Качан өлөрүбүздү алдын ала билсек эмне болмок?

Казылган көр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сиз бир күнү өлөсүз. Сиз тааныган-билгендин баары да бир күнү өлөт. Айрым психологдордун ою боюнча, мындай жагымсыз чындык ар бир кишинин түпкү аң-сезиминде сакталып жатат. Акыры барып бир күнү өлөрүбүздү билгенибиз биздин бул жашообузда мечит же чиркөөгө ибадат кылууга баруу, жер-жемиштерди тамак-ашка кошуу, спортзалда машыгуу, балалуу болуу, китеп жазуу, ишканаларды куруу сыяктуу ар бир ишибизге таасирин тийгизет.

Дени сак кишилерде өлүм жөнүндөгү ой аң-сезимдин эң түпкүрүндө болуп, сокур сезим деңгээлинде гана өз таасирин тийгизет. “Өмүрүбүздүн көпчүлүк бөлүгүндө биз өлөрүбүз жөнүндө ойлобой, бул жөнүндө эч нерсени билбей эле өтүп кетебиз” - дейт Филадельфия шаарынын Балдар ооруканасынын педиатры, Пенсильвания университетинин медициналык этика боюнча адиси Крис Фейдтнер. “Көз алдыбызда түздөн-түз турган маселелерге карата ой топтоп, кырдаалдан чыгабыз”.

Бирок, биздин өлөр күнүбүздүн тууралуу белгисиздик жоюлса эмне болот? Эгер баарыбыз ичер суубуз бүтө турган күндү, саатты, себебин так билип алсак эмне болот? Албетте, муну билүү мүмкүн эмес, бирок мындай гипотетикалык сценарийди кылдат карап чыгуу, биздин жеке адам жана коомчулук катары мотивдерибиздин бетин ача алат, ошондой эле бул жашоодогу чектелүү күндөрүбүздү кантип эң жакшы өткөрүүгө ишарат бере алат.

Алгач бул дүйнөдө өлүм адамдардын жүрүм-турумун кантип түзөй турганы жөнүндө биз эмнелерди билгенибизди аныктап көрөлү.

1980-жылдары, Нью-Йорктогу Скидмор коллежинин психология боюнча профессору Шелдон Соломон айткандай, биз болгону “абаны дем алган, заң-заара кылган, акыл-эстүү эт” болгондон башка эч нерсе эмес экенибизди аңдагандан кийин, өзүбүздөгү жеңилгис коркуу жана кооптонуу сезимдерине каршы кантип күрөшөрүбүз психологдорду кызыктырып баштаган.

Айрым окумуштуулар биз өлүм коркунучун алдын алуу үчүн белгилүү ишенимдерди карманабыз деп эсептешет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым окумуштуулар биз өлүм коркунучун алдын алуу үчүн белгилүү ишенимдерди карманабыз деп эсептешет

Өлүм коркунучун башкаруу теориясы

Өлүм коркунучун башкаруу теориясы - Соломон жана кесиптештери өз ачылыштары үчүн ойлоп тапкан термин. Буга ылайык, адамдар маданий конструкциясы болгон ишенимдерди кабыл алышат. Мисалы, биз бул дүйнөгө келгенден кийин, өлүм коркунучуна каршы туруштук берүү үчүн дүйнөдө жашоонун мааниси бар, биздин өмүрдүн баалуулугу бар экенине ишенебиз.

1000ден ашуун рецензиялык экспериментте окумуштуулар бир нерсени байкашты — бизге өлөрүбүз жөнүндө эскертилгенде, биз түпкүлүктүү маданий ишенимдерибизге көбүрөөк жармаша калып, өз кадыр-барктуулук сезимибизди күчөтүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле, биз ишенимдерибизди дароо коргоого алып, аларга коркунуч туудура алгандын баарына кас реакциябызды көрсөтөбүз.

Ал түгүл өлүм жөнүндө угулар-угулбас айтылган сөздөр, көрүнөр-көрүнбөс сүрөттөр — “өлүм” деген сөздүн компьютердин экранында 42.8 миллисекундага эле “жалт” этип көзгө илиниши, тажыя кызматтарын көрсөткөн ишкананын жанында курулган маектер — мунун баары адамдын жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн толук жетиштүү.

