Эмне үчүн ата-энесинен жат болгон балдар көбөйүүдө?

Ата-эне, баласы менен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мэдди Сэвиж

Психологдордордун айтымында, саясый маселелерде катуу талам талашуу жана татаал мамилелердин психикалык саламаттыгыбызга тийгизген таасири бир үй-бүлөдөгүлөрдүн бири-бирине жат болуп кетишин күчөтүүдө.

Skype аркылуу расалык мамилелер жөнүндө кызуу талаштан кийин, Скотт 2019-жылы ата-энеси менен мамилесин үзүп койгон. Анын айтымында, апасы социалдык медиада жарандык укук коргоочуну колдогонуна ачууланып, жети жашар уулу кулак салып жатканда "чынында эле үрөй учурган көп расисттик нерселерди" айткан.

 Түндүк Европада жашаган эки баланын атасы мындай деп түшүндүрөт: "Ата-энемде "сен менин баламдын көзүнчө мындай деп айта албайсың, биз балдарыбызды минтип тарбиялай албайбыз" деген сыяктуу сезимдер абдан күчтүү болгон". Скотттун айтымында, атасы апасынын көз карашын электрондук почта аркылуу коргоого аракет кылганда, чыдабай кеткен, анткени анда ак расанын үстөмдүгү жөнүндөгү видеого шилтеме бар эле. Ал ата-энеси айрыкча үй-бүлөлүк тарыхын билип туруп, адамдардын тек-жайынан улам курман болгондорун түшүнө албаганына таң калган. "Бул жеткен акылсыздык, сен еврейсиӊ", - дедим. «Биздин үй-бүлөдөн көптөгөн адамдар Освенцимде өлтүрүлгөн".

Бул Скотт ата-энеси менен баалуулуктардын айынан урушкан биринчи учур эмес болчу. Бирок алар менен акыркы жолу көрүшүп, бир сүйлөшүп көрөйүн дегенде, ушундай болду.

Так маалыматтардын жетишсиздигине карабастан, терапевттердин, психологдордун жана социологдордун арасында, Батыш өлкөлөрүндө ата-эне менен баланын мындай атайын "ажырашуусу" көбөйүп баратат деген пикир өсүп жатат.

Формалдуу түрдө «жат болуу» деп аталган бул түшүнүккө эксперттердин берген аныктамалары бир аз айырмаланат, бирок бул термин кимдир бирөө бир же бир нече тууганы менен мамилесин үзүп койгон жагдайлар үчүн кеңири колдонулат. Мындай жагдай, мамилени калыбына келтирүү аракеттерине карабастан, узак мөөнөткө созулушу мүмкүн.

Корнелл университетинин адамдык өнүгүү боюнча профессору Карл Эндрю Пиллемер: "Үй-бүлө мүчөсүнө "бүттү" деп жарыялоо күчтүү жана өзгөчө көрүнүш", - деп түшүндүрөт. "Бул үй-бүлөлүк чыр-чатактардан, жаңжалдуу кырдаалдардан жана эмоционалдык жактан алыс, бирок дагы эле байланышты камтыган мамилелерден айырмаланат".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Үй-бүлөнүн жат болушу боюнча изилдөөлөр аз экенин түшүнгөндөн кийин, ал өзүнүн 2020-жылы чыккан "Жарака издери: бузулган үй-бүлөлөр жана аларды кантип жараштыруу керек" китеби үчүн жалпы улуттук сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоо көрсөткөндөй, ар бир төртүнчү америкалык тууганы менен жат болуп калган. Британиянын Stand Alone кайрымдуулук уюмунун ушул сыяктуу изилдөөлөрү, бул көрүнүш Улуу Британиядагы ар бир бешинчи үй-бүлөгө таасир этет, ал эми Австралия менен Канададагы академиялык изилдөөчүлөр жана терапевттер үй-бүлөлөрдүн бузулушунун "үнсүз эпидемиясына" күбө болуп жатышканын айтышат.

