Коронавирус болгон киши канча күн вирус жугузат?

A health worker takes a COVID-19 test sample on a woman on November 3, 2020 in Medellin, Colombia.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул пендемияда омикрон башка варанттарга караганда жугуштуу экенин көрсөтү

Омикрон варианты коронавирусту дүйнө жүзү боюнча тез эле таратып, ар кайсы мамлекеттерди пандемия менен күрөшүү үчүн өздөрүнүн улуттук стратегияларын кайрадан карап чыгууга мажбурлоодо.

Омикрон башка варианттарга караганда жугуштуураак экени белгилүү. Ал вакцинаны буйтап өтүп, кайра жугууга өтө жөндөмдүү экенин көрсөттү.

Бирок вирус катталган учурлар кескин түрдө көбөйүп, ооруканага жатып калгандар дагы аз эмес. Эки жолу эмдөөдөн өткөн же кошумча вакцина алган кишилерге эгерде омикрон жугуп калса, анда алардын ооруканага түшүү же каза болуу ыктымалдыгы аз.

Анын натыйжасында АКШ жана Британия өңдүү өлкөлөр обочолонуу убактысын беш күнгө чейин кыскартышып, жумуштан же окуудан калган күндөрүнүн санын азайтууга өбөлгө түздү.

Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму омикрондун айынан колдонулган чараларды жеңилдетпей турууга чакырды. Анткени бул вариант айрыкча эмдөөдөн өтө электерге катуу сокку урушу мүмкүн.

Жаңы эрежелер кайсы илимий негиздерге таянууда жана жаңы варианттын жайылуусу жөнүндө бизде кандай маалыматтар бар?

Ковиддин белгилери канча күндө байкала баштайт?

A man swabbing his nose during a lateral flow test at home

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изилдөөлөр омикрондун белгилери эки күндүн ичинде байкала баштарын айтат

Омикрон боюнча изилдөөлөр азырынча азыраак болсо да, талдоолор көрсөткөндөй, вирустун бул акыркы варианты мурдагыларга караганда жеңилирээк болуу менен эле чектелбестен, анын инкубация убактысы дагы азыраак.

Инкубация - кимдир бирөө вирус жугузуп алгандан тартып кандайдыр бир симптомдору билине баштаганга чейинки убакыт.

Мурдагы варианттарда вирустун белгилери негизинен ковид жуккандан тартып 5-6 күндүн ичинде эле байкалчу. Дельта вариантында төрт күн деген эсеп болгон.

Омикрон боюнча бизге белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, вирус жуккандан тартып 2-3 күндүн ичинде симптомдор билинүүдө.

A woman coughing

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Омикронду толугу менен түшүнүү үчүн көбүрөөк изилдөөгө муктаждык бар

Декабрь айында АКШда катталган алты омикрон учуру боюнча жүргүзүлгөн алдын ала изилдөөдө орточо инкубация мөөнөтү үч күн экени аныкталган. Башка варианттарда болжолдуу беш күнгө чейин созулат.

Кимдир бирөө омикрон жугузуп алган болсо, вирустун көбөйүүсү бир эле күндө башталарын айтты Би-Би-Сиге доктор Висенте Сориано. Ал Испаниядагы Ла Риоха эл аралык университетинде инфекциялык оорулар боюнча эксперт.

Ал эми эки күндүн ичинде ооруну байкоого болот.

Коронавирус болгон киши канча күн вирус жугузат?

Окумуштуулар айтышкандай, коронавирус болгон адамдар вирусту алгач жуктуруп алган күндөрдө башкаларга көбүрөөк жугузат.

Омикрон болсо симптомдор байкалганга чейин 1-2 күн мурда жана андан кийин 3-4 күн жугуштуураак болот.

"Биздин оюбузча, вирус беш күнгө чейин жугуштуу. Башкача айтканда, ковидге тест оң жыйынтык бергенден кийин ал башкаларга 3-5 күнгө чейин жугат", - дейт доктор Сориано.

Co-workers wear face masks in an office

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дарыгерлер вирусту башкаларга жугузуунун алдын алуу үчүн айрыкча жабык жерлерде беткап тагынууну сунушташат

Анын айтымында, омикрон варианты адамдын денесинде жети күнгө чейин жүрөт.

Демек, симптомдор байкалып, басылып калган болсо, андан жети күн өткөндөн кийин көпчүлүк адамдар вирус жугузбай калат.

