Коронавирустун бардык түрүнөн коргогон супервакцина чыгабы?

Сүрөттүн булагы, MARCY SANCHEZ/US ARMY
АКШнын аскер дарыгерлери коронавируска каршы жаңы вакцинанын клиникалык сыноолорун ийгиликтүү өткөрүштү.
Уолтер Рид атындагы улуттук аскердик-медициналык борбордо иштелип чыккан дары омикрондон гана эмес, коронавирустун башка бардык варианттарынан, ал тургай жарым-жартылай башка инфекциялардан да коргоону убада кылууда.
Бирок адистер мындай вакцинаны иштеп чыгуу мүмкүн эмес деген билдирүү таратып, ага күмөн санашууда.
Баш айланткан варианттар
Вакцинация Covid-19 менен күрөшүүнүн эң эффективдүү жолу бойдон калууда. Вашингтон штатынын акыркы статистикасы көрсөткөндөй, 65 жаштан жогорку кишилер арасында эмдөөдөн өтпөгөндөргө караганда толук эмдөөдөн өткөндөр ооруканага 13 эсеге аз кайрылган. Бул куракта вакцина албагандарга караганда эмдөөдөн өткөндөр 15 эсе аз өлүмгө дуушар болгон.
Америкалык Уолтер Рид улуттук борбору (WRAIR) бул көйгөйдүн жолун таптык деп айтууда. Окумуштуулар SpFN ферритин вакцинасын жаныбарларга лабораториялык эксперимент жасап, бул эң жакшы натыйжаларды көрсөткөн. Адегенде чычкандар эмделген, андан кийин маймылдар, ал тургай кишилерге жасалган клиникалык сыноонун биринчи фазасы да жыйынтыкталып калды.

Борбордун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Кейвон Можарраддын айтымында, анын командасы тарабынан иштелип чыккан вакцина бир эле учурда коронавирустун бардык варианттарынан коргой алат. Бул вакцина башкаларга караганда “бир топ күчтүү” дейт ал.
SpFN иштеп чыгуу азыркы пандемияга чейин эле башталган. Адегенде аскер дарыгерлери SARS, MERS ооруларынан коргой ала турган вакцинаны иштеп чыгууга аракет кылышкан. Бирок табиятта али жок вируска каршы вакцинаны кантип иштеп чыгуу керек? Адистердин айтымында, бул анчалык деле кыйын эмес.
Албетте, биз вирустун кандайча мутация болорун так билбейбиз, бирок анын эволюциясы кайсы багытта жылаарын өтө тактык менен айта алабыз. Мисалы, геномдун кайсы фрагменттери мутацияга көбүрөөк дуушар болот, кайсынысы кыйла туруктуу жана кайсынысы бардык белгилүү варианттарда өзгөрүүсүз калат, муну аныктаса болот.
Америкалык аскер дарыгерлери дал ушул изилдөөгө көңүл бурушкан.
“Изилдөө объектиси катары бүтүндөй бир вирустун тукумун алабыз. Белгилүү бир вирустун кандайдыр бир касиетин изилдеп, анын “эң жакын туугандарын” табабыз. Вирустун мутацияланган варианттарын оригинал штаммдын “аталаштары” деп атайбыз деди доктор Кейвон Можаррад.
Вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан дарыгерлердин айтымында, мындай кеңири мамиле, вирустун бүтүндөй тукуму жараткан оорулардын алдын алууга, универсалдуу вакциналарды жана башка дарыларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Сүрөттүн булагы, MIKE WALTERS/US ARMY
Натыйжада алынган дары белоктук (пептиддик) вакциналарга кирет. Аны менен эмдегенде денеге вирустун өз алдынча көбөйө албаган белоктору кирет.
Киши эмдөөдөн өткөн учурда анын организми бөтөн протеиндин ар кайсы бөлүктөрүнө ылайыктуу формадагы антиденелерди тандап алат. Ошентип жарым-жартылай мутацияланган вирусту да нейтралдаштыруу мүмкүнчүлүгүн сактап калат.
Азыр дүйнөдө ушундай технология менен жасалып жаткан бир нече вакцинанын түрүн атаса болот.
Бирок жаңы вакцинадан күмөн санаган окумуштуулар да бар. Мэриленд университетинин профессору жана британиялык BMJ медициналык журналынын редактору Питер Доши мындай дарыны иштеп чыгуу идеясына анча ишене бербей турганын айтууда:
“Мен сасык тумоого каршы вакцинаны иштеп чыгуучулардан ушул сыяктуу сөздөрдү ондогон жылдар бою угуп келем. Сасык тумоо да, Sars-Cov-2 да тез мутацияланган вирустардын түрү болуп саналат, алардын улам жаңы варианттары чыга берет”. (ErA)












