Өлүм алдындагы бейтаптардын өтүнүчүн аткарган адам

Сүрөттүн булагы, Kees Veldboer
- Author, Сваминатан Натаражан
- Role, BBC World Service
Киис Велдбоер күн сайын деңиз жээгине, музей, зоопарк, тоолорго барат. Жок, ал туристтерге гид болуп иштебейт.
Ондон ашуун жылдан бери голландиялык өлүм алдында жаткан бейтаптардын кыялын аткарып келет. Баса албай калган, жашап кетишине үмүт калбай калган бейтаптар акыркы жолу көргүсү келген жерлерди атайт, Киис Велдбоер ошол жерлерге аларды алып барат.
Тез жардам кызматкери өзү күбө болгон жүрөк ооруткан окуялары менен бөлүштү.
Римге шашылыш сапар
Киистин эсте калган сапарлардын бири катары шашылыш Римге барганын атады.

Сүрөттүн булагы, Kees Veldboer
2013-жылы алтымыштагы байбиче өлүм алдында Ватиканга барып, Рим папасын көрүүнү каалаган экен. Тез жардам кызматкери интернет баракчадан Рим папасы качан эл алдына чыгарын изилдеп, жетишүүгө мүмкүн экенин түшүнгөн.
"Өлүм алдында турган аялды топтошкон элдин эң алдына алып бардым. Айрымдар коляскада отурду эле, бирок бул аял керебеттен тура алган эмес",-дейт ал.
Рим папасы алыстан аялды көрүп, ошол жерге басып келип аялдын колун кармап тилектерин айткан экен.
Артка кайтып келе жаткан жолдо аял бул жарык дүйнө менен коштошкон экен.

Сүрөттүн булагы, Kees Veldboer
Деңиз менен коштошууну каалаган бейтап
Киис Велдбоер көптөгөн адаттан тыш кыялдарды ишке ашырган. Ал бейтаптарды жылкылар жана башка жаныбарлар менен коштошууга алып барган. Айрымдар үй-жаныбарлары менен коштошууну каалаган эле. Башкалары болсо акыркы жолу өз үйүн же жашаган аймакты, спорт стадионду же музейди көрүүнү өтүнөт.
Бир жолу Киис Велдбоер акыркы жолу балык улоону каалаган адамды деңизге алып барып, анын моокуму кангыча чогуу отурган. Негизи, деңиз менен коштошууну каалаган бейтаптар көп.

Сүрөттүн булагы, Kees Veldboer
Ал көп жылдар бою тез жардам кызматында дарыгер катары иштеп, өлүмдү көп көргөн. Көп учурда Киис карыялардын кыялын аткарат. Бирок алардын арасында жаштар дагы болот. Киис жаштардын ажал тапканы бир топ оор болорун айтат.
"Карыя киши өтүп кетсе түшүнүктүү. Алар көп нерсени көрүп, өлүмгө даяр болуп калышат. Ал эми жаштардын ажал тапканын көрүү абдан оор".
2009-жылы жаш жигит байланышып, жардам сураган экен. Ал жаңы батир сатып алып, ичин жасалгалаптыр. Бул жигиттин сүйлөшүп жүргөн кызы рак менен күрөшүп жаткан. Ал батирди аябай көргүсү келген экен.
"Ал рак менен ооруп, өлүм алдында турган. Кыздын жигити менден батирди көрсөтөлү деп аябай суранды".

Сүрөттүн булагы, Kees Veldboer
Дарыгерлерден уруксат алгандан кийин, Киис жаштарды батирге алып барган.
"Мен аларды бир нече саатка батирде калтырдым. Кайра ооруканага алып келгенден кийин жаш кыз бир саатка жетпей үзүлдү",-дейт ал.
Өлүмгө күбө болуу
Киис Велдбоер тез жардам кызматында иштегендиктен, өлүмдү көп көргөнүн жашырбайт. Ал өлүмдү токтотуу мүмкүн эмес экенин түшүнөт. Бирок жакында оо дүйнөгө кетери анык болгон кишилердин кыялын аткарып, аз болсо дагы жардам берүүгө умтулат.
"Өлүмдү токтото албайт экенбиз, ошондуктан аны кабыл алуу керек".