Социалдык тармактарда бөлүнүүнү тандаган чоң балдарды колдогон онлайн топтордун саны кескин өсүүдө, анын ичинде миңдеген мүчөлөрү бар Скотт катышкан топ да бар. "Биздин топтун саны тынымсыз өсүүдө", - дейт ал. - "Менин оюмча, бул барган сайын кеңири жайылууда".

Ата-энелер менен алардын бойго жеткен балдарынын жат болушу күчөп баратканы (же бери дегенде, барган сайын көбүрөөк талкууланып жаткандыгы) маданий жана психологиялык факторлордун татаал желеси менен байланыштуудай сезилет. Бул тенденция анын жеке адамдарга да, коомго да тийгизген таасири тууралуу көптөгөн суроолорду жаратат.

Өткөндүн тажрыйбасы жана азыркы баалуулуктар

Изилдөөлөр чектелүү болгонуна карабастан, ата-эне менен эрезеге жеткен баланын жат болушу көбүнчө бала тарабынан башталарын айтат. Жошуа Коулман, психолог жана "Жат болуу эрежелери: чоң балдар эмне үчүн байланышты үзүшөт жана чыр-чатакты кантип жөнгө салуу керек" деген китептин автору.

Мунун эң кеңири тараган себептеринин бири – бул ата-эненин эмоционалдык, оозеки, физикалык же сексуалдык жактан мурунку же азыркы зомбулуктары. Кол үзүшүү дагы бир көп кездешүүчү таасир болуп саналат, анын кесепеттери бойго жеткен баланын "бир тарапта болуусунан" тартып үй-бүлөгө жаңы адамдардын, мисалы, өгөй бир туугандардын же өгөй ата-энелердин келишине чейин камтыйт жана булар "финансылык жана эмоционалдык ресурстар" боюнча обочолонууну күчөтүшү мүмкүн.

Скотт жана анын ата-энеси башынан өткөргөн баалуулуктардагы кагылышуулар да көбүрөөк роль ойнойт деп айтууга болот. Октябрда Коулман жана Висконсин университети (АКШ) тарабынан жарыяланган изилдөө, баалуулукка негизделген пикир келишпестиктерди жат болуп кеткен балдардын ар бир үчүнчүсүнүн энеси айтканын көрсөттү. Пиллемердин соӊку изилдөөлөрү да баалуулуктардагы айырмачылыктар жат болуунун "негизги фактору" экенин көрсөттү жана чыр-чатактар "бир жыныска артыкчылык берүү, диний айырмачылыктар же альтернативалуу жашоо таризин кабыл алуу" сыяктуу маселелерден келип чыгарын аныктады.

Эки эксперт тең бул бир жагынан соӊку жылдарда күчөгөн саясий жана маданий каршылашуу менен байланыштуу болушу ыктымал деп эсептешет. АКШдагы Ipsos сурамжылоосу 2016-жылдагы шайлоодон кийин үй-бүлөдөгү чыр-чатактар көбөйгөнүн көрсөттү, ал эми 2012-жылы Стэнфорд университетинин окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр көпчүлүк ата-энелер балдары атаандаш саясий партияны колдогон адам менен баш кошсо, нааразы болушу мүмкүн экенин жана он жыл мурун мындайлар аз болгонун айгинеледи. Улуу Британиядагы соңку изилдөө көрсөткөндөй, ар бир 10 адамдын бири Brexit боюнча тууганы менен уруша кеткен. Коулман мындай дейт: "Бул изилдөөлөр кимге жакын болууну же ким менен мамилени үзүүнү тандоодо иденттүүлүк алда канча чоң аныктоочу фактор болуп калганын көрсөтүп турат".

Мамилелердин үзүлүшү кичинекей балдарга дагы таасир берет, анткени алар чоң-ата, чоң-энелери менен байланышпай калышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мамилелердин үзүлүшү кичинекей балдарга дагы таасир берет, анткени алар чоң-ата, чоң-энелери менен байланышпай калышат.