"Бирок бул математика эмес, бул медицина. Ошондуктан бир аз өзгөрүп кетиши ыктымал", - деп белгилейт Сориано.

"Балким айрым адамдарда мөөнөт азыраак болушу мүмкүн, мисалы 3 же 4 күн. Башкаларда жетки күндөй болушу мүмкүн. Омикрон башка варианттарга караганда жугуштуураак экенин так айта алабыз".

Адамдар вирус жугузуп-жугузбай турганын аныктоонун жана ишенимди бекемдөөнүн жакшы жолу - вирусту аныктаган ыкчам тест тапшыруу.

"Алар арзаныраак жана адамдар вирус жугузуп-жугузбаганын аныктай алат", - дейт ал.

A woman coughing

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ылдам тест вирустун бар же жок экенин аныктоонун жакшы жолу
Presentational grey line

Коронавирус белгилери байкалган адам менен качан жолуксам болот?

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору нускама чыгарды. Анда коронавируска тапшырган тести оң жыйынтык көрсөткөн адамдарга беш күн изоляцияда отуруп, андан кийин башкалар менен кезиккенге уруксат берилген. Бирок белгилүү бир шарттар дагы камтылган. Аталган борбордун маалыматы боюнча, эгерде тест оң чыгып калса, анда төмөнкүлөрдү эске алышыңыз керек:

  • Эгерде Ковид-19 же белгилери болсо, жок эле дегенде 5 күн обочолонуп отуруңуз. Симптом байкалган биринчи күндөн тартып эсептөө зарыл
  • Эгерде симптомдор жок болсо же беш күндөн кийин жакшы боло башташасаңыз, изоляцияны токтотуп, үйдөн чыксаңыз болот
  • Дагы беш күнгө чейин башкалар менен жолукканда беткап тагууну улантыңыз
  • Симптомдор байкалган биринчи күндөн тартып 10 күн өткөнгө чейин жолго (саякатка) чыкпай туруңуз. Эгерде 6-10 күндөрү жолго чыгууга аргасыз болсоңуз, анда башка адамдар менен чогуу болгон кезде бара турган жерге чейин жакшылап жапкан беткап тагып жүрүңүз
  • Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп жатса, температура түшкөнгө чейин үйдө обочолонуп отуруңуз

Булагы: АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC)

Presentational grey line
Coronavirus

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катталган жаңы учурлардын дээрлик 30% эч кандай белгилер байкалган эмес

Эгерде эч кандай симптомдор жок болсо, канчага чейин вирус жугат?

Коронавирус жугузуп алган көпчүлүк адамдарда ал учурда эч кандай деле симптомдор байкалбайт.

"Симптомсуз инфекция жөнүндө бизге белгисиз көп нерсе бар. Бирок инфекциянын мөөнөтү симптомдор байкалган адамдардыкындай эле болууда", - деди Би-Би-Сиге доктор Сориано.

"Жаш балдарда көбүнчөсү симптомдор байкалбайт. Жаш балдар боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр алардагы вирустун көлөмү чоң кишилердей эле болгонун, жаш балдарда эч кандай симптомсуз, чоңдордо симптомдор байкалганын көрсөткөн".

An antigen, or lateral flow, test

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча 5,5 млн ашуун киши коронавирустан каза болду

Эч кандай симптомдору жок бирөө башкаларга вирус жугузабы?

Ковид жугузуп алып, бирок эч кандай белгилер байкалбаган адамдар деле коронавирусту башкаларга жугузарын изилдөөлөр көрсөткөн.

Алар өздөрүн обочолонтпой же вирустун тарашын токтотуу боюнча эч кандай аракет кылбагандыктан башкаларга вирусту көбүрөөк жуктурушу мүмкүн.

Американын медицина бирикмесинде (JAMA Network Open) жарыяланган изилдөөдө төрт учурдун дээрлик бирөөсү эч кандай симптомдор байкалбаган адамдар аркылуу жукканы аныкталган.

Демек, мурдагы варианттарга караганда омикрондун жугуштуулугун эске алганда, жаңы учурлардын көбүрөөк катталуусу күтүлүүдө.

Бийлик өкүлдөрү вирусту билип-билбей эле таратып жиберүү коркунучун алдын алуу үчүн айрыкча жабык жерлерде беткап тагыны жүрүүнү сунуштап жатышат. (EA)