Өлүм жөнүндө сөз болгондо, биз өзүбүзгө окшобогон адамдарды алда канча жек көрүп, зөөкүр болуп калабыз

Жүрүм-турумдагы өзгөрүүлөр кандай болуп көрүнөт? Бизге өлүм жөнүндө эскерилгенде, өзүбүзгө өң-келбети, саясий көз караштары, географиялык теги, диний ишеними боюнча окшош адамдарга карата боорубуз ооруп, ак ниет мамиле кылабыз.

Ал эми өзүбүзгө окшобогон, бизден айырмаланган адамдарды жек көрүп, кара ниет, зөөкүр болуп калабыз. Биздин ой-пикирлерди, көз караштарды колдогон романтикалык өнөктөштөрүбүздү көбүрөөк жакшы көрүп, аларга чын жүрөктөн, жан-дилибиз менен берилебиз. Ошондой эле, жалындуу, жылдыздуу, атаандаштарынын үрөйүн учурган жол башчыларга добуш берүүгө көбүрөөк жан тартат.

Өлүм жөнүндө ой толгоолор бизди мекенди көбүрөөк сүйүүгө түртөт, ал эми өзгөлөргө карата боорукердигибизди тескерисинче азайтат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өлүм жөнүндө ой толгоолор бизди мекенди көбүрөөк сүйүүгө түртөт, ал эми өзгөлөргө карата боорукердигибизди тескерисинче азайтат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондой эле, алкымды да тыя албай жатабыз. Ачуу суудан ичип, чылымды түтөтүп, кара курсакты толтуруп, кереги барбы-жокпу дебей ар нерсенин баарын сатып алып, алдым-жуттум болуп жүрөбүз: айлана-чөйрөгө, жаратылышка кам көрүү жөнүндө дээрлик эч ойлобойбуз

Эгер адамдардын баары өлөр күнү менен себебин кокус билип калышса, коом азыркыга караганда алда канча расист, ксенофоб, зөөкүр, согушчул, бүлдүргүч, бузуку, өзүнө да, айлана-чөйрөгө көп зыян келтирген болушу мүмкүн. Ал түгүл иш жүзүндө эле ошондой болот деп айтсак жаңылбайбыз.

Бирок, чын эле ошондой болот деп жазмышка жазылып калган эмес. Соломон сыяктуу окумуштуулар өлүм коркунучу алып келе турган кесепеттер жөнүндө билип калгандан кийин, биз акыр аягында аларга каршы туруштук бере алабыз деп үмүттөнүшөт.

Чындыгында, окумуштуулар адамдар мындай жалпы тенденцияларга каршы туруштук бергендигинин бир нече мисалын каттап коюшкан.

Мисалы, Түштүк Кореядагы буддист кечилдер өлүм жөнүндөгү эскертүүлөргө минтип реакция кылышпайт.

Буддист кечилдерде өлүм жөнүндөгү эскертүүлөргө карата кадимки коргонуу реакциясы жок өңдөнөт, мындай абал “өлүм коркунучун башкаруу теориясынын” божомолуна каршы келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буддист кечилдерде өлүм жөнүндөгү эскертүүлөргө карата кадимки коргонуу реакциясы жок өңдөнөт, мындай абал “өлүм коркунучун башкаруу теориясынын” божомолуна каршы келет

"Өлүм чагылышы" деп аталган ой жүгүртүү стилин изилдеген окумуштуулар дагы бир натыйжага келишкен - адамдардан өлүм жөнүндө жөн гана абстракттуу түрдө, жалпы жонунан ой жүгүрткөндүн ордуна, алардын өлүмү үй-бүлөлөрүнө кандай таасир кылары, өлүмүн так себеби жөнүндө ой жүгүртүүнү сураганда, адамдардан аябай ар түрдүү реакциялар келип чыгат.

Мындай абалда, адамдар берешенирээк болуп калышат. Мисалы, суроо-талап болуп-болбогонуна карабастан кан берүүгө даяр болушат. Ошондой эле, алар жашоосун калыптандырган оң жана терс окуялардын ролу жөнүндө ой толгоолорго ачык болушат.

Бул жыйынтыктарды эске алып, өлөр күнүбүздү билип алгандан кийин биз түнт болуунун ордуна өмүрлүк максаттарыбызга жана социалдык байланыштарыбызга көңүл топтосок болот.

