You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШда 12 жашар баланы атып өлтүргөн полиция кызматкери камалды
Марттын башында Филадельфияда кубалоо учурунда 12 жашар баланы аркасынан атып өлтүргөн мурдагы полиция кызматкери киши өлтүрүүгө айыпталып, камакка алынды.
Бийлик өкүлдөрү, 26 жашар полицей Эдсаул Мендоса, Томас "Ти Жей" Сидериону “тактикалык негизделбеген” кубалоого катышып, өспүрүм куралсыз экенин билип туруп атып салганын билдиришти.
Полиция өлгөн өспүрүмдүн досу курал уурдоого катышкан деп шекшиген.
Мендоса жекшембиде камакка алынды.
Тергөө берген маалыматтарга ылайык, Мендоса, Томас жана анын 17 жашар досу курал уурдоого катышы бар деп шекшилип, аны жай жаранча кийинип алып кармоого аракет кылган төрт полицейдин бири болгон.
Эки досту кармоого аракет болуп жатканда машиненин арткы терезесин сындырган “ок атылган”. Өспүрүмдөр качканга аракет кылганда, Мендоса Томасты кубалап барып, аны үч жолу аткан. Акыркы ок атылганда Томас качып бараткан эмес болчу.
“Ошондуктан, Мендоса акыркы жана өлтүргөн окту атканда, ал 12 жашар Томас Сидерионун куралы жок экенин жана ага залал келтире албасын билген”, - деди Филадельфиянын аймактык прокурору Ларри Краснер.
“Ага карабастан ал аны аркасынан атып өлтүргөн”, - деп кошумчалады прокурор.
Бул окуядан көп өтпөй Мендоса полициядан бошотулган.
Прокурор Краснердин айтканы боюнча, Мендоско каршы далилдердин көбү анын ок аткан видеосуна негизделет жана соттун санкциясы болмоюнча жарыяланбайт.
Прокурор Краснер, Томас иш жүзүндө “жүзтөмөндөп жатканы” видеодо көрүнүп турганын айтты.
Мендоса жекшембиде кармалып, кепилдик төлөөгө укугу жок камакка алынды. Биринчи угуу 16-мартка коюлду.
Томастын чоң чоң энеси, Мэри Сидерио, Си-би-эс телеканалынын маалыматына ылайык, Мендоско айып тагылганы тууралуу жаңылыкты кубаттаган.
“Жүрөгүм ооруп жатат, уктай албай калдым”. – “Эч кимибиз уктай албай калдык. Бул үрөй учурган окуя” - деди ал. (CS)