Сүрөттүн булагы, Kees Veldboer
Коронавирус пандемиясы учурунда дагы Киис ишин токтоткон жок.
Оригиналдуу идея
Киис Велдбоер ушундай кызмат көрсөтүп каларын эч ойлогон эмес. 2006-жылы ноябрь айында өлүм алдында турган бейтап менен сүйлөшүп, Киис жумушун өзгөртүүнү чечкен.
"Ал учурда өлүм алдында турган бейтаптарды бир ооруканадан экинчиге жеткирип жүргөм. Бейтаптын бири менен сүйлөшүп калдым. Ага дарыгерлер үч ай бериптир".

Сүрөттүн булагы, Kees Veldboer
Жолдо баратып, бейтаптан эмнени көргүң келет, эмнени эңсеп турасың деген суроо жолдоптур. Бейтап деңиз жана кемелерди көргүсү келип жатканын айтыптыр.
Киис Роттердам портуна байланышып, бейтапты алып келүүгө уруксат алган.
"Ишке чыкпаган күнү эки кесиптешимдин жардамы менен бейтапты портко алып бардык. Жээктин алдына жаткырдык. Ал толкундарды, кемелерди карап суктанды".

Сүрөттүн булагы, Kees Veldboer
Өлүм алдында турган бейтаптын көңүлү көтөрүлгөн экен.
"Ал дароо өзгөрдү, жылмайып күлүп, энергияга толгондой болуп калды. Мени карап, "сен бейтааныш адам болсоң дагы, мага ушундай жакшылык кылдың" деп айтты. Көрсө ал жашап өткөн турмушуна ыраазы экен. Бир гана ушул деңиз менен кемелерди акыркы жолу көрүүнү каалаптыр".
Рак илдетине чалдыккан адам баса албай калган. Ал 2007-жылы апрель айында кайтыш болгон. Доктурлар айткан мөөнөттөн үч айга көбүрөөк жашаган экен.
"Бул окуядан кийин ойлонуп калдым. 2007-жылы апрель айында жубайым экөөбүз фонд түзүп, ушундай бейтаптарга жардам берип калдык".
Ошол күнү Stichting Ambulance Wens же Тез жардам кыял фонду түзүлгөн.
Бекер кызмат

Сүрөттүн булагы, Kees Veldboer
Башында Киис тез жардам кызматында ишин улантып, жаңы түзүлгөн уюмда дагы иштеген. Бирок бейтаптар көп байланышып жаткандыктан, ал жумушунан кетүүгө аргасыз болгон.
"Биздин уюм 15 миң кишиге жардам берди. Алардын акыркы кыялдарын аткардык. Эки миңден ашуун кишиге өзүм жардам бердим. Башкаларга кесиптештерим жардам берди. Өлүм алдында турган кишинин сүйүнүп жатканын көргөндө, бул ишти улам-улам жасагың келет".
Киис Велдбоердин уюму жети тез жардам унаасын сатып алды жана 14 башка өлкөдө буга окшош кызматтарды түзүүгө көмөктөштү. Муну бизнес катары атаса болбойт жана Киис кызматты бекер көрсөтөт.
"Өкмөттөн эч акча албайбыз. Бир гана каалагандар кайрымдуулук катары акча которушат",-дейт Киис.
Өлүм жөнүндө сүйлөшүү
Киис бейтаптар тез жардам унаасында баратып сүйлөшүүдөн карманарын айтат.

Сүрөттүн булагы, Kees Veldboer
"Бейтаптардын көбү өлүм жөнүндө сөз кылгысы келбейт. Көбүнчө аялдар күйөөлөрүнө бул тууралуу сөз кылат. Эркектер болсо өлүм жөнүндө жубайлары менен сүйлөшкүсү келбейт".
Айрым учурда Киис бул теманы өзү көтөрүп, акырын унаадан чыгып кетет экен.

Сүрөттүн булагы, Kees Veldboer
"Айрым учурда чогуу отуруп, бул теманы көтөрөм дагы чыгып кетем. Артка кайтып келгенде алар бири-бирин кучактап, ыйлап жаткан болот. Жакын арада бул дүйнөдө жок болоруңду өзүңө эң жакын кишилерге айтуу оңой эмес. Бирок бул абдан маанилүү кадам".
Өлүмдү дагы бейтаптар ар түрдүү кабыл алат.
"Айрымдар өлүмгө даяр болушат. Жакында ичер суум түгөнөт деп калышат. Башкалар күрөшөм деп умтулат. Рак илдетинин акыркы баскычы болсо дагы бул дартты жеңем деген ойдон кайтпайт".
Киис өлүм алдында турган кишилердин аз гана бөлүгү өкүнүч тууралуу сөз кылганын айтат. Көптөр жашап өткөн турмушуна кубанып, эсинде калган окуяларды эскеришет экен.












