Азабын жеген арстандар кайдан келип калды?

Кыргызда Асан Кайгы деген өткөн экен. Ал ысык-суукта бакадан баштап жыланга, тоодогу кайберенге чейин боору ооруп, "байкуштар кантти экен" деп жашаган делет...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызда Асан Кайгы деген өткөн экен. Ал ысык-суукта бакадан баштап жыланга, тоодогу кайберенге чейин боору ооруп, "байкуштар кантти экен" деп жашаган делет...

Дагы бир аз кечиккенде эле өлмөк экен...

"Саваннанын падышасы" делген арстандар Кыргызстанды байырлабайт. Бирок такыр эле түшүнүксүз жолдор менен арстан, жолборстордун балдары өлкөдө маал-маалы менен пайда болуп калат. Кээде алар көчө аралап да кетет. Жакында эле ушул сыяктуу окуя Каракол шаарында болду. Анда арстандын эки баласын белгисиз адамдар жашырынып келип, зоопарктын алдына байлап, качып кетишиптир. Адистер дагы бир аз убакыт ошол эле кишилердин колунда тура берсе бул жырткычтар өлүп калмак экен дешет.

Араңжан абалда табылып, текшерүүдөн өтүп жаткан арстандын балдары...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Араңжан абалда табылып, текшерүүдөн өтүп жаткан арстандын балдары...

Жок кылыш оңой, бар кылыш азап...

Кезинде Кыргызстандын аймагын кабылан, жолборс байырлаганы, ал тургай ал жырткычтар Чүй боорун кенен-кесир аралып жүргөнү талашсыз. Бирок дал ошол Туран жолборсу эбак тукум курут болуп жок болгон. Алардын кырылып, житип кетишине антропогендик фактордун да таасири сөзсүз тийген. Эң эле жөнөкөй мисалы алар байырлаган аймактын бир бөлүгүн айдоо катары айдап кошо талашуу, курал колдонуп жок кылуу, терисине кызыгуп соодалоо же тирүүлөй белек кылуу жана башка. Маалыматтарга караганда, Туран жолборсу азыркы Амур жолборсунан да кабелтең экени айтылат. Мындай ойду фото далилдер да ырастайт дешет адистер. Ошол эле туран жолборсу Казакстанда да кырылып калган. Назарбаевдин заманынан бери казак бийлиги ошол жолборсту калыбына келтире алабызбы деп катуу убара тартып, чыгым да болуп келе жатат.

Би-Би-Си арстандын балдарын баладай бөпөлөп карап жаткан "Бугу-Эне" коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитованы кепке тартты.

Салтанат Сеитова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Салтанат Сейитова

Би-Би-Си: Арстандын балдары туура эмес багуудан улам жеттигип, начар абалда табылды эле. Азыр кантип калышты?

Салтанат Сеитова: Эки жума болду окшойт, таңга маал белгисиз адамдар арстандын эки баласын Караколдогу биздин зоопарктын кире бериш жерине байлап кетишиптир. Тамак-аш жана күндүн нуру жетишпей, жакшы багылбай калган. Ойдогудай тамак жебесе дагы жок дегенде күндүн табына чыгып, таза абада жатса мындай болмок эмес. Азыр акырындап жакшы болуп баратышат. Ургаачысы баса албайт, ошон үчүн күнүгө ичин, буттарын, булчуңдарын ушалап турабыз. Анткенибизди өзү да сүйүп турат тим эле. Эркегинин бели ийилип турат. Арткы бутун көтөрүп, басып калганына аз эле болду. Бизге келгенде арткы буттарын сүйрөп, аз-аздан араң жылчу. Азыр эми кадимкидей басып калды. Ургаачысынын сөөктөрү ооругандыктан тырышып турчу. Азыр өзүн бош кармап, ойнойт. Бала да, чырпыктарды тиштеп, ойногусу келет.

Эчкинин сүтүн ичип, бөдөнөнүн жумурткасын жешет...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эчкинин сүтүн ичип, бөдөнөнүн жумурткасын жешет...

Би-Би-Си: Сиздин баамыңызда, буларды Кыргызстанга кимдер алып келиши мүмкүн?

Салтанат Сеитова: Буларды жөнөкөй киши алып келген жок. Жөнөкөй кишиге арстандын эмне кереги бар эле? Бизде белек деген бар эмеспи, кайсы бир адамга өзгөчө белек катары берилген го деп болжоп жатабыз. Балким, кимдир бирөө багам деп алып келип, бирок бага албай анан бизге таштап кетиши мүмкүн. Бирок жок дегенде кармап жата берип, өлтүрүп албай бизге таштап кеткенине ырахмат айтып коюш керек. Ошонусуна дагы шүгүр.

Би-Би-Си: Булардын тек-жайы кандай экенин аныктай алдыңыздарбы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Салтанат Сеитова: Ооба, булар кадимки Африка арстандары. Бирок Африка арстаны десе эле булар түз ошол Африкадан келип калды деп түшүнүп албоо керек. “Көмүскө базар” деген бар. Цирктерде же башка жайларда туулуп өскөн жаныбарлар ар кандай жол менен сатылып турат. Булар жапайы жаратылышта туулган эмес.