Скоттун айтымында, ал эч качан ата-энеси менен кимге добуш берерин талкуулаган эмес. Бирок ата-энесинен биротоло кол үзүү чечимине анын жана анын аялынын социалдык маселелер, анын ичинде Black Lives Matter кыймылы жана MeToo жөнүндө маалыматы да таасир эткен. Анын айтымында, анын онлайн колдоо тобундагы башка бой жеткен балдар пандемияга байланыштуу баалуулукка негизделген пикир келишпестиктерден жана улгайган ата-энелер вирустун булагы жөнүндөгү кутум теорияларына ишенип, эмдөөдөн баш тартышканынан улам уруша кетишкен.

Психикалык саламаттык фактору

Эксперттердин пикири боюнча, биздин психикалык саламаттыгыбыз, ошондой эле зыяндуу же татаал үй-бүлөлүк мамилелер биздин жыргалчылыгыбызга кандай таасир эте тургандыгы жөнүндөгү билимибиздин өсүшү да жат болууга таасирин тийгизет.

"Үй-бүлөлүк чыр-чатактарда же андан оолак болууну каалоодо өзгөчө заманбап эч нерсе жок болсо да, үй-бүлө мүчөсүнүн оолакташын бүгүнкүдөй жеке өсүштүн көрүнүшү катары түшүнүү - дээрлик жаңы нерсе", -- "Кайсы адамдар менен калуу же кайсылардан кол үзүү - маанилүү стратегия болуп калды", - дейт Коулман.

Улуу Британияда жашаган жыйырмалардагы Сэм туруксуз үй-бүлөдө чоңойгонун, ата-энеси экөө тең арак ичкенин айтат. Ал университетке кеткенден кийин дароо эле ата-энеси менен сүйлөшпөй калган жана атасынын акыркы сапарга узатуу аземинде алты жашар бөлөсүн тилдегенине күбө болгондон кийин байланышын биротоло үзгөн. Психотерапиядан өтүү ага өз тажрыйбасын "жаман ата-эне болуу эле эмес" деп таанууга жана анын психологиялык таасирин баалоого жардам берген: "Мен "кыянаттык" жана "кароосуздук" менин балалыгымды сүрөттөгөн сөздөр экенин түшүндүм. Алардын мени урбаганы, мага эч кандай зыян келтирген эмес дегенди билдирбейт", - дейт ал.

Ал Коулмандын үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышты үзгөнү - "социалдык көз караштан алгылыктуу болот" - дегенге макул. -"Азыр психикалык саламаттык жөнүндө көбүрөөк сөз болуп жатат, андыктан "бул адамдар менин психикалык бакыбаттыгым үчүн зыяндуу", - деп айтуу оңой. - "Менин оюмча, адамдар өздөрүнүн чектерин сызып, адамдарга "жок" дегенди ишенимдүүрөөк айтып калышты".

Индивидуализмдин өсүшү

Коулман биздин жеке жыргалчылыкка көбүрөөк көңүл буруубуз башка кеңири тенденциялар, мисалы, "индивидуалисттик маданиятка" карай жылыш менен үзөңгүлөш жүргөнүн ырастайт. Биздин көбүбүз мурунку муундарга караганда туугандарыбызга азыраак көз карандыбыз.

"Үй-бүлө мүчөсүнүн колдоосуна муктаж болбоо же үй-бүлөлүк чарбаны мурастап алууну пландаштыруу, биз ким менен убакыт өткөрүүнү тандап жатканыбыз жашап кетүүгө же зарылчылыкка эмес, биздин иденттүүлүгүбүзгө жана өсүүнү каалообузга негизделгенин билдирет". - "Бүгүнкү күндө бойго жеткен баланы ата-эне менен эч нерсе байланыштыра албайт, баланын мындай мамиледе болууну каалоосу гана байланыштырышы мүмкүн" - деп түшүндүрөт ал.

Бойго жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар кайсы шаарларда же ал тургай өлкөлөрдө жашоо жана иштөө мүмкүнчүлүктөрүнө физикалык аралыктын кошулушу, ата-энеден жат болууга өбөлгө түзөт.