“Эгер биз өзүбүзгө өлүм жашоонун бир бөлүгү экенин кабыл алууга жардам берген стратегияларды илгерилетсек жана муну күнүмдүк тандоолорубузга, жүрүм-турумубузга жуурулуштуруп, интеграцияласак абдан туура болот”, - дейт Зальцбург университетинин психология профессору Ева Жонас. “Өмүрдүн кыскалыгын билүү - өмүрдүн баалуулугун аңдоону күчөтө алат жана "биз баарыбыз бир кайыктабыз" деген сезимди өрчүтөт, толеранттуулукка, боорукердикке чакырат, коргонуу реакцияларын төмөндөтө алат”.

Өз өлүмүбүз жөнүндө ой толгоо өзгөчө, ачык-айкын түрдө кең пейилдикке, берешендикке — мисалы, кан берүүгө түртө алат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өз өлүмүбүз жөнүндө ой толгоо өзгөчө, ачык-айкын түрдө кең пейилдикке, берешендикке — мисалы, кан берүүгө түртө алат.

Оор илдеттерге кабылгандар

Бир бүтүн катары коом жагымсыз же жагымдуу нукта кабыл алып-албаганына карабастан, биздин өз өлүмүбүз тууралуу билип калганыбызга жеке деңгээлде кандай реакция кыларыбыз жеке инсандыкка жана чоң окуянын өзгөчөлүгүнө көз каранды болот.

“Сиз канчалык тынсызданып, кыжырданып турган сайын, өлүм жөнүндө ошончолук бушайман боло бересиз жана жашоодогу маанилүү өзгөрүүлөргө оюңузду топтой албай каласыз”, - дейт Ноттингем университетинин психология доценти Лаура Блэки. - "Бирок, башка жагынан алганда, сизге 90 жашыңызда беймарал, төшөктө тынч бойдон каза болосуз деп айтыла турган болсо, сизде муну менен алпурушууга жетишерлик мотивацияңыз деле болбошу мүмкүн - "мейли анда, эмнеси болсо, боло берсин" деген боюнча кала беришиңиз ыктымал".

Бирок жашоо 13 жашта же 113 жашта бүткөнүнө карабастан, айыккыс ооруларга чалдыккан кишилер жөнүндөгү изилдөөлөр, өлүмгө болгон кадимки реакциянын бетин ача алат.

Фейдтнердин пикиринде, паллиативдик жардам алган бейтаптар көпчүлүк учурда ой толгоонун эки баскычынан өтүшөт. Биринчиден, алар өздөрүнө коюлган диагноздун өзүнөн күмөн санашып, мен чын эле өлөмүнбү, чынында эле өлүмдөн качып кутулуу мүмкүн эмеспи, же ага каршы кичине болсо да күрөшсө болобу деп суроо беришет.

Андан кийин алар өздөрүнө калган убакытты максималдык түрдө кантип колдонсо болору жөнүндө ойлонуп башташат. Алар ооруну жеңүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга, болгон бүт күч-кубатын жумшоого аракет кылышат, же болбосо, аларды бактылуу кылган иштерди жасоого, жакын адамдары менен мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт өткөрүүгө, сүргөн өмүрү жөнүндө ойлонууга чечим чыгарышат.

Айрымдар өлөр күнүн билсе да, өлүмгө каршы күрөшпөй эле, калган убактысын өздөрүн кубандырган иштерге арноо чечимин чыгарышы дагы ыктымал

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрымдар өлөр күнүн билсе да, өлүмгө каршы күрөшпөй эле, калган убактысын өздөрүн кубандырган иштерге арноо чечимин чыгарышы дагы ыктымал

Ушундай эле процесстер болжоп айтылган өлүм күнүнө байланыштуу сценарийде ойнолот болуш керек. “Сизде дагы 60 жыл өмүрүңүз бар экенин билсеңиз деле, жыйынтыкта өмүрдүн узактыгы бир-эки жыл, ай жана күн менен өлчөнөт”, - дейт Фейдтнер. - “Бул сааттар акыркы сапарга өтө жакындаганда, менин оюмча, адамдар кантип ушул эки бөлөк багытта кыймылдай турганын көрө алабыз”.

