Жасалма уруктандыруу түндүк ак кериктерин сактап кала алабы?

Ребекка Морелл жана Алисон Фрэнсис

Наджин жана Фату - дүйнөдөгү акыркы түндүк ак кериктери

Сүрөттүн булагы, JAN ZWILLING

Немис окумуштуулары биринчи жолу лабораторияда өстүрүлгөн керик эмбрионун карын энесине салышты. Жер бетинде эки эле баш калган түндүк ак кериктерин бул уруктандыруу аркылуу сактап калуу аракети. Уруктандыруу түндүк кериктерини жакын "тууганы" түштүк ак кериктин эмбриону менен жүргүзүлгөн.

Лейбниц Ассоциациясынын Зоология жана жапайы жаратылыш институтунун кызматкери Сюзанна Хольтце: “Биринчи жолу кериктин эмбрионун трансплантациялоого жетишүү - чоң ийгилик”, - дейт. Бул уюм түндүк ак кериктерин сактап калуу максатын көздөгөн эл аралык Biorescue деп аталган бирикмеге кирет.

"Ушундай жетишкендикке жеткен соң, түндүк ак кериктерди да дал ушундай жол менен сактап каларыбызга ишенебиз", - дейт Хольтц.

Эмбрион суррогат энеге – түштүк ак кериктердин ургаачысына салынган

Сүрөттүн булагы, JAN ZWILLING

Бир кездерде түндүк ак кериктер Борбордук Африкада жашашчу, бирок керик мүйүзүнө болгон суроо-талаптан улам аңчылар, жапайы жаратылышта алардын көбөйүшүн толугу менен токтотту.

Зоопаркта туулган Наджин жана Фату аттуу эки ургаачы түндүк ак кериги азыр Кениядагы Ол Пежета жеке коругунда тыкыр көзөмөлдө турушат.

Негизи кериктин бул түрү тукум курут болгон деп эсептелет, себеби эркектери жок.

Бирок Biorescue долбоору жасалма уруктандыруунун эң заманбап ыкмаларын колдонуу менен кериктердин бул түрүн кайтаруу аракетинде.

Долбоор көп жылдардан бери уланып келе жатат жана бул убакыттын ичинде көптөгөн оор учурларды башынан өткөрдү: эки тонналык жаныбардын жумурткасын алуудан баштап, лабораториялык эмбриондорду түзүү, аларды карын энесине салуу. Түштүк ак керик эмбрионун колдонгон биринчи жасалма бозутуу он үчүнчү жолку аракетинде гана ишке ашты.

Biorescue долбоорунун окумуштууларына керик эмбрионун жаратуу жана аны карын энеге имплантациялоо үчүн көп жылдар талап кылынган.

Сүрөттүн булагы, JAN ZWILLING

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Мындай ири жаныбарлардын эки метр тереңдикте жайгашкан көбөйүүгө жооп бере турган органына эмбрионду жайгаштыруу өтө кыйын", - деди Сюзанна Хольтце Би-Би-Сиге.

Бельгия зоопаркындагы түштүк ак керик ургаачысынын жумурткасы, ошол эле түрдөгү бирок Австрия зоопаркындагы эркектин спермасынын жардамы менен уруктандыруу болгон. Натыйжада, керик боюна бүтө алган, бирок кош бойлуулуктун 70-күнүндө ургаачы керик клостридия бактерияларынан өлүмгө дуушар болгон. Эркек керик эмбриону нормалдуу өнүгүп келе жаткан, узундугу 6,5 смге жетип ал тургай аман калууга мүмкүнчүлүгү 95% түзгөн. Бирок ал дагы жакшы тажрыйба берди: жасалма жол менен уруктандыруу мүмкүн экени далилденди.

Кийинки кадам түндүк керик эмбриондору менен болот. Эмбриондор өтө аз калды - 30 гана, алар Германия менен Италиянын лабораторияларында суюк азотто сакталып турат.

Бул эмбриондор Кенияда калган эки ургаачысынын кичүүсү Фатунун жумурткалары жана ушул түрдүн эркеги тирүү кезинде чогултулган спермалардан алынган. Кыскасы, түндүк ак кериктин баласы төрөлүш үчүн дагы бир илимий ачылыш керек.

Калган эки ургаачысынын бири да жашына жана ден соолугуна байланыштуу түйүлдүккө чыга албайт. Ошондуктан эмбрион дагы эле түштүк ак кериктердин ургаачысына жайгаштырылышы керек болот.

Biorescue командасы эмбриондорду салууну жакынкы айларда ишке ашырууну пландашууда. Алар түндүк ак керик музоосунун анын туугандары тирүү кезинде төрөлүшүн каалашат.

“Музоо төрөлгөн соң өзүнүн түрүнүн тилин жана жүрүм-турум көндүмдөрүн үйрөнүшүн, түндүк ак кериктер менен социалдык байланыштарын сактап калышын каалайбыз”, - дейт профессор Хилдебранд.

Албетте, окумуштуулар жасалма жол аркылуу уруктандыруу менен кериктин бул түрүн сактап калууга болбойт дешет. Анткени андан ары көбөйүү үчүн генетикалык ар түрдүүлүк камсыз кылынбай калат. Бирок алар жаңы эмбриондорду өндүрүү үчүн өзөк клеткаларынан кериктердин сперматозоиддерин жана жумурткаларын түзүү аракетинде жаңы технологияларды иштеп чыгууну улантышууда.

Албетте, бул убакытты талап кылат жана илимпоздор көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болору талашсыз.

Biorescue командасы эмбриондорду салууну жакынкы айларда ишке ашырууну пландашууда.

Сүрөттүн булагы, JAN ZWILLING

Кээ бир эксперттер бул акчаны жана башка ресурстарды дээрлик тукум курут болгон кериктерге караганда жашоого мүмкүнчүлүктөрү жогору болгон түрлөрдү сактап калуу үчүн колдонсо жакшы болмок деп эсептешет.

Бирок, акыркы түндүк ак кериктери чыккан Чехиянын Кралов Двур сафари паркынын Biorescue долбоорунун координатору Ян Стейскал бул позицияга макул эмес.

“Түндүк ак кериктер эволюциядан эмес, адамдардын айынан, алардын ач көздүгүнөн улам тукум курут болду”, - дейт ал. "Аларды сактап кала турган технология болсо, бизде кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилик бар. Мен аны колдонууга жана бул кериктерди сактап калууга аракет кылуубуз керек деп ойлойм”.

Ол-Пежета коругунун изилдөө жана коргоо бөлүмүнүн башчысы Самуэль Мутися, түндүк ак кериктери экосистеманын маанилүү бөлүгү экенин жана окумуштуулар бул түрдү багып-өстүрүү, коргоо жана сактап калуу үчүн колунан келгенин баарын жасашы керек деп эсептейт.

Жаныбар тукум курут коркунучунда экени кантип аныкталат?

Жаныбарлар бир аймакты байырласа - алар баары бир илдеттен кырылып кетиши ыктымал.

Жаныбарлар тез көбөйө алабы?

Кандай коркунучтар бар?

Жаныбарлардын генетикасы ар түрдүүбү?

Алар жашаган аймактын эко-системасы коркунучтабы?

Presentational grey line

Айрым учурда жаныбарлар беш жүз чамалуу болсо дагы, ал тукум курут коркунучуна кабылды деп жарыяланат. Ошол эле учурда айрым жаныбарлардын үч жүз түрү калса дагы, алардын көбөйүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар болушу ыктымал.