"20 жыл мурункуга караганда, мага көчүп жүрүү бир топ жеңил болуп калды", - дейт Англияда жашаган түштүк азиялык Файза. Ал 2014-жылдан бери үй-бүлөсүнөн башка жерде жашап келет.

Ал ата-энеси менен мамилесин "алардын көзөмөлдөй бергенинен" улам үзгөнүн айтат. Анткени алар анын жумушка баруусуна жол бербей, анын достугуна таасир этүүнү каалап, окуудан кийин дароо турмушка чык деп кысым көрсөтүшкөн. - "Алар менин чектеримди сыйлашкан жок", - дейт ал. - "Мен өз жашоомо өзүм ээлик кылып, өзүм тандагым келет".

Жат болуунун таасири

Ата-энеси менен мамилесине доо кетирет деп ойлогондон улам бир нерседен оолактаган көптөгөн балдар үчүн мунун күчтүү оң жактары бар. "Изилдөө көрсөткөндөй, бойго жеткен балдардын көбү - бул эң жакшы болду деп айтышат", - дейт Коулман.

Бирок психикалык саламаттыктын жакшырышы жана эркиндиктин көбөйүшү жат болуунун адаттагы натыйжасы болгону менен, Пиллемердин айтымында, мындай чечим туруксуздук, басынуу жана стресс сезимдерин пайда кылышы мүмкүн.

"Жеке байланыштарды атайылап, активдүү үзүү башка жоготуулардан айырмаланат", - деп түшүндүрөт ал. "Мындан тышкары, адамдар үй-бүлөнүн бир бөлүгү болуунун практикалык артыкчылыктарын жоготот: мисалы, материалдык колдоо жана бири-бирин жакшы билген адамдардын туруктуу тобуна таандык болуу сезими".

Жалгыздык жана уялуу сезимдери пандемия учурунда көптөгөн адамдар үчүн күчөгөндөй сезилет. «Zoom» байланышы кээ бир үй-бүлөлөргө жакыныраак жана үзгүлтүксүз байланышта болууга мүмкүндүк бергени менен, Улуу Британиянын соңку изилдөөлөрү, байланыштары үзүлгөн чоңдор, үй-бүлөлүк жашоодон ажырап калганын ого бетер курч сезишкенин көрсөтүп турат. Башка изилдөөлөр Крисмас жана диний майрамдар жат болуп кеткен туугандар үчүн өзгөчө татаал мезгил экенин айгинелейт.

"Менин өзүмдүн үй-бүлөм, өнөктөшүм жана жакын досторум бар, бирок ата-энең менен болгон мамилеңди эч нерсе алмаштыра албайт", - дейт Файза. Азыр жашы отузга чыгып, ата-энесинин дининен алыстап кетсе да, мусулмандардын Орозо айт майрамын өзгөчө оор деп эсептейт: "Бул абдан оор. Мен абдан жалгызсырайм... жана апамдын тамак жасаганын сагынам".

Жат болууну жеңүү кыйын болсо да, адамдар ийгиликтүү элдеше алгандыктан, ал көпкө созулбашы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жат болууну жеңүү кыйын болсо да, адамдар ийгиликтүү элдеше алгандыктан, ал көпкө созулбашы мүмкүн.

Ата-энеден жат болууну тандоо келечектеги үй-бүлөлүк мамилелерге жана салттарга да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. "Менин эң чоң өкүнүчүм - балдарымдын чоң ата, чоң энесиз чоңоюп жатканы", - дейт Скотт. - "Бул [ата-энем] айткандан жакшы деңизчи, [бирок] менин балдарыма бир нерсе жетишпей жаткандай сезилет".

Албетте, мунун баары, балдарынын жана неберелеринин жашоосунан көп учурда каалабастан жат болуп калган ата-энелерге да таасирин тийгизет. Коулман мындай дейт: :Көпчүлүк ата-энелер мунун айынан кыйналышат. Салттуу үй-бүлөдө өз ордун жоготуу менен бирге, алар адатта "жоготуу, уялуу жана өкүнүчтүн терең сезимдерин айтышат".