Өлүмдүн алдын алгысы келгендер, убактысы аз калганда өлүмдөн качып кутулууну гана ойлоп калышы ыктымал. Мисалы, кимдир-бирөө сууга чөгүп өлөрүн билип калса, сууга түшкөндө бир аз болсо да, аман калыш үчүн күрөшөйүн деп, сууда сүзүүгө машыгып калышы мүмкүн. Же болбосо, кимдир бирөө жол кырсыгында каза болорун билип калса, кандай гана болбосун, транспорттук каражаттарга такыр жолобой коюуну тандап алышы мүмкүн.

Башкалар болсо, тескерисинче, өз шартына жараша өмүрүн токтотууга аракет кылып, алдын ала айтылган өлүмдү алдап кетүүгө аракет кылышы мүмкүн. Мындайча алар процессти кандайдыр бир деңгээлде өз колуна алып, көзөмөлдөп калышат.

Жонас менен анын кесиптештери адамдардан өлүм боюнча сурамжылоо жүргүзүштү. Ага ылайык, окумуштуулар адамдардан төшөккө жатып калып, оорудан узак убакыт бою жанды кыйнаган өлүмдү элестетүүнү сурашты. Ошондо, кантип өлө турганын өзү тандагысы келгендер бул процесске көбүрөөк көзөмөл кылганын сезип, өлүм коркунучуна байланыштуу коргонуу аракеттерин азыраак көрсөтүшкөнүн аныкташкан.

Айрым адамдар өзүн чоң чыгармачыл бийиктиктерге жетүүгө түртүү аркылуу өлүмгө каршы реакция кылышы ыктымал

Сүрөттүн булагы, Napy.co

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым адамдар өзүн чоң чыгармачыл бийиктиктерге жетүүгө түртүү аркылуу өлүмгө каршы реакция кылышы ыктымал

Бешенесине жазылган өлүм өкүмүнө моюн сунгандар деле ар кандайча реакция кылышы мүмкүн. Айрым бирөөлөр аларда калган убактын албан-албан чыгармачыл, коомдук, ишкердик бийиктиктерди багындыруу үчүн колдонмок. “Өлөр күнүбүздү билүү, бизге психологиялык эркиндикти бере турган эң жакшы нерселерди ойготот деп ишенгим келет, анткени ошондо биз өзүбүзгө, үй-бүлөлөрүбүзгө жана коомчулугубузга көбүрөөк пайдалуу иштерди кылууга аракет кылмак болушубуз керек”, - дейт Соломон.

Чындыгында эле, кандайдыр бир кырсыкты өз башынан өткөрүп, аман калгандардын билдиргени боюнча, убакыттын аз калышы өзүңдү жакшыртууга түртүшү толук ыктымал. Мындай адамдар жөнүндө негизги маалыматтарды топтоо кыйын болсо да, аларды көбүнүн жашоосу оң жакка өзгөрүлгөнүн баса белгилеп айтышат.

“Алар күчтүүрөөк, ички дүйнөсү байыраак, мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк болуп, жашоонун баалуулугун көбүрөөк түшүнүп калышканын билдиришет”, - дейт Блэки. - "Алар - өмүр кыска, бир күнү мен өлөм, ошондуктан мен бул убакыт ичинде мүмкүн болушунча көп пайда алып келишим керек" деген тыянакка келишет”.

Орландодогу аткылоо сыяктуу террористтик окуялардан аман калгандар ички дүйнөсү абдан бекем болуп калганы жөнүндө билдиришет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орландодогу аткылоо сыяктуу террористтик окуялардан аман калгандар ички дүйнөсү абдан бекем болуп калганы жөнүндө билдиришет

Бирок алардын баары эле өзүн мыкты кылып кете алган жок. Мунун ордуна адамдардын көбү өмүр менен кош айтышып, коомго пайдалуу салымын кошууну токтотууну туура көрүшмөктүр - алар сөзсүз эле жалкоо болушу керек эмес, аларды жөн гана мында эч кандай маани калбай калды деген сезим үстөмдүк кылышы ыктымал. Табытчы, аза күтүү кызматтарын көрсөткөн “Ак көңүл Өлүм Ордени” жамаатынын негиздөөчүсү Кейтлин Даути айткандай: “Келе жаткан июнь айында өлөрүңүздү билип калсаңыз, ушул макаланы жазат белеңиз?” (Жазмак эмесмин го дейм).

