Омикрон: Ковидден кийин ден соолукту калыбына келтирүү жолдору

Мээрим Догдурбекова, Руфат Эргешов, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчылары

Ковид менен ооругандан кийин калыбына келүү үчүн физикалык көнүгүүлөрдү аткаруу маанилүү экенин медиктер айтып келишет. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери йога жана фитнеске катышкандардын саны өсүүдө.

Адистердин айтымында, коронавирус менен ооругандардын иммунитети начарлап, организми алсыз боло түшөт. Ошондой эле киши тез эле чаалыгып, мурда жасап жүргөн иштерин жасай албай калат. Доктурлар ковидден кийин калыбына келүү үчүн белокко бай азыктар менен тамактануудан сырткары, таза абага чыгып сейилдөө жана физикалык көнүгүүлөрдү сунуштайт.

Алтынай Сатарова жакында эле ковид менен ооруп, айыкты. Ал организмин калыбына келтирүү үчүн атайын фитнеске жазылган.

Алтынай ковид менен ооругандан кийин фитнеске барып баштаган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алтынай ковид менен ооругандан кийин фитнеске барып баштаган

“Жакында эле ковид менен оорудум. Ушул оорудан кийин организмим алсыз болуп, иммунитетим чынында түшүп кеткен окшойт. Анткени айыккандан кийин кайрадан эле грипптин жеңил же оор формасына чалдыга берет экенсиң. Ошол себептен спорт организмге керек экенин түшүнүп, бул жакка бир айдан ашык убакыттан бери келип жатам. Фитнес чынында жардам берди, иммунитетим көтөрүлүп, өзүмдү жеңил сезип калдым жана грипп менен кудайга шүгүр ооруй элекмин”, - деди Алтынай Сатарова.

Нурзада Алтынайдын машыктыруучусу. Ал Бишкекте он жылдан бери фитнес-тренер болуп иштейт. Нурзаданын айтымында, ковидден улам спорт менен машыккандар көбөйдү.

“Мен фитнес-тренер болуп 10 жылдан бери иштейм. Пандемиядан кийин каалоочулар көбөйө баштады. Ага чейин келгендердин жашы 20-25 болсо, азыр болсо кырктан өйдөгүлөр көбөйүп калышты. Анткени ковидден кийин спорт жана физикалык көнүгүүлөр кадимкидей жардам берет. Ошондуктан азыр көбүрөөк келип жатышат, онлайн катышкандар дагы көп”, - деди Нурзада Мелисова.

Фитнес-машыктыруучу Нурзада пандемиядан кийин спортко кызыккандар көбөйгөнүн айтат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фитнес-машыктыруучу Нурзада пандемиядан кийин спортко кызыккандар көбөйгөнүн айтат

Борбор калаадагы ден-соолукту чыңдоо борборунун адистеринин айтымында, респиратордук оорудан кийин организм бир айда, ал эми ковидден кийин үч айдан алты айга чейин, кээде бир жылга чейин калыбына келет. Бул убакта ден-соолукка туура кам көрүү зарыл.

“Коронавирус инфекциясынан кийин калыбына келүү процессинде физикалык көнүгүүлөр абдан маанилүү. Биринчи жеңил көнүгүүлөрдөн баштоо керек. Күнүнө 10-15 мүнөттөн, анан күн сайын кошуп кете берсе, анан күчтүүрөөк көнүгүүлөргө өтсө болот. Анткени көнүгүү жасаганда, кан айлануу процесси жакшырат организмде, анын артынан булчуңдар чыңалат, андан тышкары кислород менен организм байыйт. Ошондуктан физикалык көнүгүүлөр маанилүү”.

Ден-соолукту чыңдоо борборунун адиси Асел Акымбаева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ден-соолукту чыңдоо борборунун адиси Асел Акымбаева

Covid-19 илдетинен айыгып чыккан дүйнөдөгү миллиондогон киши көп убакыт өткөндөн кийин деле кадимки жай турмушуна кайтып келе албай жатат. Кээ биринде дем кыстыгуу, алсыроо, даам сезбей калуу сыяктуу кесепеттер кала берүүдө. Окумуштуулар муну түшүнүүгө аракет кылууда. Ал эми ковидден айыккандар өзүн изоляцияда кармабай, физикалык активдүүлүккө маани бериши керек деп доктурлар сунуш кылат.

Бүгүн Кыргызстанда коронавирусту 202 адам жуктуруп алды. Пандемия башталгандан бери бул ооруга чалдыккандардын саны 198 518ди түзөт. Ал эми ковидден айыккандардын жалпы саны 188 143. Тилекке каршы, ооруну жеңе албай, 2 884 адам каза болду.