биз экономика, туризм тармагын кантип өнүктүрө алабыз” деген суроо жаралууда. Анын бирден-бир себеби: авиакаттамдардын жоктугу. Эгерде Малайзия-Кыргызстан ортосунда түз авиакаттам болсо биз айткан көптөгөн көйгөйлөр чечилмек.
Мен мисалы Кытайдын Шэньчжен, Гонконг шаарларындагы эл аралык компанияларда иштегенимде KPI* коюп, убакыт берилет. Ошол убакыттын ичинде сен жыйынтык көрсөтө албасаң анда кийинкилерде да кыйратпайсың дегенди билдирет. Ошого байланыштуу мен айтып жаткан 90 күн деген нерсе популисттик лозунг эмес, биз болгону кемени жылдырышыбыз керек. Аны жылдырыш үчүн стратегиялык чечимдерди кабыл алып, мамлекеттик иш чараларды өткөрүп, инвесторлорду тартуу боюнча, Кыргызстан-Малайзиянын ишкерлери менен [кызматташуу керек].
*Key Performance Indicator - кайсы бир тармакта ийгиликтердин көрсөткүчү. Кубанов билдирүүсүндө ал элчилик кызматта 90 күңдүн ичинде жыйынтык көрсөтпөсө отставка кетүүгө даяр болгонун жазган.
Би-Би-Си: Кыялыңыз ишке ашса кайсы иштер, багыттар приоритет болмок?
Нурсултан Кубанов: Приоритет, биринчиден, буга чейин алып барылган иштерди анализдеп, мамлекеттик деңгээлдеги бир нече долбоорлорду ишке ашырып, Малайзиядан инвестиция тартууга көзүм жетет. Экинчиден, эң негизги багыттар бул авиакаттам болуп жатат, эгерде өкмөт тарабынан колдоо болсо бул боюнча [ишке ашырылат]. Жакында эле Сеул-Бишкек авиакаттамы ачылды.
Ошондой эле, Малайзияда 170 эле студент окуйт экен да. Ошолордун 80-90% контракттык негизде. Билим берүү тармагында дагы көп иш-чараларды алып барса болот, ага да көзүбүз жетет. Анткени мен көп өлкөлөрдү кыдырып элчи болбостон эле чет өлкөлүк университеттер менен сүйлөшүп “балдарга арзандатып бергиле, окусун бекер кылып бергиле, биздин жаштардын потенциалы абдан күчтүү” деп суранып атып көптөгөн жаштарга шарт түзүп бердик. Ошол эле Малайзияда 2018-2019-жылдары бизде бюджеттик негизде окуган балдар болгон. Ошондуктан өзүм иштеген тармакта дагы бираз болсо дагы салымыбызды кошобуз да.
Би-Би-Си: Малайзия бизге эмнени, Кыргызстан Малайзияга эмне сунуштай алабыз?
Нурсултан Кубанов: Мен жакында эле Жапонияга барып келдим - ал жерде көпттөгөн кыргыз ишкерлери балды жакшы экспорттоп башташыптыр. Кадимкидей эле Жапониянын дүкөндөрүндө сатыла баштаптыр кыргыз балы. Негизинен биз Малайзияга айыл-чарба продукциясын сунуштай алат экенбиз, ушул тармакка көбүрөөк басым жасаш керек. Мен анализ кылсам Малайзиядан бизге деле бизге көп нерсе келбейт экен. Малайзиядан Кыргызстанга дегенде - биринчи кезекте туризм багыты турат, биз бул тармакты өнүктүрсөк бизге инвестиция да келмек.
Би-Би-Си: Азимбек Бекназаров жакында эле кызматтан алынды, ал орунга эбак эле башка талапкер даяр дегендер бар. Чындап эле ошондой болушу мүмкүнбү же бул орун азырынча бош эле турат деп ойлойсузбу?
Нурсултан Кубанов: Мен чын айтканда билбейт экенмин. Кандай болсо дагы дасыккан, билимдүү [адам келсе экен]. Мен ойлоймун, кылган кадамым менен жок дегенде бийликте турган адамдарга кичине болсо дагы сигнал болдуго, элчилерди тандаганда критерийлер кандай болушу керек: башында айткандай оппозициячыл саясатчылар эмес, бул жакта биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы, эки өлкөнүн ортосундагы туура дипломатия жүргүзүү, канчалык деңгээлде инвестиция тартып келе алат - негизи туура критерийлер менен тандалса. Мен ойлоймун, мындан ары мындай прецеденттер болбой, кадр саясаты туура жүрөт го.
Би-Би-Си: Сиз буга чейин эки жолу депутат болууга аракеттендиңиз: 2020-жылы “Бир Бол”, 2021-жылы “Эл үмүтү” партиясы менен. Ошондой эле Бишкек мэринин, билим берүү министринин коомдук башталышындагы кеңешчиси болдуңуз: элчилик кызматка умтулуу убактылуу амбиция эмеспи?
Нурсултан Кубанов: Эч кандай убактылуу амбиция [эмес], бул эми чоң жоопкерчилик да. Мага колдоо иретинде көптөгөн телефон чалуулар, соцтармактарда көп адамдар жазышууда. Кыргыз элине, айрыкча жаштарга абдан ыразымын. Мен сөзсүз түрдө буга чейин дагы, мындан ары дагы кыргыз элин жер каратып коё турган кадамдарга барбаймын деп ишенемин: тарбиям, билимим, тажрыйбам буга жол бербейт. Сурооңузду түшүнүп жатамын: биздин элчилер туура эмес критерий менен тандалып калган учурлар болгон да, аттарын атабай эле коёюн. Аларга караганда мен өзүмдүн ички энергиям менен, ой жүгүртүүм менен жакшы иш алып бара алам деп көзүм жетет. Бул убактылуу амбиция же кандайдыр бир туура эмес оюм менен эмес, түз ниетим менен кайрылганмын.
Би-Би-Си: Бирок сиздин бир партиядан экинчи партияга тез эле өтүп кеткениңиз эмнеден кабар берет дегендер бар да
Нурсултан Кубанов: Саясат менен мамлекеттик кызматты эки бөлөк карашыбыз керек. Саясий партияларды эч кандай жамандабаймын, мисалы, “Бир Болдогу” партиялаштарым менен азыркы күнгө чейин жакшы мамиледемин. Биз бир гана чечим кабыл алганбыз: эскилер эмес, мурда депутат болбогон жаңы, жаш, таза команда менен баралы деген принципке таянып бардык. Мындан ары мен партияны алмаштырайын деген ой жок, биз аягына чейин күрөшөбүз. Бул негизи саясий процедура бул эми күрөш да. Жөн эле келип “мага бул орунду бергиле” деген дагы туура эмес да. Адамдын тажрыйбасын, билимин караш керек. Бирок бир партияга тарыныч болуп, же бир нерсе жакпай калып, бирөө менен урушуп кетип кеткен эмесмин. Мен өзүм чечимди кабыл алып, жаштар менен өзүбүзчө бололу деген ниет менен барган болчубуз.