“Өмүр сүрүүнүн маңызы калбады” деген сезим көптөгөн адамдардын өз сак-саламаттыгына кам көрүүдөн, дени сак жашоодон баш тартышына себеп болушу мүмкүн. Эгерде эмнеси болсо да, өлүм белгилүү бир убакытта келет деп бешенеге жазылган болсо, анда мен органикалык тамак-аш жебейм, диеталык кока-коланын ордуна кадимки кока-коланы ичем, балким анча-мынча баңгизаттын даамын да татып көрөм, булардан тышкары күн-түн дебей оозума шоколаддардын түрлөрүн тыга берсем болот" - дейт Даути. - “Маданиятыбыздын чоң бөлүгү өлүмдүн алдын алууга жана ага жол бербөө үчүн мыйзам менен тартипти сактоого негизделип түзүлгөн”.

Тагдырдын тамашасы - өлүмдөн качып кутула албасың аңдоо, адамда тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, соргоктук сыяктуу нигилисттик жүрүм-турумду козгойт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тагдырдын тамашасы - өлүмдөн качып кутула албасың аңдоо, адамда тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, соргоктук сыяктуу нигилисттик жүрүм-турумду козгойт

Адамдардын көпчүлүгү гипермотивация менен нигилизм ортосунда олку-солку болуп кала бериши мүмкүн. Бир апта “үйдө отуруп, токочторду май-каймакка малып, апылдатып жеп, телевизордогу сериалдардан башы чыкпай жата берет”, ал эми кийинки аптада “акысыз тамак берүүчү ашканага кызмат кылууга барат”, - дейт Соломон. Бирок биз бул спектрдин кайсы жеринде жайгашканыбызга карабастан, арабыздагы эң билимдүүлөр деле, өлөр күнүбүз жакындап калганда “калтырап-титиреп” эле калабыз.

“Өзгөрүүлөр стрессти козгойт”, - дейт Фейдтнер. “Биз бул жерде адамдын жарык дүйнөгө келишинен баштап, өлүмүнө чейинки эң чоң өзгөрүү жөнүндө сөз кылып жатабыз”.

Диндердин кыйрашы

Коомдо жаңы ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр пайда болушу мүмкүн, ал эми өлүм күнү туулган күн сыяктуу майрамдалып калышы ыктымал.

Иш жүзүнөн алып карай турган болгондо, биз кайда гана жашабайлы, биз кантип жана качан өлөрүбүздү билип алышыбыздын жыйынтыгы катары, биздин күнүмдүк турмушубуз түп тамырынан өзгөрөт.

Көптөгөн адамдар өлүмгө байланыштуу атайын тармактарды өнүктүрө турган атайын терапияларга катыша алмак. Коомдо жаңы ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр пайда болмок, мында өлүм күндөрү туулган күндөр сыяктуу, “баланча жылга толдум” дегендин ордуна, “баланча жылым калды” деген тартипте майрамдалмак.

Азыркы тутулган диндер түп-тамырынан кыйроого дуушар болот.

Бошоп калган руханий боштуктун ордун ар түрдүү жаңы ишенимдер басат. “Биз качан өлөрүбүздү айта турган ушул жаңы системага табынып баштайбызбы? Системага курмандык чалып, сыйлык тартып калабызбы? Наристе кыздарыбызды берип калабызбы?”, — деп суроо салат Даути. “Мунун баары учурдагы диний системанын пайдубалын бузат”.

Ошондой эле, өлүмдү алдын алда билүү, адамдардын өз ара мамилелерине да таасир кылары дээрлик шексиз. Өлүм күнү өзүнүкүнө жакын болгон бирөөнү издөө көпчүлүк эл үчүн негизги милдеттүү параметр болуп калмак. Мындай абалда таанышуу сервистери бул ишти жеңилдетип, таанышуу үчүн талапкерди издөөдө “өлүм күнү” деген чыпка көп колдонулуп калмак. “Адамдардын өлүмдөн, тагыраак айтканда өз өлүмүнөн алда канча корккон бир нерсеси бар — жакшы көргөн адамдарынан ажырап калуу. Мен өзүм 89 жашка чыгып өлө турган болсом, мага 40 жашында каза боло турган адам менен турмуш куруунун эмне кереги бар?”, - дейт Даути.

