Зеленский: Украина АКШга "жеңиш планын" көрсөтөт

Лаура Гоцци

Би-Би-Си жаңылыктары

Зеленский

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Украинанын президенти Владимир Зеленский анын аскеринин Россиянын Курск областына басып кириши «жеңиш планынын» бир бөлүгү деп билдирди. Бул планды ал келерки айда АКШ президенти Жо Байденге алып барат.

Шейшембиде форумда сүйлөп жатып, Зеленский пландын ийгилиги президент Байденден жана "бул планда каралганды береби-бербейби, аны колдонууда биз эркин болобузбу-жокпу, ошондон көз каранды",-деди.

«Кимдир бирөөгө бул аябай амбициялык көрүнүшү мүмкүн, бирок биз үчүн бул маанилүү план».

Украинанын президенти бул планды АКШнын президенттигине талапкер Камала Харрис менен Дональд Трамп экөөнө тең көрсөтөрүн айтты.

Августтун башында украин аскери Россиянын Курск областына басып кирди. Андан бери Россия аларды сүрүп чыгарууга шаасы жетпей турат.

Ошол эле форумда сөз сүйлөгөн украин армиясынын колбашчысы генерал Александр Сырский Украина азыркы убакта 1294 кв метр жерди жана 100 калктуу пункттуу ээлеп көзөмөлдөп турганын билдирди. Бул сандардын чындыгын Би-Би-Си текшере алган жок.

Генерал Сырский Украина бул аймакты кармап туруу ниети жок экенин белгилеп, бул жакка басып кирүүнүн бир себеби Украинанын түштүгүндө чабуулга өтүп жаткан орус армиясын токтотуу болгонун айтты.

Россия абдан маанилүү түйүн болгон, темир жол станциясы бар Покровск шаарын ээлеп алууга умтулууда.

Украина карта
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент Зеленский ошондой эле Украина өзүнүн ата мекендик биринчи баллистикалык ракетасын сыноодон ийгиликтүү өткөргөнүн билдирди. Ал өзүнүн өлкөсүнүн коргоо өнөр жайын куттуктады, бирок ракета тууралуу башка эч нерсе айткан жок.

Украина Россияга каршы АКШдан алган бир нече баллистикалык ракеталарын колдонуп жаткан менен, ал өзүнүн ички аскердик техника өндүрүшүн өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп, батыштын жардамына болгон көз карандылыгын азайтууга аракет кылып жатат.

Бирок азыркы учурда Украина Россия менен кармашта курал-жаракты негизинен сырттан алууда. Форумда президент Зеленский Украина батыш өлкөлөрү жиберген F-16 согуштук учактарын Россия учурган ракеталарды атып түшүрүүгө колдонгонун, соңку учурда ракеталык чабуул күчөгөндүктөн согуштук учактар көп керек болуп жатканын айтты.

Соңку эки түндө Россия Украинага дрондор жана ракеталар менен масштабдуу чабуул койду, натыйжада бир нече адам курман болуп, өлкөнүн ар кайсы райондорунда электр өчтү.

Мындай чабуулдар Москванын согушту токтотуу ниети жок экенин көрсөтөт дейт Зеленский: «Эгер алар (тынчтык сүйлөшүүлөрүн) кааласа, анда 230 аба соккусун жасамак эмес».

Бирок украин армиясы Курск областына басып киргенден кийин Россия Украина менен эч кандай тынчтык сүйлөшүүлөрүнө барбай тургандай түр көрсөтүүдө.

«Сүйлөшүүлөрдүн темасы азыркы учурда өзүнүн актуалдуулугун жоготту», — деп шейшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. (КС)

Украинага эң масштабдуу чабуулда жети адам курман болду

Россия дүйшөмбүдө Украинага жүздөй ракета жана дагы ошончо дрондор менен сокку урду. Соңку маалыматтар боюнча жети адам курман болду. Комбинациялык соккулардын бутасы бүт өлкөдөгү энергетикалык объектилер болгон дейт украин бийликтери.

«Бул аралаш соккулардын эң ирилеринин бири. Жүздөн ашык ар кандай типтеги ракеталар жана жүздөй «шахеддер». Россиялын мурдагы соккулары сыяктуу эле бул жолу дагы арамзалык менен жарандык инфраструктурага мээленген», — деди Зеленский.

Анын айтымында, соккулар «региондогу көп шаарларга, Харьков менен Киевден тартып Одесса менен батыш областтарына чейин болду".

«Тилекке каршы, курман болгондор бар».

Бийликтин эсеби боюнча кеминде жети адам курман болду – Волын, Житомир, Запорожье, Днепропетровск жана Харьков областтарында. Жарадар болгондор 20 адам.

Электр өчүп, көп шаарларда, анын ичинде Киевде суу алууда үзгүлтүк болууда. Россия, Рейтердин эсеби боюнча, кеминде он региондо энергетикалык жана башка маанилүү инфраструктурага чабуул койду. Башка маалыматтар боюнча - 15 регион деп айтылууда.

Украина масштабдуу чабуул

Сүрөттүн булагы, t.me/dsns_telegram

Россиянын Коргоо министрлиги 26-августта эртең менен россиялык армия «аба жана деңиз базасындагы алыска аткан куралдар менен массивдүү сокку урганын» ырастады. Ошондой эле украин аскер-өнөр жай комплексин камсыздап жаткан энергетикалык объектилерге дрондор чабуул койгону айтылат.

Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча Киев, Винница, Житомир, Хмельницск, Днепропетровск, Полтава, Николаевск, Кировград жана Одесса областтарындагы электрподстанциялар бутага алынды.

Россиянын бийлиги ошондой эле украин дрондору авиабаза жайгашкан Саратов жана ага коңшу Энгельске учуп келгенин кабарлады.

Россия марттан баштап Украинанын энергетикалык системасына сокку урууну күчөттү. Президент Путин бул чабуулдарды украин дрондору орустардын мунай заводдору менен базаларына чабуул жасап жатканы менен байланыштырган.

Украинага жаңы массивдүү соккулар украин аскери Курск областына чабуул коюп жаткан учурга туура келди.

Украин премьер-министри Денис Шмыгаль касташкан тарап «ар кандай түрдөгү курал колдонгонун билдирди: Дрондор, канаттуу ракеталар, „Кинжалдар“.

Украинанын ЖМКларындагы кабарларга караганда, Киев гидроэлектрстанциясы соккунун алдында калды.

«РБК-Украина» басылмасы дезинформацияга каршы туруу борборунун башчысы Андрея Коваленконун мындай сөзүн келтирди: «Киев ГЭСинин дамбасына коркунуч жок. Аны ракета менен талкалай албайсың. Херсон менен салыштырууга болбойт — ал жакта ичинен жырылган. Россиялыктар дүрбөлөң салыш үчүн бул теманы көбүртүп жатат».

Областтык аскердик администрация Киев областында эки энергетикалык объект бузулганын кабарлады, бирок кайсы экенин айткан жок. Андан сырткары, асмандан атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары түшкөн 22 үй зыянга учурады.

Шаардагы эл метрого жашынды. Жалпысынан асман коркунучу сегиз жарым саатка созулду.

Украинанын баш калаасында кыйроолор жок, бирок Киев менен башка шаарларда электр менен суу алууда үзгүлтүк болууда.