Скотт апасы жакында ага телефон чалганга аракет кылганын айтат. Бирок ал ага смс жөнөтүп, эгерде ал өзүнүн комментарийлери "абдан расисттик" экенин мойнуна алып, кечирим сураса, балдары менен байланышты калыбына келтирүүнү карап көрөрүн жазган. Бирок азырынча ал мындай кылган жок дейт. - "Мунун баары болуп кетсе да, мен аларга жашоом жөнүндө айткан нерселеримди дайыма чектеп, балдар менен болгон жолугушууларды көзөмөлдөп турам. Тилекке каршы, эч нерсе боло элек".

Пикир келишпестиктерди жоюуга аракет кылып жатасызбы?

Көптөгөн мамлекеттердеги саясий пикир келишпестиктерди, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча маданияттарда индивидуализм күчөп бараткандыгын эске алуу менен, көптөгөн эксперттер ата-эне менен баланын "жат болуу" тенденциясы сакталып калат деп ишенишет.

"Менин божомолум боюнча, кырдаал мындан да начарлайт же ушул бойдон калат", - дейт Коулман. - "Үй-бүлө мамилелери милдетке, милдеттенмеге же жоопкерчиликке эмес, бакытка жана жеке өсүүгө умтулууга көбүрөөк негизделет".

Бирок Пиллемердин ою боюнча, биз айрыкча таламдашкан саясаттан же баалуулуктардан (кыянаттык же зыяндуу жүрүм-турумдардан эмес) келип чыккан келишпестиктерди жоюу аракетин жокко чыгарбашыбыз керек.

"Эгер мурунку мамилелерге салыштырмалуу жакын (же, жок эле дегенде, чыр-чатак эмес) болсо, менимче, көптөгөн үй-бүлө мүчөлөрү мамилени калыбына келтире аларына далилдер бар. Бирок бул саясат талкууланбай турган "демилитаризацияланган аймак" боюнча макулдашууну камтыйт", - дейт ал.

Ал өз китеби үчүн ал ийгиликтүү элдешкен 100дөн ашык жат болгон адамдардан маек алып, бул процесс чындыгында көптөгөн адамдар тарабынан "жеке өсүштүн кыймылдаткычы" катары сүрөттөлгөнүн байкаган. "Албетте, бул ар бир адам үчүн эмес, бирок бир катар адамдар үчүн, мамилелер жакын эмес болсо да, ажырымды жоюу өзүн-өзү сыйлоонун жана жеке сыймыктануунун булагы болгон".

Анын ою боюнча, жат болуу темасын "көмүскөдөн ачык талкууга" алып чыгыш үчүн кененирээк изилдөөлөр жана көңүл буруу керек. - "Бизге жакшыраак чечимдерди табуу үчүн изилдөөчүлөр керек, мындай чечимдер элдешкиси келген адамдарга да, жат болуп калган адамдарга жардам берүү үчүн да зарыл".

Скотт чоңдордун жат болуусуна кызыгууну кубаттайт: "Менин оюмча, бул көп адамдарга жардам берет", - дейт ал. - "Жат болуу азыркыга чейин уят болуп эсептелет. Топто биз: "Адамдарга эмне деп айтасыз?" же "Сүйлөшкөндө аны кантип тарбиялайсыз?" деген суроолорду көп көрөбүз.

Бирок ал ата-энеси менен, эгерде алар расист экенин моюнга алышпаса, элдеше албайт. "Бардык кан суудан коюураак" дегендей, үй-бүлө жакшы болсо - жакшы, бирок зыяндуу адамдар бар болсо - анда бул мүмкүн эмес".

Скотт, Сэм жана Файза өздөрүнүн жана үй-бүлөлөрүнүн купуялыгын коргоо үчүн башка бир ысымды колдонушту.