Би-Би-Си: Буларды дарылап, бутка тургузуу оңой иш болбосо керек?

Салтанат Сеитова: Булар эми жырткыч болгондуктан ар кандай түрдөгү эт беребиз. Биринчи күндөрү витамин берип, ургаачысына тамчылатма дары коюп жаттык. Азыр ичи катып калбасын деп кичинекей балдарга берилген дарыны берип жатабыз. Сөөктөрү катсын деп кальций беребиз. Эркегинин тамагына витамин кошуп беребиз, ураачысына болсо бир маал ийне сайылат. Анан эчкинин сүтүн, бөдөнөнүн жумурткасын берип жатабыз. Биринчи күндөрү кишиден аябай чочуп турушат эле. Азыр эми бул жерде буларга эч ким тийбей турганын түшүнүштү. Аляга (ургаачысына ушундай ат коюшкан экен) көбүрөөк кам көрүп жатабыз. Үйдө деле эң кенже балага көбүрөк көңүл бурат эмеспизби, ошол сыяктуу Аляга да көбүрөк кам көрүп, эркелетип турабыз. Азыр эми жанына келип, тамак бергенде оюн салып баштады.

Болжолу арстандын бул балдары киши көрбөсүн деп караңгы жерде багылган, жарытылуу тамактанбаган. Керек болсо токмок да жеген өңдүү...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Болжолу арстандын бул балдары киши көрбөсүн деп караңгы жерде багылган, жарытылуу тамактанбаган. Керек болсо токмок да жеген өңдүү...

Би-Би-Си: Сиздин колду карап калган ар бир жаныбарга ат коёт экенсиз да...

Салтанат Сеитова: Ургаачысынын аты Аля, эркегинин аты Томас. Эмне үчүн Томас болуп калды? Биздин жаныбарларды дайыма караган ветеринардык клиниканын аталышы Томас. Ошондуктан эркегине ушундай ат койдук. Ал эми ургаачысы кыйналып, ыйлап жатканда аля-ляля деп эркелетчүбүз, ошондон Аля болуп калды. Азыр булардын жашы болжолдуу беш айылык.

Би-Би-Си: Арстандардын кийинки тагдыры кандай болот?

Салтанат Сеитова: Биринчи кадам буларды бутка тургузуу. Андан кийин зоопаркка беребиз же реабилитациялык борборго тапшырабыз. Эң башкысы – булардын ден соолугун калыбына келтирүү. Андан кийин гана ким буларды өзүнө кабыл аларын караштырабыз. Булар кайдан келип калганын, кимдер таштап кеткенин териштирбейбиз деле. Башкысы аман калышты, мындан аркы жашоосун кор кылбашыбыз керек.

Кантсе да арстандын балдары да. Күн санап сынына келе баштаптыр...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кантсе да арстандын балдары да. Күн санап сынына келе баштаптыр...

Би-Би-Си: Канткенде мыйзамсыз жолдор менен жапайы жаныбарларды өлкөгө алып келүү токтойт?

Салтанат Сеитова: Биринчиден, мыйзам иштеши керек. Ошондо ушул сыяктуу көмүскө жол менен келген белектер токтойт эле. Экинчиден, биздин менталитетти өзгөртүү керек. Биздин кыргыздарда, же жалпы эле Орто Азия өлкөлөрүндө, Орусияда деле жаныбарды белекке бермей адат бар. Мисалы жылкыны, итти же кушту белекке беришет. Эми ушундай жапайы жырткычтарды белекке бермей жаман адат болуп баштады. Башка мамлекеттер муну токтотуп жатышат. А бизде токтой элек, мындай өнөкөт пайда болгонуна 10 жылдай болуп калды.

Негизи ар бир адам ойлонуш кекек. Бул жырткыч, үйдөгү кичинекей мышык эмес. Жини келсе мышык деле тырмагы менен тытып салат. Кээ бир кишилер өзүнүн итинен коркот. А бул деген арстан, бат эле чоңоёт да. Ал кол салам дебей жөн эле ойноп койсо да адамдын бир жерине жаракат алып келши мүмкүн. Эң биринчи ушуларды ойлош керек. Андан кийин - муну багуу маселеси. Азыр кээ бир үйлөр малын бага албай, жаз келгенде мал-жандыгына чөп жетпей көтөрүм болуп жатат. А бул деген арстан, этти көп жейт. Булардын убалына калбай, жырткычтарды белекке алууну токтоуубуз керек.

Сырттандын сынын караңыз...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сырттандын сынын караңыз...

Бул окуя Кыргызстанда зоопарк, цирк аттуунун баары түп орду менен жабылсын деген талкуу күчөп турган учурга туш келди. Анын жабылышын колдогондор да аз эмес. Бирок көзүнө ок тийип, кенедейинде табият койнунан коло түшүрүлүп же ушул эки арстандай талаа көрбөй калган жаныбарлар бар. Адистер так ушундай жаныбарлар табиятка жашап кете албайт. Аларды калыбына келтирген же акырындап жаратылышка үйүр алдырган борборлор керек экенин белгилешет.

Аталган фонд ыктыярчылардын, демөөрчүлөрдүн көмөгү менен колдоого муктаж жаныбарларды багып келет.