Ошондой эле, эгерде биологиялык технологиялардын жардамы менен адамдын өлүм күнүн аныктоо мүмкүн болсо, ата-энелер эрте жашта өлүп кала турган баласынан ажырап калуу ызасын башынан өткөрбөө үчүн аны түйүлдүк кезинде эле аборт кылуу чечимин чыгара алышмак. Башкалар болсо, өздөрү белгилүү бир жашка чейин жашай албай турганын билип, такыр балалуу болбой коюшат, же тескерисинче, мүмкүн болушунча тез жана көп балалуу болууну каалашат.

Көп адамдар өлүм күнү өзүнүкүнө жакыныраак болгон бирөө менен романтикалык мамиле курууга көбүрөө басым кылууну тандашат болуш керек

Сүрөттүн булагы, Nappy.co

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көп адамдар өлүм күнү өзүнүкүнө жакыныраак болгон бирөө менен романтикалык мамиле курууга көбүрөө басым кылууну тандашат болуш керек

Ошондой эле, биз жаңы мыйзамдар, ченемдерге каршы алпурушууга дуушар болобуз. Flash Forward подкастынын (анын бир чыгарылышында ыктымалдуу өлүм күнүнүн аналогиялык сценарийи жөнүндө иликтенген) автору жана продюсери Роуз Эвелеттин пикиринде, жумуш берүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан кодулоого жол берилбеши үчүн өлүм күнүнүн купуялыгы жөнүндө атайын мыйзам иштелип чыгышы ыктымал. Коомдук ишмерлер болсо шайланып келүүчү кайсы бир кызматка ат салышып, талапкерлигин коёрдун алдында өлүм күнүн жалпыга ачык жарыялоого мажбур болушат (же мындан баш тартканы менен элдин каарына калышы да мүмкүн). “Эгерде президент кызматына талапкер шайлоодон жеңип чыгып, кызматка дайындалгандан кийин 3 күн ичинде каза болуп кала турган болсо, албетте мындай абалдын чоң мааниси бар”, - деп Эвелет баса белгиледи.

Мыйзам боюнча, өлүм күнүн жалпыга билдирүү зарыл эмес болсо дагы, айрым кишилер өлөр күнүн колуна татуировка кылып, же болбосо аскердик жетонуна бастырып алышы мүмкүн. Эвелеттин айтымында, кандайдыр бир кырсык болуп кетсе, медициналык тез жардам көрсөткөндөр бул датаны көрүп, аларды жандандырууга аракет кылуунун мааниси бар-жогун билип алышат.

Аза күтүү кызматтарын көрсөткөн ишканалардын ишмердиги да бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болот: эми алар өлгөн кишилердин бир туугандарын эмес, өлөр адамдардын өздөрүн тирүү кезинде тейлешет. “Аза күтүү бюролору жакындарын жоготкон, кайгы-капага баткан кишилерден мүмкүн болушунча чоң киреше алуу үчүн, алардын артынан аңдыбай калышат”, - дейт Элевет. “Эми керектөөчүлөр колуна көбүрөөк бийликти алып калышат, бул да жакшы жышана”.

Өмүр менен коштошуу күн келгенде, айрым адамдар кылдат даярдалган кечелерди уюштурушу мүмкүн, мисалы, бүгүнкү күндө деле гумандык эвтаназияны тандагандар ошондой иш-чараларды кылып калышты. Башкалар болсо, өзгөчө алардын өлүмү жакын адамдарына зыян алып келиши мүмкүн деп ойлогондор этикалык жана эмоциялык жактан өзүн обочолонуп алуу керек деп ойлошот.

Эвелеттин айтымында, дагы башкалар болсо, өз өлүмүн бийик көркөмдүк же жеке өзүнүн максатына жетүү үчүн колдонушу мүмкүн. Мисалы, атайын пьесага катышып, анын аягында адамдар же чынында эле өлүп калышат, же жөн гана сахнада өздөрү ишенген нерселери үчүн “өлүп калуу” акциясын өткөрүшөт.

Эгер биз кантип жана качан өлөрүбүздүн так күнүн, саатын билип кала турган болсок, биздин жашоо-турмушубуз кескин түрдө өзгөрмөк.

“Адамзат цивилизациясы, чындыгында эле өлүм жана өлүм идеясынын тегерегинде өнүккөн. Менин оюмча, өлүм күнүн алдын ала билүү, биздин жашоо системабызды түп-тамырынан толугу менен өзгөртөт”, - дейт Даути.