Омикрондун жаңы варианты жөнүндө эмнелерди билебиз?

Омикрон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Учурда дүйнө жүзү боюнча катталган инфекциянын дээрлик жарымынан өтө жугуштуу омикрон варианты чыгууда.

Бирок омикрон SARS-CoV-2 түркүмүнө жакындан байланышы бар коронавирустар үчүн колдонулган жалпы термин. Анын эң кеңири тараган түрү BA.1 болуп саналат.

Учурда көптөгөн мамлекеттер, айрыкча Азия менен Европада, омикрондун BA.2 субвариантынан улам жаңы учурлар катталып жатканын айтууда.

Омикрондун BA.2 субварианты мурдагыларга караганда жугуштуураак экени айтылууда, бирок анын таасири катуу болору жөнүндө азырынча жетиштүү маалыматтар жок.

Жаңыдан пайда болуп жаткан вариант боюнча кабатыр болууга негиз барбы? Төмөндө бизге белгилүү болгон маалыматка көңүлүңүздү бурабыз.

BA.2 субварианты кандай?

Вирустар мутация болуп, жаңы варианттар пайда болгондуктан алар кээде субтүркүмдөргө бөлүнүп же бутактап кетет. Дельта варианты, мисалы, 200 түрдүү субварианттан турат.

Ошол эле көрүнүш омикрон вариантында да байкалууда. Ага BA.1, BA.2, BA.3 жана B.1.1.529 түрлөрү кирет.

Көпчүлүк учурларда BA.1 катталып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча, 25-январга карата GISAID маалымат базасына тапшырылган вирустук ДНКлардын дээрлик 99% субвариант болуп чыккан.

Филиппиндер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, BA.2 субварианты биринчи Филиппиндерде аныкталган

BA.1 жана BA.2 субварианттары окшош болгону менен ортодо 20 мутация орун алган.

BA.2 алгач кайда пайда болгону белгисиз, бирок аны биринчи жолу ноябрь айында Филиппиндерде аныкташкан.

BA.2 кайсы өлкөлөрдө жайылууда?

ДССУдан айтышкандай, омикрондун субварианты бүгүнкү күнгө чейин 57 өлкөдө аныкталган. Уюмдан кошумчалашкандай, айрым мамлекеттерде омикрон учурларынын жарымынан көбүндө BA.2 чыгууда.

Айрым жерлерде субвариант катталган учурлар кескин түрдө көбөйгөн.

Даниядагы Мамлекеттик сыворотка иниститутунун (SSI) маалыматы боюнча, январда өлкөдө катталган коронавирус учурларынын болжолдуу жарымында BA.2 инфекциясы аныкталган.

Молекулярдык биолог Вижая Дхакалдын айтымында, Индияда дагы дельта жана омикрондун BA.1 түрүнө караганда BA.2 көп жайылып жатат.

Айрым штаттарда ал субвариант басымдуулук кылып, өлкөдө инфекциянын үчүнчү толкуну жаралышы ыктымал болуп турат.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

Филиппиндердин Саламаттык сактоо министрлигинен айтышкандай, январдын аягында алынган үлгүлөрдө BA.2 субварианты көп аныкталган.

Ал эми Британиянын саламаттык сактоо агенттигинин (UKHSA) маалыматына ылайык, Англияда 1 миңден ашуун учурдан BA.2 түрү чыккан. Британиянын саламаттык сактоо мекемелери тарабынан ал “иликтенип жаткан вариант” деген категорияга киргизилген. Демек, алар аталган субвариантка тыкыр көз салып жатат жана ага өтө тынчсызданып жаткан жок.

UKHSAнын ковид-19 боюнча директору Мира Чанддын айтымында, Германияда дагы дельта жана омикрондун BA.1 субвариантына караганда BA.2 көбөйүүдө.

BA.2 жугуштуураакпы?

Даниядагы SSI уюму тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө BA.1ге караганда BA.2 “бир топ эле” жугуштуу экени аныкталган. Изилдөөгө 8 500 түтүн жана 18 000 киши тартылган.

Ошондой эле изилдөө BA.2 субварианты вакцинаны оңоюраак буйтап өтө аларын көрсөткөн.

Дания

Сүрөттүн булагы, AFP VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Даниядагы учурлардын дээрлик жарымынан BA.2 чыгууда

Бирок эмдөөдөн өткөн адамдардын вакцина албагандарга караганда вирус жуктуруп алуу ыктымалдыгы азыраак. Ошондой эле алар вирусту андан ары жугузбашы мүмкүн.

Британияда жүргүзүлгөн дагы бир изилдөөдө BA.1ге салыштырмалуу BA.2 кыйла жугуштуу экени белгилүү болгон.

Бирок алдын ала баалоо боюнча, вакцина кайсы гана субварианттын симптомдору болбосун баарына каршы натыйжалуу экени боюнча далилдер бар.

BA.2 коркунучтуубу?

Омикрондун мурдагы субварианттарына караганда BA.2нин таасири катуу болору жөнүндө маалыматтар жок.

“BA.2 басымдуулук кылып жаткан башка өлкөлөргө назар салсак, көп деле ооруканага жатып калган учурларды байкаган жокпуз”, — деди ДССУнун өкүлү доктор Борис Павлин.

Эксперттер вакцина мурдагы варианттардай эле оорунун күчөп кетишине, ооруканага түшүп калууга жана өлүмгө алып баруусуна каршы вакцина эффективдүүлүгүн жоготпойт деп ишенет.

“Азырынча омикрондун BA.2 субварианты BA.1 түрүнө караганда катуу болорун айтууга жетиштүү далилдер жок”, — деди доктор Чанд.

“Биз этият болуп, вакцина ала беришибиз керек. Эгерде кандайдыр бир симптомдорду байкасак, коронавируска тест тапшырууну улантышыбыз абзел”.

Бул баскычка тынчсызданууга кажет жок

Ник Тригглдын анализи, саламаттык сактоо боюнча кабарчы

Британиядагы жана чет өлкөлөрдөгү окумуштуулар омикрондун BA.2 субвариантына жакындан көз салып жатышат.

Учурда көп нерсе белгисиз болууда.

Ал омикрондун BA.1 түрүнө караганда дүйнө жүзүн көбүрөөк каптап жаткандай.

Бизге белгилүү болгон нерсе Британиядагы жалпы катталган учурларда бул субварианттын үлүшү өсүүдө. Ал эми Данияда аталган субвариант басымдуулук кылууда.

Ал омикрондун үстөмдүк кылган вариантына айланса да BA.1 түрүнүн натыйжасында чоң толкунду баштан өткөргөн өлкөлөрдөгү пандемиянын багытын өзгөртө албашы мүмкүн. Себеби ал жакта иммунитеттин кесилиши орун алып, BA.1 түрүн жугузуу менен BA.2 түрүнө каршы коргоого ээ болушу ыктымал.

Азыркы баскычта ага жалпы эл тынчсызданбай эле, субвариантты окумуштуулардын жакындан байкап туруусу орундуу. (EA)